АБДРАХМАН АПТАБАЧЫ

Добавил | 17.06.2022

АБДРАХМАН АПТАБАЧЫ – кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү, мамл. ишмер ж-а кол башчы.
Мусулманкул миң башынын уулу. 1845-ж. 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы м-н такка
олтурган. Мусулманкул хан тукуму м-н туугандашуу үчүн кызын Кудаяр ханга турмушка берген. Ошол
кездеги жаш Абдрахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр м-н
теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-ж. Кудаяр хандын буйругу м-н өлтүрүлгөндүгүнө, көз алдында кыпчак
туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык м-н жөнөкөй «аптабачылык» кызматтан
(хан колуна суу куюучу бала) ордодогу негизги бийлик – миң башылыкка чейин жеткен. А. а. зордук-зомбулук,
алдым-жуттумга аралашкан эмес. Өзүн сак кармап, ажылык такыбалыгын так аткарган киши болгон. 1870-
жылдардын башында ал кыргыз бийлери м-н байланышып, Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Аптабачы
лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы ж-дө кат жазган.
Натыйжада, лейлектиктер кокон хандарынын Кожент ш-нда жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин
уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн. Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 паңсаттын
башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол
мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын
сунушу б-ча Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан. 1873–74-ж. ал Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн
Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшчүлөрүнө каршы
турган (к. Искактын 1873–74-жылдардагы Аксы көтөрүлүшү). Бирок, 1875-жылдын августунан баштап ал
Россия баскынчылыгына каршы күрөшкө чыгып, Кокон хандыгын сактап калуу үчүн Полот хандын элдикбоштондук кыймылына жигердүү катышкан. Россия баскынчылыгын токтотуп калууга көзү жетпеген А. а.
1876-ж. январдын акырында М. Д. Скобелевге Анжияндан 8 чакырым түштүктө турган Индукыштакта
багынып берген. А. а. м-н кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий ж-а бектер, 400 жигит
багынган. Аптабачы Ички иштер министринин чечими м-н Екатеринбург ш-на жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль
көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-ж. 1-январдагы буйрук м-н орус падышачылыгы А. а-га
милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-ж. 25-февралда
Абдрахман Мекеге барууга уруксат сурап, борб. бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй,
1881-ж. 25-майда көз жумган.