НАРКУЛ УУЛУ НУРМОЛДО

НАРКУЛ  уулу Нурмолдо (1838, Ала-Бука р-ну  –  1920)  –  белгилүү  жазгыч жана  төкмө  акын, даанышман ойчул жана  агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн илимкөй адамдар болгон. Атасы Наркул, калган ата-бабаларын нары көздөй атаганда: Молдо Темир, Кара кычкач, Молдо кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан, Чурчар, Аличур болгондугу айтылат. Нурмолдо 9 жашынан Коштерек кыштагында мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо анын  өтө  зээндүү жана  идирек экенин байкап, эки жылдан… Калганын окуу »

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

ОСМОНОВ  Алыкул (1915–1950, Панфилов р-ну)  –  көрүнүктүү  кыргыз акыны. 1929–33-жылдары Фрунзе педтехникумунда окуган. Ырлары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы – «Таңдагы ырлар” 1935-ж. басылып чыккан. 1937-ж. «Жылдыздуу жаштык” жана  «Чолпонстан” жыйнактары жарык көргөн. Акындын көзү тирүүсүндө мындан тышкары «Махабат” (1945), «Жаңы ырлар”, «Менин жерим ырдын жери” (экөө тең – 1947), «Жаңы ырлар” аталган дагы бир жыйнак (1949), көзү өткөндөн кийин «Ата журт”… Калганын окуу »

ВАСИЛИЙ РАДЛОВ

РАДЛОВ Василий (Фридрих Вильгельм; 1837, Берлин  –  1918, Петроград)  –  орустун Чыгышты изилдөөчү  илимпозу, илим дүйнөсүнө кеңири таанымал түрколог, этнограф, археолог. Улуту немец. Берлин университетин бүтүргөн (1858). 1884-жылдан Петербург ИАнын академиги. Алтайда, Сибирде, Орто Азияда бир нече жолу экспедицияда болуп, түрк элдеринин тили, оозеки чыг-лыгы, этнографиясы боюнча  материал жыйнаган, Орхон-Енисей жазууларын окуган, түрк тилдерин салыштырма тарыхый метод менен изилдөөгө негиз салуучулардын бири. Радлов кыргыз тилинде жарыялаган… Калганын окуу »

САРТ АКЕ

САРТ АКЕ  (Жыл сүрүү  болжолунда 1770–80-жылдары азыркы Нарын шаарына жакын (чыгыш тарабында) жарык дүйнөгө келген. Сарт аке элине барктуу, өзү озунуп кеп айтпаган, адамдын көзүнө тике караган, баамчыл, терең ойчул, акылман, көзү  ачыктай бир нерсени алдын ала айткан, нуктуу сөз айткан, чечендик касиети бар калыс адам болгон дешет. Ал кишинин ата мурасы болгон биздин күнгө  чейин келип жеткен нуска кеби калды. Сөздөрүнөн… Калганын окуу »

РАМИС РЫСКУЛОВ

РЫСКУЛОВ  Рамис (1934-ж. т., Москва р-ну.)  –  акын. Кыргыз жазуучулар союзунун А. Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1986) Кыргыз эл акыны. Алгачкы ырлар жыйнагы 1959-ж. «Жаз» деген ат менен чыккан. «Ыр чыны» (1966), «Поклон земле» (1968), «Даңкан» (1970), «Шарттуу ырлар» (1973), «Дилбар» (1975), «Күлкү чачам» (1977), «Радость» (1980), Жаштык шаары (1981), «Товарищ стих: Лирика» (1987), «Ыр нөшөрү» (1988) жыйнактардын автору.  60-жылдары кыргыз поэзиясы… Калганын окуу »

CАГЫМБАЙ ОРОЗБАК УУЛУ

САГЫМБАЙ Орозбак уулу (1867 же 1868, Ысыккөл р-ну)  – Кыргыз элине кеңири белгилүү  болгон чоң  манасчы,  – Сагымбай Орозбак уулунун туулган жылы так маалымат эмес, манасчы өзү өлөр жылы 63 жаштамын дечү экен. Ошол сөзгө таянып 1867-ж. туулган делип жүрөт. Эгер манасчы өз жашын кыргыздардын жыл сүрүү эсеби боюнча  айтса, анын чын жашы 63 эмес 62, ал эми туулган жылы 1868-ж. болот. Сагымбайдын атасы… Калганын окуу »

ЖАЛИЛ САДЫКОВ

САДЫКОВ Жалил (1932-ж. т., Кемин р-ну). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери (1988). КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Ырлары 1950-ж-н баштап жарыялана баштаган. Туңгуч ыр жыйнагы «Убада” деген ат менен 1958-ж. жарыкка чыккан. «Жайкы таңда” (1961), «Кечээкинин күбөсү” (1962), «Кылымдын барактары” (1964), «Сары Өзөн (1966), «Менин ырым – мекеним” (1968), «Унутулгус обондор”… Калганын окуу »

БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ

САРНОГОЕВ  Байдылда (1932-ж. т., Талас р-ну)  – Кыргыз Республикасынын эл акыны. А. М. Горький атындагы адабият институтун (1956) бүтүргөн. Жазуучулар Союзунда кеңешчи (1959–1973) болуп иштеген. Узак жылдан бери чыгармачылык менен  гана алектенип келет. 13 жашынан ырлары чыга баштаган. 20 жашында биринчи жыйнагы «Шумкар” деген ат менен жарыяланган. Мына ошондон кийин анын жыйырмадан ашык, мис: «Досторума» (1955), «Бала мерген» (1956), «Баяс» (1956),… Калганын окуу »

САРТБАЙ БӨЛӨКБАЙ УУЛУ

САРТБАЙ  Бөлөкбай уулу (1839  –  Талас  өрөөнү, 1919)  –  акын. Сартбай  өз доорунун күчтүү  акындарынын бири болсо да, изилдөө  алкагына  өтө  кеч кирген. Теги  –  кедей, чоң  уруусу  –  жушчу, уругу  –  кенчим, анын ичинен тагаймат  – жетигенден. Токтогул баштаган көп акын, комузчулардын устаты болуптур. Ал акын гана эмес, ар багыттагы  көркөм өнөрдүн ээси болгон: ырчы, обончу, күүчү, комузчу, кыл кыякта да чебер ойногон. Токтогул акындык  өнөрдүн көп жактарын Сартбайдан  үйрөнгөн: Устаты да «Көзүм  өткөндөн кийин ордумду Токтогул ээлейт”  –  деп,  өнөрлөшүнүн талантын жогору… Калганын окуу »

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ

САЯКБАЙ  Каралаев (1894, Тоң  р-ну, 1971, Фрунзе)  –  20-кылымдагы улуу манасчы, Кырг. ССРинин эл арт. Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна чоң  энеси Дакиш түрткү болгон. Ал киши элдик оозеки чыг-лыктын. Саякбай «Манастын» кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан.  Манасчы өзүнүн  ай-туучулук талантынын ачылышы түш көрүү менен байланыштырган. 1916-жылдары жашаган жери Семиз-Белден Орто-Токойго келе жатып баштагы чоң кара таштын ордуна үй тигилип турганын көрүп таң калып,… Калганын окуу »