Оригиналдуу окуу жай

Банкок университетинин жетекчилиги студенттин окууга болгон мамилесин, жана окуу процесстерин өзгөртүүнү карап чыгышкан. Студенттин сабактан качпашы үчүн, «Supermachine Studio” дизайн студиясы окуу имараттарын түстүү креативдик стилде жасалгалап чыгышкан. Жетекчилик, мындай кооз имараттан эң жалкоо жана качкын студенттер да качпайт, деп үмүттөнүүдө.

Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү

Гарварддын беш студенти биринчи жолу космоско гамбургер жөнөтүшүп, мурда эч качан болуп көрбөгөн эксперимент кылышты. Алар бул «Скайфолл» деген аталыштагы экспериментти баштан аяк камерага тартып алышып Интернетке жүктөшкөн. Студенттер кадимки эле гамбургерди Массачюсетс штатынан бир канча күн мурда сатып алышкан жана эксперимент болгонго чейин гамбургер катуу абалга келген. Гамбургер шамалга туруштук берүү үчүн спрей чачып, процессти чагылдыруу үчүн… Калганын окуу »

Дүйнөдөгү эң жаш студент

2012 жылдын ортосуна карата дүйнөдөгү эң жаш студент болуп Танишк Абраам саналат. Танишк 2 жылдан бери (2010)  American River College дин  «Палеонтология жана астрология» факультетинде ийгиликтүү илим алып, бакалавр даражасын алууга ишенимдүү бара жаткан кези. Университетке 7 жашында, жалпы-федералдык интеллектуалдык тестти «мыкты» деген баага берген соң кабыл алынган. АКШнын мыйзамы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн мектептик аттестатты жана жашы 16 жеткендигин… Калганын окуу »

Сорбонна — Франциянын эң беделдүү университети

Бир канча кылымдардан бери Франциянын эң кадыр-барктуу, беделдүү университети болуп Сорбонна саналат. Бул мыкты окуу жайда Мария жана Пьер Кюри, Андре Бретон жана Марина Цветаева ж.б. белгилүү адамдар билим алышкан. Университеттин тарыхы 800 жылды чапчыйт, алгач жөн гана колледж катары иш алып барган. Тез убакыттын ичинде университеттин факультетине айланган. Так ушул жерде Париждеги алгачкы типография жана атайын ылайыкташтырылган китепкана ачылган. XVII кылымда… Калганын окуу »

Кызык ачылыш

Агнляилык увниерситетитн излидөөчлүөрү кыкызтуу алычыш жашасты. Аладырн излдиөөсү бюноча сөзөдгү тагмаладрын оурн ашылы сөгзөкөп деле тааиср эптейт. Бакышсы, бининрчи жана акыкры тамлагар орндуда касла бодлу. Ал эми каглан тагмалар каагаландай жайшага бесре боолт жана бул сөрдөздү оуукда токсоодлуктадры жараптайт. Муунн себбеи, көсрө биз ар бир тагманы өзүчнөокбуатсан сөдзү тогулу мнеен окуагнызыбда экен. Мныа кзыык!

Шайыр мугалим

Көп жыл мурда, Новосибирск университетинде окуп жүргөн учурум. Бизде сыйлуу, көптөгөн наамдары бар агай бар эле. Бирок канчалык кадыр-барктуу, канчалык «чоң адам» болбосун, ал ошончолук шайыр, ошончолук көңүлдүү жүргөн мугалим болчу. Ал агай жөнүндө студенттер көп күлкүлүү учурларды айта турган. Бир жолу мен дагы андай учурга күбө болдум. Баардыгыбыз экзаменде отурганбыз. Шпаргалкадан көчүрүү эч мүмкүн эмес эле, анткени… Калганын окуу »

Экзаменде «Морзе алиппеси»

Биздин универде ушундай окуя болгон. Экзамен… Баардыгыбыз билет алып, жазып, даярданып отурабыз. Мугалим болсо отуруп алып эле ручка  менен партаны тыкылдатып аткан. Бир топко чейин ушинтип тыкылдатып отурду. Бир маалда 3 студент ордуларынан туруп, мугалимге зачеткасы менен барышты. Мугалим аларга «5» коюп, студенттер аудиториядан чыгып кетишет. Көрсө, мугалим партаны тыкылдатып «Морзе алиппеси» менен «Ким 5 алгысы келсе, зачеткасы… Калганын окуу »

«Көзү жок, буту жок»

Бул окуя 60-жж. Ленинград университетинин механика-математика факультетинде болгон. Эки мугалим, биринин бир буту протез, экинчисинин бир көзү жасалма, экзамен алып отурушкан. Бир маалда буту протез мугалим жумуштар менен сыртка чыгып бара жатса, экинчи мугалим тамашалап «Бол батырак барып кел. Бир бутуң бул жерде, экинчи бутуң тигил жерде болсун», деп күлсө, анда буту жок мугалим «Макул. Сен да бул… Калганын окуу »

«Силерде боор барбы?»

Досум айтып берген окуя. Алардын университетинде чооң аудиториялар бар. Ал жерде парталар тепкич-тепкич болуп көтөрүлүп, аягы парталар бийик жерде болуп калат. Мындай аудиторияларда эки эшик жайгашкан, бири алдында — жапыз жеринде, экинчиси артында — бийик жеринде, жана бул эшиктер эки башка кабатка чыгат. Бир күнү лекция убагында бир студент эң артта уктап жаткан. Ошол убакта мугалимдин боору түгөнүп… Калганын окуу »

«Декан түшкө кирип…»

Владивосток университетинин физика факультетинин жатаканасында болгон окуя. 8 ноябрь. Эртең менен. (7 ноябрь – Жаштар күнү белгиленген.) Бөлмөлөрдүн эшиктери чыгуучу узун коридордо, комиссия менен чогуу декан, жатакана боюнча экскурсия кылып келе жаткан. Бир убакта коридордун ортосунда уктап жаткан студенттин башы көрүнөт (денеси бөлмөдө, башы коридорго чыгып калган экен).  Декан комиссия менен чогуу басып келип, бутунун учу менен студентти ойготот.… Калганын окуу »