Студенттердин «автобусу»

Кошкон | 28.07.2017

«1315» номерлүү «Жигули» маркасындагы машине студенттерди толтура тыгып алып чоң жолдо бара жаткан. Кичинекей машинедеги тогуз башты байкап калган арттагы МАИ кызматкери машинесинин микрофону менен «1315 номерлүү «автобустун» айдоочусу, жолдун четине чыгып токтоңуз» деп айтат.

Жигулинин айдоочусу номер аныкы экенин баамдайт, бирок эмне үчүн «автобус» деп айтып жатканын кечирээк түшүнөт. «МАИ кызматкери тамашөкөй болсо керек». Антсе да токтоого мажбур болот. Кичинекей машинеден арты-артынан чыгып жатып тогуз студент чыгат. «Автобустун» айдоочусуна жылмайган сержант жакын келип, эринбестен ар бир студентти санап чыгып минтип айтат «Каап, тогузооңор эле отуруп алыпсыңар да. Эгер онооңор болгонуңарда дароо коё берет элем». Ошол жерден айдоочунун жүзүндө жылмаюуу пайда болот. Кубанып, машиненин багажнигин ача салып «мынакей» деп онунчу студентти көрсөткөн экен.

Айтылган сөз — атылган ок. МАИ кызматкери аргасыздан «автобусту» коё бериптир.

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ)





Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *