САЯСИЙ САЛТТАР

Добавил | 17.06.2022

САЯСИЙ САЛТТАР (лат. traditio – берүү, уламыш) – саясий мурастын элементтери; муундан муунга өткөн жана жаңы  шарттарга ылайык келген жактары менен чыныгы саясий процесске камтылган идея, норма, мекемелер менен  чагылдырылат. Анын жардамы менен саясий тарыхта байланыш, улантуучулук болот. Бирок бул процесс каршылаш  жана татаал жолду басып өтөт. Саясий үстөмдүккө жетишкен жаңы таптар өзүлөрүнөн бийлиги анын негизги  атрибуттары жана бийлик структураларынын ишмердүүлүктөрүн өзүлөрүнүн кызыкчылыгына жооп бергендей мазмуну  менен орнотушат. Өткөндөн эмнени алышаары – учурдагы өзгөрүүлөрдүн социалдык-саясий мүнөзү менен байланышта  болот. Өтө радикалдуу кайра түзүүлөр эски идеяларга, нормаларга, мекемелерге аз орун калтырышса, мээлүүн  радикалдар аларды либералдаштыруу жана модернизациялаштыруу жолунда болушат.

Социалдык кайра куруулардын  бардык түрлөрүндө эреже катары, эл тарабынан анын көп кылым аркалаган тарыхында жаратылган жалпы адамзат  баалуулуктары менен байланышкан С. с. сакталып калат. Россиянын элдеринин патриоттук салттары бардык  бурулуштарда жана өзгөрүүлөрдө мамлекеттик курулушка терең таасирин тийгизген. Европа элдеринин демократтык  салттары континенттеги көп сандаган революцияларда маанилүү ролду ойногон. Реакциячыл режимдер (мис., гитлеризм)  бул салттарды четке каккан. Өз учурунда алардын жеңилүүсүнө зор өбөлгөлөрдү түзгөн. Биздин өлкөдө демократтык С.  с. керек деңгээлде өнүгө алган эмес. Жалпы адамзаттык баалуулуктарды колдонуу менен аларды кайрадан жаңыртып  түзүп чыгуу керек. КМШ өлкөлөрүндө саясий мамилелердин демократташтыруу, алардын көз карандысыздыгын  жарыялоо жолу менен башталды. Бул болсо өз учурунда С. с., анын ичинде улуттук символиканын, кээ бир тарыхый  мамлекеттик жана коомдук структуралардын кайра жаралуусу менен коштолгон. Бирок падышачылыкты камсыз кылып  турган феодалдык-буржуазиялык коомдун идеялары менен мекемелерин бийлик менен толук өлчөмдө эл пайдалануучу  жаңы шарттарга механикалык түрдө жайгаштыруу, ыңгайлашуу саясаты, б. а. гумандык, адилеттүү коомду түзүү үчүн  оптималдуу жолдорду жана каражаттарды издөө эмес, тууроо саясаты болуп калат. Өткөндүн саясий формалары куруучу  да, бузуучу да ролду ойнойт. Элдин жыргалчылыгына аракет кылуучулары пайдаланууга татыктуу. Бизде өзүлөрүнүн  кызыкчылыктарын коргоо үчүн үстөмдүк кылуучу элита тарабынан эмес, элдин жаратуучу чыгармачылыгы тарабынан,  коомдук уюмдардын саясий партиялардын жана инсандардын, айрыкча саясий реформаторлордун ишмердүүлүгүнүн  натыйжасында жаралган ушундай формалар жок эмес.