БУЛГААРЫ

БУЛГААРЫ — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн жердиги. Көркөм буюм жасоонун, иштетүүнүн ийкемдүү түрү. Бул азыр заводдон чыгат да, жаралуучу буюм-белектин кагазга эскизин (үлгүсүн) түзүү шарттуу көрүнөт. Илгерки чеберлер терини сыйрып, жыдытып, же жүнүн алуудан баштаса, мында булгаарынын бир нече түрү болуп, булар ич ара көркөмдүктү түшүрүүгө өтө оңтойлошот. Ошого карап, чийилген эскиздеги кооздук түшүрүлөт. Натыйжада, эскиздердин негизинде булгаары… Калганын окуу »

БОСОГО-ТАЯК

«Кайыңдан түндүк ийдирген, Каалга, таяк босого, Канча түрдөп чийдирген» («Манас»). Бул — боз үйдүн жыгачынын бир бөлүгү. Үйдүн эшигинин жана каалгасынын жыгач кашеги. Ал уук-кереге менен түндүктүн тең салмакта тигилишин аныктайт. Үйдүн босого-таягынын узун болжолдо 1,4 метр, туурасы 1,0 метр, жазылыгы 25 см. келип, ал «таяк-босогого», «баш босогого», «каалга» болуп, үч бөлүктөн турат. Бири-бирине ашталат да, кереге саканактары… Калганын окуу »

БОЗ ҮЙДҮН ЧЕЧИЛИШИ

Оболу түндүк жабуу сыйрылат. Боолорун кырчоодон чечип,               төркү  (арткы)    үзүктү,   анан алдыңкы     (маңдайкы)    үзүктү   сыйрат.   Үзүк  үч бүктөлүп коюлат. Мындан кийин жабык баш тегиричи менен түрүлүп (томолоктоштуруп) алынат. Бел кырчоо алынып, эки туурдукту сыйрып, аларды төрт бүктөйт. Канат чийлердин боолорун чечип, өзүнчө түрөт. Түрүлгөн чийлер өз боолору менен арчындалып таңылат. Эшик чий кошо сыйрылып, бул өзүнчө оролот. Эми уук… Калганын окуу »

БОЗ ҮЙДҮН ЖАСАЛГАЛАРЫ

Боз үйдүн кооз жасалгаларынын бири — жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Тегирич менен түймөсү бар жабык баш: төркү (арткы), алдыңкы (маңдайкы) болуп экиге бөлүнөт. Көркөм көчөт түшкөн эшик чий, канат чий, чыгдан (ашкана) үйдүн жасалгасына кирет. Боз үйдүн ички көркү өрмөкчүлүк аркылуу жүзөгө ашат. «Кажары» (букары), «беш кеште», «сызма» деген түрлөрү бар. Кереге таңгыч, саканак чалгыч,… Калганын окуу »

БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ

Элибизде үйдү тигүүнүн да өзүнчө жол-жобосу сакталган. Үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалат. Үйдү сууга жакын, жол тарапты беттеп, шамалга каршы келбегендей түз жайга тиккен. Илгери үйдүн эшигин чыгышты каратышкан. Жайдын күнүндө бир нече үй бир короо айыл болуп конуп, көбүнчө үйлөрдү короого тегерете тигишкен. Эшиктерин короонун ортосуна каратпай, жогоруда айтылган эреже так сакталган. Боз үйдү тигүүдө… Калганын окуу »

БОЗ ҮЙ

«Төрт колдоп уук улаган, Дөбөдөн үйүн сынаган. Берметке шуру кынаган, Белгиси жакшы байбиче, Белестен үйүн сынаган» (Калык). Бул — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү. Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган… Калганын окуу »

БИЛЕРИК

«Кош билерик, кош шакек, оң колуңа сала кет» (Тоголок Молдо). Бул — зер буюму. Мунун эни ар кандай көрүнөт. Дегинкиси, жазыраак билерик көркөм көрүнөт. Билериктин да шакектей өзүнүн калыбы бар. Андан муунак-муунак болуп чыккан күмүш билерик түспөлүн жараткандан кийин мунун эки башын атайын чарчылап, төрт кырдап, ага тиешелүү чапкылар менен «көзчөлөп», «жылдызчалап» кооздук түшүрүлөт. Мындай билериктин жалпы айланасына… Калганын окуу »

БЕШ КЕШТЕ

«Беш кеште жыйдың жүгүңө, Береке кирди үйүңө» (Жеңижок). — Бул — өрмөчүлүктө буюмга көркөм түр түшүрүүнүн бир ыкмасы. Өрмөк согуп жатканда жипти сыйдалап илип кетүү. Жүндөн жипти ичке кылып ийрип, чыйрак чыйратып, түрдүү түскө боёп алат. Өрмөктү болсо, адаттагыдай эле курат. Анын эни жасалуучу буюмга карай ар кандай келет. Мында өрмөктүн «эришин» актай согуп баратканда уз түрдүү жиптин… Калганын окуу »

БЕШИК

«Ардактап энем төрөгөн, Ак бешикке бөлөгөн» (эл ыры). Бул — жыгач буюмдарынын бир түрү. Наристени терметип уктата турган жыгач керебетче. Буюм кайың, арча, тал, тыт өңдүү жыгачтардан кармалат. Билектей жумуру бир кулачтайын кыйып, как жара бөлүп, эки алкак ийилет. Бешиктин төрт бутуна көзөнөк оюлат. Же ал көзөнөктөргө карыштай чабактар (таякчалар) бекитилет. Ага узун-туурасынан сызма тартылат. Ал эми жыгачтын… Калганын окуу »

БЕЛДЕМЧИ

«Кызыл, көк көчөт келтирип, Кыпча белге кынаптап, Кыз бурак сенин белдемчиң» (эл ыры). Бул — аялдардын бел-ылдый тартынуучу кийими. Анын жердиги тас баркыт, чий баркут, нооту, трайке, лампук өңдүү кездемелерден болуп, этеги көйнөктөй жазы, жогору жагы белге тыкандалып кыпчаланып, ага кашат коюлуп, кийим эки учалуу тигилет. Адегенде белдемчини бычып, сырткы тигишин өзүнчө тигип алат да, анан бор менен… Калганын окуу »