ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ

ИБРАЕВ Эсенгул (1934-ж. т., Нарын р-ну) – акын, сатирик Кыргыз эл акыны. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген  ишмери (1994). Нарын педагогикалык окуу жайын (1952), КМУнун журналистика факультетин (1961) бүтүргөн. Ырлары, сатиралары 1952-жылдан баштап жарыялана баштаган. «Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-ж. жарык көргөн. Андан бери «Таң шоокуму» (1968), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б.… Калганын окуу »

КАСЫМ КАИМОВ

КАИМОВ Касым (1926, Талас р-ну  –  1989, Бишкек ш.)  – жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1976), КМУнун филология факультетин (1955) бүтүргөн. Чыгармалыгын 1942-ж. ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби «Соңку жолугушуу” деген ат менен1955-ж. чыккан. Бул жыйнак жазуучунун кадыресе калеми төшөлүп, дитиндеги чыгармачылык максатын эркин туюнта алган калемгер катары  көргөзгөн. «Соңку жолугушуу” (1955), «Адашуу” (1957), «Мектеп жолунда” (1958) жыйнактарында… Калганын окуу »

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, Ысыккөл р-ну – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыздар арасында кеңири белгилүү ойчул, акылман. К. реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбаган, бирок, аты легендага айланып, калк арасында Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен акылман делип үлөгөр ысымдар менен бирге айтылуучу адам. Калк арасында өзгөчө  зор кадыр-баркка ээ болгондугуна карабастан Калыгул Бай уулунун  өмүр жолу, чыгармалары ж-дө  такталган маалыматтар аз. Мунун себеби,… Калганын окуу »

СЫДЫК КАРАЧЕВ

КАРАЧЕВ Сыдык (1999, Түп р-ну – 1937, Фрунзе) – кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, прозачы жана  журналист. 1921–23-жылдарда Ташкент шаарында В. И. Ленин атн. аскер окуу жайында окуган. В. И. Ленинге арналган алгачкы ыры 1918-ж. Казан шаарында чыгуучу «Шуро” газетасында жарыяланган. Түркстан республикасында казак тилинде мезгилдүү  басма сөз чыккандан тартып, кыргыз тилинде жазууга  өткөн. Карачевдин азыркы кезде тексти табылган поэтикалык чыгармаларынын… Калганын окуу »

КЕТ БУКА

КЕТ БУКА – акын, 13-кылымда жашаган. Анын өмүр сүргөн кылымын кесе айтуунун тарыхый жана  фольклордук негизи бар. Анткени, ал Чынгыз хандын жортуулу мезгилинде жашаган. Ал жөнүндө санжыра, уламыш, күү, легенда тарыхында жана  тектеш элдердин (ногой, казак) фольклорунда ачык маалыматтар сакталып калган. Алсак, эл арасында Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучунун (Жучи)  өлгөнүн (ал 1227-ж. каза болот) табышмактуу  ыр менен Кет Бука угузуптур деген сөз бар.… Калганын окуу »

ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ

КОЖОМБЕРДИЕВ  Турар (1941, Калинин р-ну  –  1989, Фрунзе)  –  акын, котормочу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын  лауреаты (1968). КМУнун филология факультетин (1966) бүтүргөн. Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан басма сөзгө  жарыялана баштап, 1961-ж. «Көлчүктөгү  ай” деген балдар  үчүн биринчи жыйнагы жарык көргөн. Ошол китеби аркылуу эле балдардын дүйнөсүнө балдардын көзү менен караган, бала психологиясын кылдат өздөштүргөн акын адабиятка келгендигин көрсөткөн. Анын ырлары  –  поэзия менен тартылган сүрөт, уйкаштыктары жеңил жана  ойлору метафоралуу, сүрөттөөлөрү… Калганын окуу »

КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ

КОРГОЛ Досу уулу  (1882–1962, Кетментөбө р-ну) – чебер, өткүр ырчы, талантуу аткаруучу. Атасы баба дыйкан уста, мергенчи, ары чоң комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Коргол атасынын бүт күүлөрүн үйрөнүп, айтылуу Ниязалыдан да комуздун бардык жол-жобосун  өздөштүргөн. Коргол  ата-энесинен эрте ажырап көп кыйынчылыкты көргөн. Байга малай болуп, кыйын күндө  жүргөндө  башын бошотуп, эл аралатып,  өнөрүн жөндөп, көп кырлуу чоң  ырчылардан болуп калышына Токтогулдун салымы зор. Ал… Калганын окуу »

КУЙРУЧУК

КУЙРУЧУК,  Кудайберген  Өмүрзак уулу (1899, Жумгал р-ну  –  1940)  –  куудул, сынчы. Эл шайырларынын ичинен кимдин болсун бетине тайманбай сүйлөгөн өктөмдүгү, чечекейдей чечендиги, кумарды жазган куудул, анык психолог, сынчы, ырчылыгы менен башкалардан бөтөнчөлөнүп турган өнөр ээси болгон. «Куйручук” деген ысымды Байзак ыйгарган. Эки жашында энесинен айрылып, бешке чыкканча «куу далы”, «итий” болуп, жетиге чыкканча «бечел” болуп баспай, ар кимден көп кагуу жеп,  өнөрү  эрте калыптанган. Куудулдук,… Калганын окуу »

КУМАР УУЛУ БАЛЫК

КУМАР  уулу Балык (Бекмурат) (1799–1887, Кетментөбө  өрөөнү) –19-кылымда жашаган легендарлуу улуу манасчы. Атасы эрте  өлүп, энесинин төркүнүн паана тутуп, Таласка көчүп келишет. Жашынан атасыз жетим калгандыктан өмүрүнүн алгачкы учуру оорчулукта  өтүп, көрүнгөндүн жумушун кылып жүрүп, акыры Олуя-Атадагы Кокон бегине малай болот. 1921–25-жылдары Кетментөбө, Талас, Чүй өрөөндөрүн басып алган Кокон хандыгынын жер-жерлерге койгон бектери жергиликтүү элден ар түрдүү чыгымдарды мал түрүндө жыйнап, Коконго жөнөтүп турган.… Калганын окуу »

МАМБЕТ ЧОКМОР УУЛУ

МАМБЕТ  Чокмор уулу (1896, Тоң  р-ну  –  1973)  –  манасчы. Ал  өз вариантын жаздырып жүргөн учурда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай: «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты” өз дилинде айтпаса, жаттап бирөөдөн үйрөнүп алууга болбойт” – деген. Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон чоролордун аян берүүсүнөн, «айтасың” деп кыстаганынан кийин гана «Манас” айтып калгандыгын эскертет. 20 жашында Тастар-Ата деген жерде жүрүп,… Калганын окуу »