ТЫНЫБЕК ЖАПЫЙ УУЛУ

ТЫНЫБЕК Жапый уулу (1846, Жетөгүз району  – 1902) – манасчы. Тыныбектин  өмүр жолу жөнүндө  так, кеңири маалыматтар аз. Манасчынын  өз небереси Актан Тыныбек уулу ар кимден уккан эскерүүлөрүнүн негизинде 1938-ж. жазып тапшырган кол жазма азыр негизги маалымат катары эсептелип жүрөт. Тыныбектин чыгармачылыгын  белгилегенде анын акындыгы өз кезегинде таланттуу манасчы Чоңбаштын таасиринде болгондугу талашсыз. Тыныбек белгилүү манасчылар Балык, Келдибек,… Калганын окуу »

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

ТЫНЫСТАНОВ Касым (1901, Ысыккөл р-ну – 1938, Бишкек) – акын, коомдук ишмер. Кыргыз колдонмо жана тил илимине негиз салуучу, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, агартуучу, профессор (1936). Кат-сабатка атасы үйрөткөн. Кыргыз (казак-кыргыз) агартуу институтунда (Ташкен, 1919–24) окуган. Институтта окуп жүргөндө эле ал «Ак-Жол» гезитинин, «Жас кайрат» «Сана” журналдарынын редакциялары менен активдүү кызматташкан, Түркстан АССР эл агартуу комиссариатынын… Калганын окуу »

ҮМӨТААЛЫ

ҮМӨТААЛЫ  (1873–1917)  –  төкмө  акын.  Үмөтаалы Өз мезгилинде төкмө  акындардын белгилүү  өкүлдөрүнөн, кадимки  жез таңдай аталган Эсенамандын перзенти. Ал  өз чыг-лык  өмүрүндө  жоктоо, кордоо, мактоо, жар чакыруу, коштошуу, айтыш сыяктуу ар башка темадагы салттуу ырларды жараткан. Үйлөнүү үлпөтүндө кыз көрүү, той түшүрүү, той ээлерин куттуктоо ырларын да түзгөн. Сулайман ырчы менен ырдашууда кайым айтыштын классикалык  үлгүсүн жаратып, төкмөлүк … Калганын окуу »

ЭШМАМБЕТ БАЙСЕЙИТ УУЛУ

ЭШМАМБЕТ Байсейит уулу (1866, Талас өрөөнү – 1929) – төкмө акын. Анын устаты Токтогул болгон. Бир күнү уктум элдерден, Булбулдун анык кабарын. Беш-Ташка Током келиптир, Бейиштей кылып кабагын. Бейпилдүү акын жан экен, Берилип уктум сабагын. Ошондон баштап бир болуп, Оң-солго кетти кабарым,  – деген. Андагы жаңы чыгып келе жаткан өнөрпоздорго Токтогулдун арбын кырлуу, ары күйүмдүү  устаттык  өрнөгү  көп тийген. Андыктан даңазасын алыстан… Калганын окуу »

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ

ЭРАЛИЕВ  Сүйүнбай (1921-ж. т., Талас р-ну)  –  акын, Кыргыз Республикасынын  эл акыны (1974). 1942–44-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эралиевдин чыгармалары 1944-жылдан чыга баштаган. Туңгуч ыр жыйнагы «Биринчи жаңырык» 1949-ж. чыккан. 1959-ж. жарык көргөн «Ак Мөөр» поэмасынын баалуулугу – элдик оозеки чыгармачылыкка кайрылып, аны кайрадан асылдык катары окурмандарга жеткирүүдө жаңыча мамиле кылгандыгында, көркөм сөз каражаттарын колдонууда, терең психология менен курч драматизмде, филос.… Калганын окуу »

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

ЭЛЕБАЕВ Мукай (1902, Түп району  –  1944, Ленинград) –  акын, прозаик, котормочу. Кыргыз профессионалдык жазма адабиятын түптөөчүлөрдүн бири. Ал ата-энесинен эрте жетим калып, 1916-ж.  Үркүндө  качкандар менен кошо Кытай жерине барып келүүгө  аргасыз болгон. Жазуучунун дээрлик көпчүлүк чыгармалары автобиографиялык негизге ээ. Ал өзүнүн тестиер жана  өспүрүм кезинде башынан  өткөргөн кыйынчылыктарын «Узак жол” романында «Кыйың  кезең”, «Зарлык”, «Бороондуу күнү” сыяктуу аңгемелеринде, ырларында кеңири баяндап берген. Элебаевди акын катары… Калганын окуу »

ЫРЧЫУУЛ (ЫРАМАНДЫН ЫРЧЫ УУЛ)

ЫРЧЫУУЛ, Каратай – кырк чоронун бири. «Манас” эпосунун варианттарынын бардыгында кырк чоронун катарында «Ырамандын ырчы уул» деген ылакап аты менен аталат да өз ысымы эскерилбейт. Манастын Орго кан менен болгон согушунда Оргонун аялы Санамкүл  өзүнүн эки баласын алып, Манаска көп тартуу менен келип жан соога сурайт. Каратайдын ишке жөндөмдүү, өзү  сөзмөр, шок, ар нерсеге ыктуулугун байкаган Манас аны Санамкүлдөн жигиттикке… Калганын окуу »

РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВ

ШҮКҮРБЕКОВ  Райкан (1913, Карабуура району  –  1962, Бишкек)  –  акын жана драматург. 1929–33-ж. Фрунзе педтехникумунан окуган. Ш-дун алгачкы кадамы прозадан башталып, он алты жашында биринчи «Жаркынай” (1929) деген аңгемеси, жыйырма  үч жашында «Тоо элинин баатыры” (1936) повести китеп болуп жарык көргөн 1935-ж. коюлган «Жапалак Жатпасов” комедиясы менен драматург катары таанылган. Ал эми акын катары биринчи китеби 1936-ж. чыкса, экинчи китеби  –  «Ырлар жана тамсилдери” 1957-ж. жарык… Калганын окуу »

ШАПАК РЫСМЕНДЕ УУЛУ

ШАПАК  Рысменде уулу (1863–1956, Кочкор  өрөөнү) – манасчы. Шапак бала кезинен ырга, көркөм сөзгө  кызыгып, аны жатка айтып берүүгө  абдан шыктуу болгон. Шапактын «Манас» айтып калуусуна Кочкорго көчүп келип  Рысмендеге айылдаш конгон залкар манасчы Балыктын таасири тийген. Балык көчүп келген жылдары Шапак он үч жашта болгон. Кийин жыйырма жаш курагында Балыктын уулу Найманбай менен жакшы жолдош болуп, «Манас» айтууну үйрөнө баштаган. 26 жашынан… Калганын окуу »

ЫСАК ШАЙБЕКОВ

ШАЙБЕКОВ ЫСАК  (1880–1957, Кемин р-ну). Кичинесинен эле ата-энеден ажырап, жетимдиктин тору моюндап, оор турмуштун запкысын башынан өткөргөн. Эс тартып, кол арага жараган күндөн баштап, ар кимдин малын багып, эгинин оруп жан сактоонун түйшүктүү  жолуна түшөт. Мына ушул кайгылуу турмуштун азаптуу издери Шайбековдун чыгармачылыгын а таасир бербей коё алган эмес. Ал 10–12 жашынан баштап өз көзү менен көргөн, башынан өткөргөн оор… Калганын окуу »