Татаал суроо

Бир топ жашка барып калган профессор лекция окуганы бара жатып, өзүндөй чамалуу айдоочусуна айтат: «Мен бүгүн мени эч ким тааныбаган университетте алгачкы лекциямды окушум керек. Сен мени ташып жүргөнүңө 20 жылдын жүзү болду. 20 жыл бою сен менин лекциямды угуп, дайыма эшиктин жанында мени күтүп тураар элең. Бүгүн лекцияны сен оку, мен болсо машинаны айдап, сенин айдоочуң болоюн… Калганын окуу »

Жатаканадагы «үч тамга»

Бир окуу жайга текшерүү менен комиссия келип калат. Ал убакта кеч күз болгондуктан эрте эле кеч кире турган. Бул окуу жайдын жатаканасы, вокзалдан университетке өтчү жолдо болчу. Ошол жатакананын шок студенттери сүйлөшүп алышып, комиссия өтүп бараткан убакта, баардык терезелердин жарыктарын өчүрүп, уят сөздү камтыган үч тамга көрүнүп калгандай кылып кээ бир терезелерди күйгүзүп коюууну чечишет. Комиссия декан менен келе… Калганын окуу »

Жаңы закон

Биринчи семестр. Физика сабагы боюнча сессияны убагында бере албайкалгандыктан, кийин кайтадан берип жатканбыз.  Чоң лабораториялык аудиторияда «Т» тамгасында отургучтар коюлуп, бир нече мугалимдер өз студенттеринин «карыз сессияларын» алып жаткан. Кечке сүйрөлүп, чала-була жооп берип «үч»  ала албай жатканыбызда бир студент эч жооп бере албай аябай жүдөдү. Аны сураса билбейт, муну сураса билбейт. Дөңгөч болуп отуруп берди. Акырында мугалим «зачёткасын» кучактатып кетирээрде… Калганын окуу »

Мугалимдин шпаргалкасы

Бул мугалимди баардыгы эле сыйлачу эмес. Сабактары эриктирме, жадатма болбогону менен мугалимдин «душмандарынын» сыйлабаганга шылтоосу бар эле. Ал шылтоо — мугалим ар бир сабагында кафедрага барак коюп алып,  сабактын жүрүшүндө тез-тезден очкисин кийе калып «шпаргалкасын» карап, кайра сабагын улантчу. — Баракты карап ар бир адам сабак өтө алат, — деп айрымдары тыңсынса, айрымдары — Мугалим болгондон кийин барагы… Калганын окуу »

Физикадан экзамен

Физика сабагы боюнча экзаменде мугалим менен студент кызуу талашка түшөт. Мугалим студентке «2» баасы ылайык десе, студент өзүн жогору баага ылайык билими бар экенин айтат. Экөө тең талаша берип акыры бир чечимге келишет: алар эки тарапты тең караган, адилеттүү үчүнчү адамды табышат да, экзаменде 2 мугалим жана студент болушат. Студентке «Барометрдин жардамы менен имараттын бийиктигин кантип ченөөгө болот?»… Калганын окуу »

Студенттердин «автобусу»

«1315» номерлүү «Жигули» маркасындагы машине студенттерди толтура тыгып алып чоң жолдо бара жаткан. Кичинекей машинедеги тогуз башты байкап калган арттагы МАИ кызматкери машинесинин микрофону менен «1315 номерлүү «автобустун» айдоочусу, жолдун четине чыгып токтоңуз» деп айтат. Жигулинин айдоочусу номер аныкы экенин баамдайт, бирок эмне үчүн «автобус» деп айтып жатканын кечирээк түшүнөт. «МАИ кызматкери тамашөкөй болсо керек». Антсе да токтоого… Калганын окуу »

Анда короочу болмокмун

Бир адам Майкрософт компаниясына короочу болуп иштөө үчүн келет. Кадрлар бөлүмүндө ал бир топ суроолорго жооп берип, кагаздарды толтуруп, акыры ишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ага: — «Сиз жумушка алындыңыз. Бизге электрондук дарегиңизди таштап коюңуз, жумушка качан чыгуу керектигин билдиребиз» — дейт. —  «Менде электрондук адрес эмес компьютерим да жок»- дейт анда тигил адам. —  «Анда биз сизди жумушка ала албайбыз, себеби,… Калганын окуу »