ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ

БӨКӨНБАЕВ Жоомарт (1910 – Кетментөбө р-ну, 1944). Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири. Жаш кезинде атасынан ажырап, өлгөндүн азабын бир тартса, өгөй атанын запкысын бир тартып, эрезеге жеткен. Окуйм деп дегдеген Жоомарт 1924–36-жылдары «Көкарт” балдар  үйүндө  тарбияланган. 1931-ж. Фрунзедеги педтехникумду, 1935-ж. Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. «Жер алган кедейлерге” деген алгачкы ыры 1927-ж. жарык көргөн. 1933-ж. «Эмгек төлү” аттуу биринчи ырлар… Калганын окуу »

АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ

БУЙЛАШ уулу Арстанбек (1824–1878, Ысыккөл өрөөнү) – кыргыздын залкар төкмө акыны ж-а ойчулу, чоң комузчу, күүчү ж-а обончу. «Замана” агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Калк ага «булбул” деген атак берген. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Атасы Буйлаш бий болгон. Бирок анын чыг-лыгында турмуш-тиричилик жагдайлары бир кыйла деңгээлде карапайым адамдардын көз карашынан чагылдырылган. А. ырчы катары 16 жашында таанылган. Кокон… Калганын окуу »

ЧОКАН ВАЛИХАНОВ

ВАЛИХАНОВ  Чокан  (1835, Казак Респ.  –  Жетикөл р-ну  –  1865) туңгуч казак илимпозу  –  этнограф, фольклорчу, тарыхчы, тилчи, агартуучу. 1847-ж. Омскидеги кадет корпусуна окууга алынып, аны 1853-ж. 18 жашында ийгиликтүү бүтүрүп, аскердик ишин Батыш Сибирге генерал-губернатордун  адьютанты болуудан баштаган. Ишине так, чынчыл, калыс, зээндүү, кеңири билимге ээ, көп тилдерди (чагатай, араб, уйгур, немец, француз) билген жаш офицер, ишенимдүү колунан көп иш келген кадр катары орус дминистрациясынын жогорку мансаптагы… Калганын окуу »

МЫРЗА ГАПАРОВ

ГАПАРОВ  Мырза (1936, Ноокат р-ну  –  2002, Бишкек ш.)  –  прозаик, драматург, кинодраматург. 1962-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 2002-ж. чейин чыг-лык ишке байланышы бар ар түрдүү  кызматтарда эмгектенген. Чыг-лык жолу 50-жылдары башталган. Г-дун алгачкы аңгемелери «Сырдуу окуя” (1956), «Бөтөн таканын изи” (1958) жазуучулук кесипке багыт алгандыгын белгилөөчү фактылык маалымат катары, ал эми анын алгачкы «Мейман” (1962) аттуу жыйнагы жазуучунун кыргыз балдар адабиятына кошкон кичине… Калганын окуу »

ӨСКӨН ДАНИКЕЕВ

ДАНИКЕЕВ Өскөн (1934-ж. т., Сокулук р-ну)  – жазуучу. Кыргыз Эл жазуучусу. 1956-ж. Москвадагы тоо-кен ин-тун бүтүргөн. Д-дин чыг-лыгынын башаты 60-жылдарга таандык. Эң  алгачкы аңгемеси «Бакир” (1961) адабий коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, жазуучунун жүзүн элге тааныткан чыгармасы  –  «Кыздын сыры” повести (1964). Чыгармада кенчилер  турмушу сүрөттөлгөн. Повесттин баш каарманы  – Жамал. Автор бул чыгармасында таекесинин колунда жүрүп, бойго жетип, инженер геологдук кесипке ээ болуп… Калганын окуу »

БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ

ЖАКИЕВ Бексултан (1936-ж. т., Тоң р-ну) – драматург, прозачы. Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кырг. Респ. иск-вого эмг. сиң. ишмери (1974). Кырг. Респ. Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1989). КМУнун филология факультетин (1958), Москвадагы жогорку сценарийлик курсун (1962) бүтүргөн. Ж. коомчулукка «Атанын тагдыры” (1959) аттуу алгачкы драмасы м-н таанылган. Анда драматург бир карыянын согуштун кесепетинен башына түшкөн оор трагедиясын… Калганын окуу »

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

ЖАКЫПБЕКОВ  Ашым ( 1935, Карабуура р-ну  –  1994, Бишкек)  –  прозаик, котормочу. 1958-ж. КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Ж-дун биринчи аңгемелер жыйнагы 1961-ж. «Жаралуу көгүчкөн” деген ат м-н жарык көргөн. Ж-дун алгачкы аңгемелеринен тартып «Теңири Манас” романына чейинки чыгармалары, котормолору аркылуу өзүн кыргыз тилинин ой-чуңкурунун, нукура улуттук кайрыктарын терең өздөштүргөн, өтө чебер уруна билген мыкты стилист жазуучу катары тааныта алган. Анын чыгармаларынын ар бир… Калганын окуу »

КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВ

ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904, Түп р-ну – 1968) – Кыргыз эл жазуучусу. Айрым маалыматтарга караганда ал 1922-ж. «Койчу” деген биринчи драмалык чыгармасын жазган. Ж-дин билимге, дүйнөнү  таанып-билүүгө  болгон  өлчөмсүз кызыгуусу ж-а китеп жазууга потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү  анын адегенде эл агартуу системасында иштеп жүргөн чагында чыгарган китептеринен байкоого болот. Мис., «Окуу китеби”, 1 жылдык (1930), «Сабатсыздар  үчүн кыргыз тилинин программасы ж-а окутуу методу” (1931), «Колхозчулар үчүн окуу… Калганын окуу »

ЖЕҢИЖОК КӨКӨ УУЛУ

ЖЕҢИЖОК (Өз аты-жөнү – Көкө  уулу Өтө; 1918)  – ырчы, төкмө  акын. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын  үйүндө  чоңойгон. Кийин ооруганда болуштун буйругу  м-н куулуп, Аксыдагы оокаттуу таякелерине барып, ошол жерде орун-очок алып, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Аксыдан Нурмолдодон таалим алып, сабатын жойгон. Акын Кыргызстан Россиянын курамында оторчулуктан ыдык көрүп жашаган чакта  өмүр кечирген. Теңсиздикке капталган карапайым калктын саясий сезими ойгонуп, оторчул саясатка нааразычылык… Калганын окуу »

ЖУСУП БАЛАСАГЫН

ЖУСУП Баласагын (болжол менен 1021 – 1090, Баласагун ш.) – орто кылымдагы Чыгыштын улуу акылманы, философ-акын. Ал дүйн. адабият казынасын «Куттуу билим” аттуу дастаны м-н байыткан. Дастанда чагылдырган жаркын идеялардын бүткүл адамзат  үчүн мааниси  өтө  зор. Ойчул-философ акындын калеминен жаралган бул дастан канча мезгил өтсө да, өзүнүн кунун жоготпой, акыйкат, адилет, ыйман, сүйүү, эрдик сыяктуу асыл сапаттарды даңктаган улуу чыгарма экендигин бышыктап… Калганын окуу »