САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШ

Добавил | 17.06.2022

САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШ саясаттын объектисинин жана субъектисинин уюштурулушунун биримдиги. Бийликти ишке  ашыруу саясаттын субъектисинин уюштурулушунун гана эмес, анын структураларынын өлкөнүн аймагы боюнча  жайгашуусун болжолдойт. Бул үчүн саясаттын объектиси ылайык келген бийлик жана башкаруу органдары менен  уюштуруу деңгээли боюнча бөлүштүрүлөт. Башында мындай бөлүү эзилген элди бөлүктөргө бөлүп, баш ийүүдө кармап  туруу үчүн зарыл болгон. Натыйжада адамдар саясий мамиледе тигил же бул аймакка тиешелүүлүгү менен гана чектелип  калышкан. Өлкөнүн аймагында бийлик структураларынын жайгашуу мүнөзүнө жараша коомдун саясий түзүлүшү:  унитардык, бийлик органдары социалдык уюмдашуунун жогорку деңгээлинде болот, ал эми калгандарында башкаруу  органдары гана; федеративдик, ар бири өзүнүн бийлик органдарына ээ, эркин мамлекеттердин союзу. Ошол эле учурда  федералдык саясий структуралар да түзүлөт. Союздук мыйзамдар федерациянын бардык аймагында аткарылууга  милдеттүү. Анын субъекттери (штаттары, контондор, провинциялар, республикалар) эреже катары өзүнүн  конституциясына, мыйзам чыгаруу органдарына, өкмөткө, өздүк укуктук жана соттук системаларга ээ;  конфедеративдик, конфедерацияны түзгөн өлкөлөр толук көз карандысыздыкты сакташат, мамлекеттик бийликтин жана  башкаруунун өздүк органдарына ээ. Конфедерация чегинде белгилүү максатта аракеттерди координациялоо үчүн  бириккен уюмдар түзүлөт (мис., аскердик, тышкы саясий ж. б.). Администрациялык-аймактык бөлүштүрүү материалдык  өндүрүштүн объективдүү талаптары менен шартталган. Администрациялык бирдиктердин чек аралары эмгектин  коомдук бөлүштүрүлүшүнүн чек аралары менен аныкталган. Эгерде кул ээлөөчүлүк мамлекеттерде ирригациялык жер  айдоочулук суу ресурсун бүткүл дарыя агып өткөн өрөөндө пайдалануусун талап кылган. Бул акырында коомдук  турмушту монархтын жеке бийлиги менен унитардык уюштурулушуна алып келген. Феодализм доорунда натуралдык  чарбанын үстөмдүк кылышы эрте феодалдык мамлекеттерди феодалдык ээликтердин конфедерациясы кылып  уюштурган. Феодалдык ээликтерде феодал анын аймагында жашаган калкка карата кожоюндун ролун ойногон.  Шаарлардын пайда болушу феодалдык чарбалардын үстөмдүк кылышын токтоткон. Себеби шаарлардын болушу  өлкөнүн түрдүү бөлүктөрүнүн ортосундагы экономикалык байланышка жол салган. Объективдүү зарылчылыктын  таасири менен бийлик структурасы бара-бара феодалдык ээликтерден социалдык уюштуруунун жогорку деңгээлине өтө  баштаган. Феодалдык ээликтердин конфедерациясынын ордуна саясий турмуштун унитардык уюштурулушу келди.  Пайда болуп келе жаткан буржуазия эркин рыноктук атаандаштыктын талаптарына жол берген С. т-кө муктаж болгон.  Ошондуктан анын ички байланышы өнүккөн сайын, атаандаштык үчүн экономикалык мейкиндик кеңейе берет. Бирок,  эски тартипти революция менен бузуу аркылуу эмгекчилерди өзүнө каршы күрөшкө чыгарып алуудан коркуп, буржуазия  эскини бузбастан, аны өзүнүн кызыкчылыгына ыңгайлаштырууну туура көргөн. Капитализм өзү менен С. т-төрдүн көп  түр-дүүлүгүнө алып келген; Алар унитардык монархиялар жана федератициялык жана конфедерациялык республикалар  болгон. Федерация абдан кеңири жайылууга ээ болгон. Тарыхый биринчи буржуазиялык федерация катары АКШ  эсептелет (1787-ж. конституциясы боюнча). Унитардык монархия, кийин республиканын мисалы болуп Франция  эсептелет. Ал эми конфедерация болсо өткөн мезгилдер менен кошо артта калган, себеби: азыркы мезгилдеги эмгектин  коомдук бөлүштүрүлүшү кеңири саясий мейкиндикти талап кылат. Жада калса Швейцарияда да конфедерациялык  түзүлүш атын гана сактап, федерация болуп калган (1848-ж.). Эгер социалдык-жиктелген коомдордо уюштуруунун  жогорку деңгээли гана бийлик полномочиелерине ээ болсо, социалдык интеграцияланган коомдо – төмөнтөн жогоруга  чейинки бардык деңгээлдери бийлик органдарына ээ. Дал ушуну менен укуктук мамлекет менен граждандык коомдун  интеграцияланышы камсыз кылынат. Ал болсо элдин бийликтен четтетилишин жоюуга мүмкүндүк берет. Тарыхый  мындай интеграция администрациялык бөлүнүштүн эски негизинен баш тартуусун талап кылат. Өлкөнүн чарбалык жана  администрациялык бөлүнүүсүнүн биримдиги борбордо жана жер-жерлерде бийликти камсыз кылууга багытталган.