ШААБАЙ АЗИЗ УУЛУ

ШААБАЙ Азиз уулу (1927-ж. т., Ак-Суу р-ну) – манасчы. Ш. белгилүү манасчы Чоюкенин бир тууганы Азиздин уулу. Кезегинде Азиз да «Манас» айткан. Бирок,  өзүнүн бул  өнөрүн уулунун улантып  кетээрине көзү  жеткен соң, манасчылыкты уулуна  өткөрүп берип,  өзү  эпос айтууну токтоткон. Шаабайдын эпоско болгон кызыгуусу 7 жашында башталган. Чоюкенин айтканын  өз кулагы менен укпаса да Шаабайдын айтканы Чоюкеге  өтө  окшош экендигин эл арасында белгилеп жүрүшөт.  Өзүнүн берген маалыматына караганда Шаабай… Калганын окуу »

ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВ

ҮСӨНБАЕВ Замирбек (1951-ж. т., Бишкек) – төкмө акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы  мамлекеттик сыйлыгынын  лауреаты. Атасы айтылуу төкмө Алымкулдун, үйүнө кыргызга белгилүү эл шайырлары барып турушкан. Үсөнбаевдин айтуусунда апасы Назым дагы Беркимбай деген сөзмөр, ырчы, чечендиги бар кишинин кызы, белгилүү  кошокчу болгон. «Бир эле апам эмес, таежелеримдин баары кошокчу эле” – дейт. Комуз чертүүнү 6 жашында атасынан, көбүнчө улуу агасы… Калганын окуу »

АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ

ҮСӨНБАЕВ Алымкул  (1896, Талас  өрөөнү –  1963, Бишкек)  –  төкмө  акын, кыргыз оозеки поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Ал 11–12 жашында эле ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына тааныла баштаган. Анын алгачкы ырлары көбүнесе элдик жана  өзүнүн жеке турмуш абалына, махабат темасына арнап чыгарган ырлары болгон. Токтогул менен жолугушуусу ырчылык турмушундагы бурулуш мезгил болгон. Жаш ырчыга Токтогул ээрчитип жүрүп  өнөрүн  үйрөтүп, чыгармачылык туура багыт… Калганын окуу »

ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ

ҮМӨТАЛИЕВ  Темиркул (1908, Аксы району  –  1991, Бишкек ш.)  –  кыргыз эл акыны.  Үмөталиев өзүнүн жазуучулук шыгын негизинен адабияттын бир гана жанры поэзияга арнап, ушул тарамда жарым кылымдан ашуун  үзүрлүү  эмгектенди. Акындын бардык ырлар жыйнагындагы башкы идеялык-тематикалык багытын жаңы түзүлүштүн күрдөөлдүү жаңылыктарын, эмгектин шаңын даңазалоо түзөт. Сүйүү  жөнүндөгү  болсун, Ата журттун кооздугуна суктанган пейзаждык ырларында болсун, заман толкуну, акын духу, коомдун өнүгүү тенденциясынын тамыр кагышынын илебине жуурулуша, акындык… Калганын окуу »

ЧОЮКЕ ӨМҮР УУЛУ

ЧОЮКЕ Өмүр уулу (1863, Каракол уездинин Түргөн болушу, Түргөн айылы — 1925, ошол эле жер) — манасчы. Арык уруусунан. Саякбайдын устаты. Манасчылыкка өтө кызыгып, Манас баатырдын жана анын чоролорунун мекенин көрөм деп 1900-жылдары Таласка барып, эпосто чагылдырылган жерлер менен таанышкан. Кытайдагы кыргыздар менен казактарга барып, «Манас» айткан учурлары болгон. Чоюкенин таржымалына, чыгармачылыгына байланыштуу айрым маалыматтар аны көрүп-билип, «Манасын»… Калганын окуу »

СЫДЫК КАРАЧЕВ

Сыдык Карачев жыйырманчы жылдын башында эле кыргыз жазма адабиятына ат салыша чыккан жаш таланттуулардан болгон. Ал, жетим калып жаштайынан татар-кожоюндун эшигинде малай жүрөт. Эс тарткан чагында баштапкы татар мектебинен бир аз окуп кат тааныйт. Ошондон баштап жаш Сыдык көркөм адабият китептерин сүйүп калат. 1924-жылга дейре жаш акын татар тилинде жазган бирин-эки ырларын татар газетасында жарыялап келген. Сыдыктын замандаштары,… Калганын окуу »

БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ

Юнусалиев Б.М. 1913-жылы 6-октябрда Чуй областына караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында тѳрѳлгѳн.1970-жылы 18-февралда каза болгон. Кыргыз совет тилчиси,турколог, «Манасты”изилдѳѳчү,коомдук ишмер. Кыргы ССР ИАнын академиги (1954), филология илимдернин доктору (1954),профессор (1954),Кыргыз ССРнин илимге эмгек синирген ишмери (1963). 1938-жылдан КПСС мучѳсү. 1933-1935 Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатына инспектор.1935-1938-жж Москвадагы ВКП(б) БКнын жогорку партия курсун окуган. 1938-1941-жж «СССР Жогорку Советинин ведомостторунун” кыргызча… Калганын окуу »

САУЛ МАТВЕЕВИЧ АБРАМЗОН

Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган. Анын жетекчилери көрүнүктүү этнограф, түркологдор А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон. Саул Матвеевич студенттик жылдары өз… Калганын окуу »