СЕЙДЕНЕ МОЛДОКЕ КЫЗЫ

СЕЙДЕНЕ Молдоке кызы (1922, Кетментөбө өрөөнү) – семетейчи. Айылдык жети жылдык мектепти аяктаган. Сейдене өтө жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Элде Сейдене Атай Огомбаев менен айтышкан деген аңыз сөз бар. Сейдене «Семетей» айтып калышын башка манасчылардай эле түш көрүү менен байланыштырат. Анын түшүнө  адеп улуу акын Токтогул кирип, «Манас» айт дейт. «Айланайын Токо!… Калганын окуу »

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

СОЛТОНОЕВ Белек (1878, Кемин району  – 1938, репрессияга туш болгон) – Кыргыз тарыхчыларынын эң алгачкыларынын бири, көрүнүктүү тарыхчы. Атактуу «Кызыл кыргыз тарыхы” кол жазма тарыхынын автору. Белек 7–8 жаш курагында молдодон окуп, сабатын ачкан. Бишкекке келип бак өстүрүүчүлөрдүн эки жылдык даярдоо мектебин бүтүргөн. Кыргыз тилине орус тилине, орус тилинен кыргыз тилине которуу, тилмечтик кылуу иштерин аткарып, кыргыз тарыхын изилдөөгө… Калганын окуу »

ЗУУРА СООРОНБАЕВА

СООРОНБАЕВА Зуура (1924-ж. т., Аксуу району ) – жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1992), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1996). Чыгармачылык жолун 1946-ж. «Эки жаш”, «Учкуч кыз”, «Корея кызына” ырларын «Ысыккөл правдасы” гезитине жарыялоо менен баштаган. Алгачкы жыйнагы «Менин айлым” (1960) деген ат менен жарык көргөн. Кийин «Достук” (1966) аттуу экинчи китебин чыгарды. Бул жыйнактарда… Калганын окуу »

АСАНБЕК СТАМОВ

СТАМОВ  Асанбек (1938-ж. т.,  Москва району )  –  прозаик. 1962-ж. Кыргыз мамлекеттик ун-тетинин филология факультетин аяктаган. 1961-жылы «Ала-Тоо” журналына «Ата” повести жарыяланган. Жазуучунун биринчи китеби «Таанышуу” деген ат менен  1966-ж. жарык көргөн.. Бул китебине «Ата” повести, «Таанышуу”, «Сапар чечүү”, «Мектеп”, «Жаш курбулар” аттуу аңгемелери жана  «Убада” очерки кирген. Жазуучунун каармандары орто мектептин жогорку окуу калссынын окуучулары эмгектин жаш азаматтары жана  жогорку  окуу жайынын студенттери. Жазуучу жаш… Калганын окуу »

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

СЫДЫКБЕКОВ Түгөлбай (1912, Түп району  – 1997, Бишкек) – көрүнүктүү кырг. жазуучусу, акын жана  коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын  эл жазуучусу (1968), КРУИАнын академиги (1954), Кыргыз Республикасынын эл Баатыры (1997). Чыгармачылык жолун 1930-жылдардын башында баштаган. «Күрөш” жана  «Баатырлар” аттуу алгачкы поэтикалык жыйнактары 1933-ж. жана  1936-жылдарда жарык көрүп, аларда жаштарды эмгекке, билим  алууга, жаңы коомду курууга үндөгөн, эл турмушундагы өзгөрүүлөрдү даңазалаган ырлар топтолгон. 1937–38-жылдарда Сыдыкбековдун «Кең-Суу” романынын эки… Калганын окуу »

ШАРШЕН ТЕРМЕЧИКОВ

ТЕРМЕЧИКОВ Шаршен (1896-ж. т., Сокулук району   –  1942, Бишкек)  –  куудул. Шаршендин кыргыздын шайырдык өнөрүн гүлдөткөн теңдешсиз куудул деп айтууга болот. Ага жалаң  куудулдук жактан тең  келген эл шайыр ага чейин болгон эмес, мындан ары да чыгат деп айтуу кыйын.  Өнөр көрсөтүү менен жан багууга болоорун түшүнүп, кийин чындап эле бул жагынан таланттуу экенине ынанып, биротоло куудулдуктун жолуна түшкөн. Ага Адамкалый, Осмонкулдардын таасири катуу тийген.… Калганын окуу »

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

ТОКОМБАЕВ Аалы (Балка; 1904, Кемин району  1988, Бишкек) – жазуучу, кыргыз адабиятын негиздөөчү-лөрдүн бири, коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын эл акыны (1945). КРУИАнын академиги (1954), Социалисттик  Эмгектин Баатыры (1974). Орто Азия коммунисттик ун-тин бүткөн. 1927–29-ж. чыгармачылыгы 1922-жылдан башталган. Туңгуч ыры  –  «Октябрдын келген кези». Алгачкы ыр жыйнагы «Ленин тууралуу» деген ат менен 1927-ж. жарык көргөн. Токомбаевдиндин алгачкы чыгармаларына, бир жагынан, фольклорду чыгармачылык менен  өздөштүрүү,… Калганын окуу »

ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ

ТОКТОГУЛ Сатылган уулу (1864–1933, Кетментөбө өрөөнү, Токтогул району ) – ойчул, ырчылар поэзиясынын классиги, элдик композитор-комузчу. Карапайым үй-бүлөдө туулган. Айтууга караганда атасы Сатылган, апасы Бурма да жандуу сөз өнөрүнө ышкылуу болушкан экен. Болочоктун чоң ырчысы он үч жашынан айылындагылардын көңүлүн өзүнө бура баштаптыр. Токтогулдун алгачкы жекече үйрөнчүк көнүгүүлөрү, же айрым темаларга кайрылуусу, мис., ага ыйгарылып жүргөн «Жокчулуктун айынан»,… Калганын окуу »

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ (14 к-да жашап өткөн) – легендарлуу манасчы, төкмө акын. «Манас» эпосун эң алгач ким айтканы илимге азыр белгисиз. Эл ичинде уламыш боюнча  кырк чоронун көрүнүктүүлөрүнүн бири «Ычкыры бапик кырк  мууну, Ырамандын Ырчы уулун (өз аты Каратай) Манас каза болгондо, анын эрдигин, эл-журтка сиңирген эмгегин, кылган кызматын кошок кылып айткан экен. Кийинчерээк ошол кошокторду жана  эл оозунда айтылып келе жаткан аңыз… Калганын окуу »

ТОЛУБАЙ СЫНЧЫ

ТОЛУБАЙ –  сынчы. Элдин тарыхында аты кылымдардан кылымга унутулбай, өмүр жолу, аткарган кызматы, кылган иштери алгач эл арасында аңыз сөз катары тарап, бара-бара легендага айланып кеткен инсандар болот. Алардын айрымдары же бир чоң таланттын, же кадимки адамдардан өзгөчөлөнгөн өнөрлөрү менен башкаларды айраң-таң калтырган кандайдыр бир касиеттин ээлери болушат. Байыртадан бери келе жаткан элдик ишеним б-ча мындай адамдар төгүн… Калганын окуу »