ЖОН ӨРҮМ

ЖОН ӨРҮМ (үч кыр өрүм) — жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Жалаң гана кайышты тилүү аркылуу буюмду жүзөгө ашыруучу өнөр. Чебер 12—14—16 талга чейин жазы да, ичке да тилет. Өрүмдүн бул ыкмасында көк астыңкы бетинен каз таңдайлашып, бири-биринен шарттуу өтүшөт. Анда талы үзүлүп-кесилип калса, өрүм түк жанбайт. Себеби, «жон өрүмү» үч кырдуу, кайыштын ар бир талы үстүңкү кырдан кезек-кезек… Калганын окуу »

ЖЕЛБИРӨӨЧ

ЖЕЛБИРӨӨЧ — моюнга тагынуучу зер буюм, (чачык сыяктуу желбиреп, ушундан улам желбирөөч деп аталат). Бул — сөйкөнүн бир түрү. «Сөйкөнүн желбирөөчтөрү» деп да аталат. Азем буюмдардын эң негиздүүсү. Шөкөттөлгөн желбирөөчтүн кадимки сөйкөнүкүндөй илмегинде эки канаты болот да, анын бетине асыл таштар чөгөрүлүп, мунун эки учу күмүш зымдар менен чынжырланат. Ошондой эле торчолонгон бир нече сеңселген тал-тал чачылары төгүлүп… Калганын окуу »

ЖЕЛ БОО

ЖЕЛ БОО (түндүк боо) — таар, эшме жип буюму. Ал боз үйдүн боо-чокусуна кирет. Түндүктүн эки жагына тагылат да, азыр көбүнчө термеден болот. Үй тигүүдө — түндүк көтөрүүдө боо башы менен кошо кармалат. Бул көбүнчө уук-керегеге кыстарылып коюлат. Оң-тетири тарабы дайыма көрүнүп туруу үчүн аны эки жүздүү терме кылып согуу максатка ылайыкташат. Жел боо жөнөкөй эле сызмадан же… Калганын окуу »

ЖЕЗ

«Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык). Бул — зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана «жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жезди түшүнөбүз.) Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, үзөңгү, камчы), салттуу буюмдарга (ала бакан, жагдан, сандык), ашкана буюмдары (чыны кап, көөкөр, көнөчөк, көнөк) жана башкалардын беттерине чаап, шөкөттөөдө жез… Калганын окуу »

ЖАРГЫЛЧАК

«Керектүү таштын оордугу жок» (макал). Таш буюму. Жаргылчак — кичинекей кол тегирмен. Ал кол менен чуркатылат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылып алат. Туз майдаланат, илгери эжигей- курутту кургатып, кадимки талкандай тарткан. Андай тамак-аштар күлазык болгон. Жаргылчак бар жерде буркураган жарма болот. Көбүгүн черткен… Калганын окуу »

ЖАН АЯК

ЖАН АЯК — Жыгач буюму. Ал — чөйчөк сыяктуу тегерек, же сүйрүлөнүп, ичи ичтүү жасалат. Кармоого эптүү жумуру сабы бар тамекинин жалбырагын назыбай кылып ийлей турган идиш. Мунун узуну бир жарым карыштай, жалбыракты ийлөөгө оңтойлуу чуңкурчалуу торчолонгон жумуру таякчасы болот. Ана жанаяктын «баласы» деп коет. Жанаяк жасоо үчүн чебер талды, тегеректи кырма идиштердей көлөмдө кыйып келип, ичин оё… Калганын окуу »

ЖАМБЫ

«Алты миң жамбы, миң кундуз, Алым алып турганы» («Манас»). Бул — элдик зергерчиликте колдонулуучу уютулган накта күмүш. Жамбы илгери соода- сатыкта ар кандай салмакта уютулуп, кадимки акча катары наркка өткөн. Ал «тай туяк жамбы», «бөйрөк жамбы», «төө көз жамбы», «уй көз жамбы», «чүчпара жамбы», «шаңшур жамбы» деп көлөмүнө жана түспөлүнө карата бир нечеге бөлүнгөн. Жамбыны темир бетине жалатып,… Калганын окуу »

ЖАЗДЫК

«Куш жаздыкта жазданып, Кыбыланы баштанып» (эл ыры). Бул — сайма аркылуу бүткөн жүк буюму. Сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу жаздык (балыш) башка жаздалат. Жүктүн үстүнө же өзүнчө катар жыйылат. Сайма жана курак аркылуу бүткөн мунун кичинекейин (30×45 см), «балыш» узун келип, эки адам жазданууга шартташса (110X50 см), аны жаздык деп айтат. Буюмдун маңдайкы бетине «илме дос» саймасы менен «тикме… Калганын окуу »

ЖАГДАН

«Баштык-үштүк, жагдандын, Чечилип баары чачылды» (К. Жантөшев). Бул — көн буюмдарынын бир түрү. Теричилик менен зерчиликтин күчү менен көз уялта кооздолуучу буга кымбат баалуу буюмдар, адими жана кийим- кечектер салынат. Жагдан жүктүн астына коюлат. «Кырмалуу жагдан кырк килем, Кыргыздын жайын мен билем» («Семетей»). Үкөк, сандык, абдыра — деп да айтылган ар кандай көлөмдө жасалат. Анын ичи жыгачтан үкөк өңдүү… Калганын окуу »

ЖАБЫК БАШ

«Жабыш башы кундуздан, жана токсон үй болду» («Манас»). Бул — көбүнчө кийиз оюм менен жасалып, боз үйдүн ички уугунун билегине тегерете тосулуучу көркөм буюм. Боз үйдүн көрүп отура турган ички жасалгаларынын эң негизгилеринин бири. Анын түрдүү үлгүлөрү бар. Мисалы, четине шырдактыкындай эки кат кызыл жиптен чалынып, «жээк» коюлат, «Бычак учуна» жана эки четине дейре көбүнчө ак менен кызылдан… Калганын окуу »