САЯСИЙ ПРОЦЕСС

Добавил | 17.06.2022

САЯСИЙ ПРОЦЕСС – белгилүү саясий максаттарга жетүүгө умтулган социалдык биримдиктердин, коомдук  уюмдардын жана топтордун айрым адамдардын натыйжалуу ишмердүүлүгү; тар мааниде – саясий чечимдерди жүзөгө  ашыруу боюнча социалдык субъекттердин ишмердүүлүгү. С. п. коомдун саясий системасынын чегинде, регионалдык,  глобалдык масштабдарда кулач жаят. Коомдун ичинде С. п. мамлекеттик деңгээлде, администрациялык аймактык  райондордо, шаарларда жана айыл-кыштактарда; түрдүү улуттар, таптар, социалдык-демографиялык топтор, эмгек  коллективинин арасында, бул же тигил саясий партиялар жана коомдук уюмдарда иш жүзүнө ашырылат. С. п-те түрдүү  факторлор өз ара аракеттенишет. Натыйжада, саясий сферада өзгөрүүлөр жүрөт. С. п. салыштырмалуу өз алдынчалык  менен айырмаланат. Бирок акырында экономикалык структура, мамлекеттик түзүлүш коомдогу социалдык-саясий  мамилелер менен тыгыз байланышта болуп, алардан таасир алып турат. С. п-тин негизги стадиялары аны  конституциялоодон баштап кийинки реформалоого чейинки саясий системанын өнүгүүсүнүн динамикасын чагылдырат.  С. п-тин башкы мазмуну саясий жана башкаруучулук чечимдеринин даярдалышы, кабыл алынышы, зарыл болгон  оңдоосу, турмушта иш жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө социалдык жана башка көзөмөлдөө менен байланышкан. Бүгүнкү  күндөгү С. п. түрдүү тарыхый шарттарда жана өлкөлөрдө, анан субъекттеринин ишмердүүлүгүнүн бул же тигил  стадиясында бирдей эмес көрсөткөн бир катар жалпы милдеттер менен мүнөздөлөт. С. п-тин ичинде революциячыл жана  реформачыл башталыштардын; массалардын аң-сезимдүү, тартипке келтирилген, стихиялуу жана спонтандык  аракеттери, өнүгүүнүн жогорулоо жана төмөндөө тенденцияларынын өз ара байланышы жана чырмалышы байкалат.  Коомдун татаалдашуусу жана демократташтыруусу менен саясаттын структурасы, механизми, формасы, ишке ашыруу  каражаттары жана ыкмалары түрүн өзгөртөт. С. п-те өткөнгө караганда өкүлдүк социалдык катмарлар жана кыймылдар  активдүү катышышат, анын ичинде саясий партиялар, армия, студенттер жана жаштар, улуттук уюмдар, конфессиялар,  колдоо көрсөтүү жана басым көрсөтүү топтору, чыгармачылык союздар. С. п. үчүн өнүгүүнүн диалектикалык  каршылаш тенденциялары: эски менен жаңы, кайра кайрылууга мүмкүн болбогондук, аягына чейин бүтпөгөндүк,  багытталгандык менен алдын-ала айтуунун мүмкүн эместиги; туруктуулук менен өзгө-рүлмүүлүк мүнөздүү. С. п-тин  өнү-гүүсү коомдук күчтөрдүн кубаттуу куралы, бардык социалдык кыймылдарда система түзүүчү звеносу катары  саясаттын жана саясаттагы мазмундуу элемент саясий бийликтин ролунун жогорулашын көрсөтөт. Ошол эле убакта  айрым өлкөлөрдүн ичинде С. п-не тышкы фактор, дүйнөлүк саясий жана чарбалык мамилелер менен байланыштар, эл  аралык мүнөздөгү экономикалык, саясий, согуштук-стратегиялык ж. б. реалиялардын жыйындысы маанилүү таасир  тийгизет. Мында күч алып жаткан интеграциялык процесстер, экономикалык жана социалдык-саясий турмуштун  интеграцияланышы, элдердин жана мамлекеттердин кызыкчылыктарынын жана максаттарынын пайда болуп жаткан  биримдиги өзүлөрүн көрсөтүүдө. С. п-тин типологиясы, анын критерийлеринин орун алышы, азыркы абалы менен  өнүгүүдөгү келечегин баалоо ири социалдык биримдик жана айрым адамдардын экономикалык жана саясий талаптарын  жана кызыкчылыктарын канааттандыруу эки түрдүү: инсанды мамлекеттен жана мамлекетти граждандык коомдон  четтетүүгө жетишүү менен тыгыз байланышкан.