САЯСИЙ ПРОГРАММА

Добавил | 17.06.2022

САЯСИЙ ПРОГРАММА – саясий партиялардын ишмердүүлүгүнүн негизги жоболорун жана максаттарынын кыска же  деталдык баяндалышы. Программа берилген коомдун ишмердүүлүгүн багыттаган жалпы жоболору, б. а. партиянын  платформасы менен аныкталат. Партиянын С. п-лары стратегиялык жана тактикалык болот. Биринчилери саясий  платформа аныктаган жалпы, көбүн-чө абстрактуу баалуулуктар жана максаттардын, аларга жетүүнүн каражаттарынын  жыйындысын көрсөтөт. Тактикалык программалар берилген партияны бийликке алып келе турган ураандардын  жыйындысы катары курулат. Саясий партиялардын кээ бири үчүн С. п. мамлекетти коомдун, инсандын өнүгүүсү үчүн  ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу үчүн берилген партиянын сунушу болуп эсептелет. Ошол эле мезгилде С. п.  атаандашынын ураандарын ишке ашпастыгын же анын бийликте турган учурдагы ишмердүүлүгүнүн терс натыйжасын  чагылдыруунун каражаты болуп эсептелет. Эреже катары, С. п-га шайлоодо жеңүүнүн натыйжасында партия иш жүзөгө  ашырууга умтулган, ал тарабынан жарыяланган баалуулуктардын жыйындысы кирет. Жалпы программанын айрым  бөлүктөрү шайлоо компаниясынын деңгээлине же партиянын алдындагы милдеттерге (мис., бийликти сактап калуу)  карата конкреттештирилет. Коомдук турмуштун жеке проблемаларына көп көңүл бурулган (АКШдагы Республикалык  жана Демократтык партиялардын шайлоо компаниялары жана программалары). Программада жарыяланган партиянын  максаттары жана милдеттери бийлик структураларындагы анын өкүлдөрү тарабынан аткарылууга милдеттүү. Бирок иш  жүзүндө ар дайым партиянын программасы менен анын ишмердүүлүгүнүн дал келбөөчүлүгү байкалат. Себеби, бийлик  системаларындагы партиянын функциялары кандайдыр бир өлчөмдөгү автономияга ээ же болбосо жарыяланган  идеяларды ишке ашырууга, милдеттерди чечүүгө, берген сөздөрүн аткарууга күчү жетишсиз. Дагы бир себеп бар:  объективдүү шарт менен аныкталган программалардын жана ишмердүүлүктүн саясий инверсиясы. Мына ушундай  инверсиялык муктаждык менен 80-ж. социал-демократтык багыттагы саясий партиялар кагылышкан Италия, Франция,  Испания социалисттер шайлоодо жеңип чыгышып, өкмөттү түзүшкөн же башка күчтөр менен бирдикте өкмөттү  башкарган (Италия). Бардык учурларда партиялар шайлоолорго эталитардык-этатисттик жана дирижисттик  принциптерде түзүлгөн социалдык-демократтык программалар менен барышкан. 70-ж. ортосунан тартып жыйынтыктап  жалпы жыргалчылыктын мамлекети деп аталган коомдук өнүгүүнүн моделинин кризиси байкала баштады. Бул кризис  чыгашалар менен жүктөлгөн мамлекеттик структуралардын, согуштан кийинки моралдык-этикалык жана маданий  баалуулуктардын кризисин, пайдасыз мамлекеттик сектор менен оордолгон экономикадагы төмөндөөнү билдирет.  Натыйжада белгилүү эгалитардык-этатисттик программалары менен шайлоодо жеңген саясий партиялар тарабынан  түзүлгөн өкмөттөр алардын программалык көрсөтмөлөрүнө мазмуну боюнча каршы болгон неоконсервативдик ыкмалар  менен аракет кылганга мажбур болушкан. Жеңген партиялар өзүлөрүнүн программаларын ишке ашырууга аракет  кылышкан өлкөлөрдө да (Франция, Испания), объективдүү шарттар аларды «консервативдик революция» менен  башкарууга мажбур кылган Италияда социалисттер башында турган өкмөт өзүлөрүнүн принциптерин ишке ашырууга  аракет да жасаган жок. Бул инверсиянын жана өздүк программаларынан баш тартуунун натыйжасында партия адаттагы  шайлоо массасынын ишенимин жоготот да, шайлоолордо жеңилишет (Франция), же жаңы электоратка ээ болот  (Испания, 1993-ж. шайлоо). С. п. тигил же бул партиянын бийликке келүүсүнүн каражаты катары карасак болот. Себеби  саясий лидерлердин жана алар баштаган уюмдардын прагматизми зор мааниге ээ.