ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары В. В. Бартольд үчүн көбү басыла элек нечендеген түп нуска даректердин үстүндө чындап талыкпай иштөөнүн жылдары болуп калды, аларды үйрөнүүнүн негизинде ошол жылдары өзүнүн негизги «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң маанилүү эмгегин жараткан. Бул эмгекти 1900-ж. күзүндө ал чыгыш тилдери факультетине магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары берген. Бирок диссертация жактагандан кийин… Калганын окуу »

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ

БӨЛӨБАЛАЕВ  Осмонкул (1988, Кант р-ну  –  1967, Бишкек)  –  акын. Б. кайсыл тематикада эмнени ырдабасын,  буйдалбастан төгүп жиберген артыкчылыгы, ырларынын салмактуулугу, санаттарынын учкулдугу, төкмөлүгүнүн күлүктүгү, оюңдагыны таап ырдаган алымдуулугуу м-н Жеңижок, Эшмамбет, Барпыдай ак таңдай төкмөлөрдүн катарына кирет. Б. алгач Жаманкул, Калмырза сыяктуу ырчыларды көрүп, төкмөлүктүн жол-жобосун үйрөнгөн. Бирок, Б-ди чоң ырчы кылган устаты Калык болгон. Агасы Сүйүмбайдын көмөгү м-н дин мектебинен окуп, кат тааныган.… Калганын окуу »

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов (1901, азыркы Ысыккөл району, Чырпыкты кыштагы, — 1938) — кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936). Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу интстутунда окуган. «Эркин Тоо» гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927 — 30 жж. Кыргыз АССР эл… Калганын окуу »

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1969), Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги (1954), коомдук ишмер Т. Сыдыкбеков 1912-жылы 14-майда Ысык-Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу кыштагында туулгаы. Үч жашында атасынан айрылган Түгөлбай балалык чагында турмуштун далай кыйынчылыктарын башынан өткөрөт. Табигый таланты бар болочок жазуучу жаш кезинде эле энесинин айткан жомокторун, кошокторун кунт коюп угуп жүрүп, кат тааныгандан баштап эле адабиятка кызыгып,… Калганын окуу »

ЖЫЙЫРМАНЧЫ КЫЛЫМДЫН ГОМЕРИ

XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев  «Манас” эпосун айтып жатканда окуянын жүрүшүнө карата бир укумуштуудай обонго салып, бирде тоо дарыясындай буркан-шаркан түшүп, бирде сыдырым желдей мемиреп, бирде ботосун жоготкон ингендей боздоп, ар бир каармандын кулк-мүнөзүн кереметтүү сүрөттөп айтканына заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов убагында өтө жогору баасын берген эле. — Миң жылдаган тарыхый энчини Саякбай Каралаев баштан-аяк өздөштүрүп, баштан-аяк түгөл жат билип. Өлбөс-өчпөс төрт чыгараманын… Калганын окуу »

ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ

  Акын Шайлобек Дүйшеев Кыргызстандын Нарын облусундагы Борбордук Теңир-Тоо койнунда, Ат-Башы районундагы Ат-Башы кыштагында 1950-жылы 23-февралда туулган. 1968-жылы айылындагы орто мектепти аяктаган. 1968–1970-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970–1975-жж. куруучу мекемелерде жумушчу, бетончу, Ат-Башы райондук гезитинде кабарчы болуп иштейт. 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин (ал кезде — филология факултетинин журналистика бөлүмүн) аяктаган. Ошол эле 1980-жылдан тартып Нарын… Калганын окуу »

БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ

Бексултан Жакиев 1936-жылдын 16-январында Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1960–1962-жж. Москвадагы Сценаристтердин жогорку курсунун угуучусу болгон. 1958–1959-жж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда кыргыз тили мугалими, 1963–1968-жж. «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, 1968–1972-жж. Кыргыз ССР маданият министрлигинде, 1972–1975-жж. Кинокомитетинде редактор, 1975–1983-жж. Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин бириккен репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору, 1984–1987-жж. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда… Калганын окуу »

ТОГОЛОК МОЛДО

Тыйаншандын булагындай тунук, сонун таланттарды берген азыркы убактагы Кыргыз ССРинин Тыйаншан виллайетиндеги (облусундагы) Куланак деген жерде туулган, кыргыздын улуу акындарынан болуп саналган Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулунун) туулганына быйыл 100 жыл толуп олтурат. Тоголок Молдо деген атты жана атакты акын, өзүнүн кат таанып, билимдүү болгондугунан жана өзүнүн чыгармаларын кол жазма менен калкка таркаткандыгынан алган болучу. Акын узак өмүр… Калганын окуу »

ТОКТОБОЛОТ АБДУМОМУНОВ

АБДУМОМУНОВ  ТОКТОБОЛОТ (1922, Кемин р-ну  –  1989)  –  драматург. Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири. Кырг. Респ. иск-вого эмгек сиңирген ишмери (1972), Кырг. Респ. эл жазуучусу. А-дун ысымы м-н кыргыз драматургиясынын  өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү  күндөгү  жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде” олуттуулук м-н баяндаган.     Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө  ээ, типтештирилген каармандардын тобун жараткан. Алгачкы пьесалары: «Кумдуу чап” (1946), «Замандаштар” (1948), «Курман” (1950) ж.… Калганын окуу »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

АЙТМАТОВ  ЧЫҢГЫЗ (1928, Карабуура р-ну)  –  жазуучу. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж-а СССР мамл. сыйл. лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, иск-во ж-а адабият академиясынын анык мүчөсү  (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж-а иск-во академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысыккөл форумунун” президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б.  өлкөлөрдүн… Калганын окуу »