Оригиналдуу окуу жай

Банкок университетинин жетекчилиги студенттин окууга болгон мамилесин, жана окуу процесстерин өзгөртүүнү карап чыгышкан. Студенттин сабактан качпашы үчүн, «Supermachine Studio” дизайн студиясы окуу имараттарын түстүү креативдик стилде жасалгалап чыгышкан. Жетекчилик, мындай кооз имараттан эң жалкоо жана качкын студенттер да качпайт, деп үмүттөнүүдө.

Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү.

Гарварддын беш студенти биринчи жолу космоско гамбургер жөнөтүшүп, мурда эч качан болуп көрбөгөн эксперимент кылышты. Алар бул «Скайфолл» деген аталыштагы экспериментти баштан аяк камерага тартып алышып Интернетке жүктөшкөн. Студенттер кадимки эле гамбургерди Массачюсетс штатынан бир канча күн мурда сатып алышкан жана эксперимент болгонго чейин гамбургер катуу абалга келген. Гамбургер шамалга туруштук берүү үчүн спрей чачып, процессти чагылдыруу үчүн… Калганын окуу »

Дүйнөдөгү эң жаш студент

2012 жылдын ортосуна карата дүйнөдөгү эң жаш студент болуп Танишк Абраам саналат. Танишк 2 жылдан бери (2010)  American River College дин  «Палеонтология жана астрология» факультетинде ийгиликтүү илим алып, бакалавр даражасын алууга ишенимдүү бара жаткан кези. Университетке 7 жашында, жалпы-федералдык интеллектуалдык тестти «мыкты» деген баага берген соң кабыл алынган. АКШнын мыйзамы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн мектептик аттестатты жана жашы 16 жеткендигин… Калганын окуу »

Сорбонна — Франциянын эң беделдүү университети

Бир канча кылымдардан бери Франциянын эң кадыр-барктуу, беделдүү университети болуп Сорбонна саналат. Бул мыкты окуу жайда Мария жана Пьер Кюри, Андре Бретон жана Марина Цветаева ж.б. белгилүү адамдар билим алышкан. Университеттин тарыхы 800 жылды чапчыйт, алгач жөн гана колледж катары иш алып барган. Тез убакыттын ичинде университеттин факультетине айланган. Так ушул жерде Париждеги алгачкы типография жана атайын ылайыкташтырылган китепкана ачылган. XVII кылымда… Калганын окуу »

Кызык ачылыш

Агнляилык увниерситетитн излидөөчлүөрү кыкызтуу алычыш жашасты. Аладырн излдиөөсү бюноча сөзөдгү тагмаладрын оурн ашылы сөгзөкөп деле тааиср эптейт. Бакышсы, бининрчи жана акыкры тамлагар орндуда касла бодлу. Ал эми каглан тагмалар каагаландай жайшага бесре боолт жана бул сөрдөздү оуукда токсоодлуктадры жараптайт. Муунн себбеи, көсрө биз ар бир тагманы өзүчнөокбуатсан сөдзү тогулу мнеен окуагнызыбда экен. Мныа кзыык!

Анда короочу болмокмун

Бир адам Майкрософт компаниясына короочу болуп иштөө үчүн келет. Кадрлар бөлүмүндө ал бир топ суроолорго жооп берип, кагаздарды толтуруп, акыры ишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ага: — «Сиз жумушка алындыңыз. Бизге электрондук дарегиңизди таштап коюңуз, жумушка качан чыгуу керектигин билдиребиз» — дейт. —  «Менде электрондук адрес эмес компьютерим да жок»- дейт анда тигил адам. —  «Анда биз сизди жумушка ала албайбыз, себеби,… Калганын окуу »