МОГОЛСТАН

Добавил | 17.06.2022

МОГОЛСТАН – Чагатай улусунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө 14-к-дын орто ченинде түзүлгөн өз алдынча мамлекет. Чыңгыз хандын империясы түзүлгөндөн тартып, моңголдордун башкаруучу ж-а аскердик төбөлдөрү бири-бирине каршы эки топко бөлүнүшкөн. Алардын бир бөлүгү (Чагатай, Күйүк, Барак) моңголдордун турмуш-тиричилигин, салт-санаасын ж-а жашоонун көчмөн образын тутунушкан. Алар отурукташкан аймактардын калкын талап-тоноонун эсебинен күн көрүүнү ж-а шаарларды кыйратып, жайыттарга айландырууну көздөгөн. Экинчи топтогулар (Мунке, Масудбек, Кебек) борборлошкон хандык бийликти орнотууну, а. ч-н, кол өнөрчүлүктү, шаарларды өнүктүрүүнү колдошкон ж-а талап-тоноого каршы болушкан. Биринчи топтун жактоочулары Чагатай улусунун түндүк-чыгышындагы Жетисууда, экинчиси – Мавераннахрда жайгашкан. 14-к-дын 1-жарымында аталган карама-каршылыктардын күч алышынан Чагатай улусунун аймактары ичара бөлүнүп, өз алдынча эки мамл-тин түптөлүшүнө негиз түзүлгөн. 1346-ж. Чагатай улусунун акыркы ханы Казаган өлтүрүлгөндөн кийин Мавераннахрда түрк эмиринин бир канча майда ээликтери түзүлгөн. Чагатай улусунун чыгыш бөлү-гүндө Моголстан мамл. бирикмеси калыптанып, дуулат эмири Пулатчынын чагатай тукуму деп саналган Тоглук-Темирди 1348-ж. Аксу ш-нда тактыга олтургузушу м-н башталган. Мавераннахрдын калкы мурункудай чагатайлар деген атын сактап калган, ал эми М-дын көчмөндөрү өзүлөрүн жергиликтүү тилде могол, моголдор деп атап калышкан. М. мамл. Чагатай хандарынын мурунку ордосу Алмалык ш-н байтакты кылган. Анын аймагы Мухаммед Хайдардын маалыматы б-ча узунунан да, туурасынан да жети-сегиз айчылык жолду талап кылган. Чыгышында ал калмактар тараптагы Баркөл, Эмил ж-а Иртыш; түндүктө – Көкчө-Теңиз (Балхаш), Бум-Лишен ж-а Каратал; батышта Түркстан ж-а Ташкен; түштүктө – Фергана, Кашкар, Чалыш ж-а Турпан облус-тары м-н чектелген. М-дын түштүк-батышы «Маңглай-Субе», («Маңдай тарап», «Күнгөй тарап») деп аталган ж-а ал дуулат эмирлеринин ээлиги катары Фергананын чыгышы, Чыгыш Түркстандын батыш бөлүгүн ж-а түндүктө Ысыккөлгө чейинки жерлерди камтыган. Мамл-тин чектери ар кандай тарыхый жагдайларга жараша өзгөрүлүп турган. Тоглук-Темирдин учурунда анын карамагына Маңглай-Субе, Чыгыш Түркстан, Теңиртоо, Жетисуу ж-а Жуңгария кирген. М. мамл. 16-к-дын башында экиге бөлүнүп кеткен. 1514-ж. Султан Саид хан М-дын түндүк бөлүгүнөн ажыраган ж-а Чыгыш Түркстандын түштүк-батыш бөлүгүн (борбору Яркенд) гана башкарып калган. Чыгыш бөлүгүндө анын бир тууганы Мансур хан (борб. Аксуу) кожоюндук кылган. Ушул мезгилде саясий аренага Мухаммед Кыргыз башында турган кыргыздар чыккан. Соңку тарыхый окуялар, кыргыздардын М-ды толук ээлеши, алардын ички чарбалык ж-а этностук байланыштарынын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп, өз алдынча мамлекет-түүлүгүнүн түптөлүшүнө алып келген.