ТЕКЧЕ

ТЕКЧЕ (секичек, текичек, нишап) — кыз-келиндердин тебетей, элечек, көйнөк, чыптама өңдүү өздүк кийим-кечектерин коюучу буюм (баштыкча). Текче күзгү каптын үстүнө тагылат. Ар бир буюмдун өзүнчө өзгөчөлөнгөн жүз ачаар көркөмдүгүн уздар сары саптай алышат. Мунун жердиги үчүн көбүнчө кара же күрөң баркут тандайт. Буюмдун (75X40 см) четине «бычак учун» берип, анан сары өң менен кош жарыш сызык айланта «суу»… Калганын окуу »

ТЕЗ

«Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт» (Макал). Бул — жыгач усталардын дүкөнү. Боз үйдүн кереге-уугун жасоодо тал таяктардын түзүн ийе турган, ийрисин түзөй турган аспабы. Мунун бийиктиги 80— 100 см дей келет да, ача жыгачтын ача жагы жогору каратылып, жерге орнотулат. Ага узундугу бир жарым метрдей ийилбес жоон жыгачтын бир жагы бекитилет. Анын 20 мм дей төмөн жеринен… Калганын окуу »

ТЕГИРМЕН

«Ун чыгарып тегирмен, Упадай ак нан жедирген». (Мидин). Бул — таш буюмдарынын көрүнүктүүсү. Эгинден ун-талкан тартат. Суу барасы аркылуу чуркап турган тегерек кош таштан орнотулган дүкөн. Аны чуркатыш үчүн чеберлер ташын, темирин жана жыгачын тандайт да, оңтойлуу жайын даярдоосу зарыл. Темир таштын үстүңкү бетине келсе, муну «бака» деп коет. Үстүнкү ташты айландыруучу астыңкы ташта «барасы» болот. Анын моюнуна… Калганын окуу »

ТЕГИРИЧ

«Тегерете карады, Тегиричи кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот. Анткенибиз, ошол «мүйүз көчөт», «чагырмак көчөт» сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөккө түшүрүүчү кооздук өзүнчө «кыял» сыяктантып берүүгө негиз… Калганын окуу »

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк бычылат. Тебетей тышын адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигишет. Мисалы, кара, күрөң тыш тебетейлер улгайгандарга, кызыл, жашыл, көк кездеме… Калганын окуу »

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР — Бүгүн таш кесүүчү аспап-куралдарга Таш кескич кирет. Анын башына алмаз бекитилет да, ал «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат. Балка негизги аспаптардан болот да, берки балкалардан кичине салмактуураак. Сабы кыскараак келет. Азыр цех техника аркылуу иштейт. Таш кескич, тешкич, жылмалоочу, жалтыратуучу дүкөндөр бар. Илгери болот темирди түрдүүчө сугарып, (майга, кийизге) аны таш чегүүгө ылайыкташтырып алышчу.… Калганын окуу »

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Таш — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, өндүрүшкө пайдаланылып жаткан каптоочу жана атайын жасалгалоочу таштардын кени табылууда. Алардын негиздүүлөрү мрамор жана гранит болуп саналат. Таш кендерибиз — элдик көркөм кол өнөрчүлүк үчүн жергиликтүү байлыгыбыз. Андан ар кандай буюмдар жаралат. Таш чегүүчүлүк — азыр да, эртең да, кийин да… Калганын окуу »

ТАЛКУУ

ТАЛКУУ — терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот. Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам… Калганын окуу »

ТАКТА

Үй эмеректеринин бири. Бул боз үйдө жүк жыюуга ылайыкталган, жыгачтан жасалган текче. Ага кыска бут жасалат. (50 см дей.) Узуну жүктөгү жууркандын бир кертиминдей болот. Көчмөн турмушта боз үйдөгү жууркан- төшөктү таза кармоого жана тыкандап жыюуга шартташкан. 2) Сабаа тактанын жасалышы төр тактадай эле болот. Бийиктиги 45—50 см, туурасы 80—90, 100— 150 см ге чейин жетет. Төр тактасы… Калганын окуу »

ТАБАК

«Эт эмес табагыңды таппай калды» (макал). Бул — кырма идиштердин бири. Табак арчадан да, кайыңдан да, жаңгактан да, талдан да чабылат. Жарылып кетпеси үчүн жаңы табакты майга же майлуу сууга (кээде сорпого) салып, аны кайнатабыз жана отко кактап карайтабыз. Андай табак «кара табак» деп аталат. Кээде муну майлоодон ага кичине жошо сүртүлөт. Чара табакты көмкөргөндө айлананы элестетет. Бул… Калганын окуу »