БАСМА САЙМА

БАСМА САЙМА — Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты (бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил сайылган жиптерди байлай саят. Сайма учуна жетип, жогорудагыдай сайылган жиптерди кайра байлай саят. Анын жогорудагыдай үч-төрт жолу жарыш… Калганын окуу »

БАСМАЙЫЛ

БАСМАЙЫЛ (тартма) — «Манастан калган басмайыл, Ак быштандап тарттырып» («Манас»). Бул — кайык жана өрмө аркылуу бүткөрүлгөн ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаага токулган ээр-токумду бекитүү үчүн белинен тартууда колдонулат. Анын бир учунда жазы темир тегерек (260°) 1-огоосу болот. Ал ээр-токумга экинчи тарабындагы ошондой тогоосуна кайыштан тилинип улаштырылган ичке боо аркылуу курчаланат. Басмайылдын «ээр бастыргычы» кайыштан болот да, калган… Калганын окуу »

БАРАҢ

БАРАҢ — «Балдары бараң аткан жер, Баракатта жаткан жер» (Токтогул). Бул — оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери «алма баш», «көк жал», «тыргоот», «ак бараң», «чаар бараң», «алты сай», «кара келте» өңдүү түрлөрү болгон. Бараң ар кандай формада, узун-кыска жасалышына карата мына ушундайча айтылат. Мылтык үчүн… Калганын окуу »

АЯК КАП

АЯК КАП — Кийизден жасалган ашкана буюму. Буга жыгач идиш-аяктарды сакташат. Ал көчмөңдүү турмушта кенен керектелип, боз үйдүн эпчи тарабына керегеге эки кулакчасынан илинген. Мунун жөнөкөй түрү жалаң кийизден турат. Коозу кадимки оюмдун четине көбүнчө аккарадан «араа тиш», «бадам оюму», «ит куйрук оюму» өңдүүлөр берилет. Айрым жерлерде мунун кийизин шырдактай кынаптап шырыйт. Аяк капка түшкөн шырдак оюмдары ар… Калганын окуу »

АЯК

АЯК (кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок). Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан оюп кармалган. Чоң кара аяктын диаметри 20 смдей келет. Аяктын капталдары, кыры, түбү, кемери, адатта, көркөм кештелерге толот.… Калганын окуу »

АШАТКЫ

АШАТКЫ — «Кырк эчкинин териси, Ашаткыга жатыптыр, чыгы менен катыптыр» («Манас») Терини ашатуу үчүн пайдалануучу жарма, ачкыл, айран жана улпактын аралашмасы. Жаңы сыйрылган терини жайып, күнгө бир аз тоборсуган соң анын чел этин алуу үчүн жандыктыкына (кой, эчки, кийик) орок, бодонукуна (төө, уй, топоз) кол күрөк керектелет. Жарма, айран, улпактын аралашмасы ашаткы болуп эсептелет. Адатта, ачыган айранга кара… Калганын окуу »

АТ ЖАБУУ

АТ ЖАБУУ (тикек) — Ат жасалгаларынын мерчемдүү бөлүгү. Ээрдин алдынан, тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу көркөм буюм. Сынга толуучу аруу буюм ат жабуу өрмөкчүлүк (терме, кажары, беш кеште) менен катар саймачылык менен асемделет. Демек, эндей таарга жана кездемеге сайма көчөттөрүн көчүрүү үчүн уздар ботонун, койдун жүнүн ипичке ийрип, аны оңго жана солго чыйратышкан. Ат жабууну кадимки жүн… Калганын окуу »

АТ ЖАБДЫК

АТ ЖАБДЫК— (ээр токум, ат токулгасы). «Атка, уйга жарашкан, жабдык сатты кайран эл» (Ысак). Бул — атка токуп, минип кетүүгө керектүү буюмдардын жана шаймандардын жалпы аталышы. Ага: ээр, үзөңгү, канжыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, желдик, тердик, ичмектен сырткары көрпөчө, ат жабуу, үртүк, камчы кирет. Аталган буюм-тайымдардын ар биринин өзүнчө аткара турган милдеттери бар. Жасалышы жана санжырасы… Калганын окуу »

АК ӨРГӨӨ

АК ӨРГӨӨ — «Торум кыздын ак сарай, Салтанаты бир далай, Асемдүү боо тактырган, Ак манат менен жаптырган». «Жалаң үйдүн форумун, жарым күнү ырдаган» («Манас»). Бул — жасалгалуу боз үй, үйдүн көлөмдүүсү. Күнөстүү Кыргызстанда салтанаттуу тойлордо, «Малчылар күндөрүндө», эс алуу жайларында жана урматтуу меймандарга карата атайын тигилген боз үйлөр Ак өргөө болуп саналат. Ал мурун обочо, бийигирээк жайга тигилген.… Калганын окуу »

«АЛДАЯР ӨРҮМҮ»

«АЛДАЯР ӨРҮМҮ» — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн түрү. (Илгери Ысык-Көлдүн «Чоң өрүктү» дегенинде Алдаяр аттуу адам ат жабдыктарынын чебери чыгат. Айрыкча анын татаал өрүмдөрүнө калк куштарланып, аны «Алдаяр өрүмү» деп аташат). Мында экиден тал көк сегиз кыр болуп түшөт. Бул «калмак өрүмгө» окшойт. Өрүм он көктөн турса, ал бештен эки жакка бөлүнөт да, бирден көтөрүлүп, бирден басылат да,… Калганын окуу »