АРАБЫ КИЛЕМ

АРАБЫ КИЛЕМ — килемдин бир түрү. Ал түксүз килем деп аталат. Чеберлер жүл (түк) килемдей эле муну да арбын токууда. Бул түктүү килемден токулуш ыкмасы жагынан кескин айырмаланат. Буга жүн абдан аз чыгымдалып, жиптен таштанды чыкпайт. Таар сымал согулуп, килемдикиндей аркак салынбайт. Чеберлер жумасына бир орто аянттагы арабы килемди бүткөрүп коюшат. Буюм жерге төшөөгө шартташып, анда эришине аркакты… Калганын окуу »

АЛАЧЫК

АЛАЧЫК — «Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги» (макал). Боз үйдүн бир түрү, жупуну тигилиши. Анда кереге жайылбай, уукту жерге сайып, үзүгү жабылат. Муну «сайма алачык» деп да айтат. Боз үйдүн кичинеси бул алачык түндүк менен ууктан турат. Тактап айтканда, түндүктүн көзүнө өткөрүлгөн ууктун башын жерге саят. Уукту сайып бүткөндөн кийин, «тизгич» тизилет да, сыртынан үзүктү, түндүк жабуусун… Калганын окуу »

«АЛАМАЧ»

«АЛАМАЧ» — шырдактын ортолук оюму (борбордук оюму) менен жээк оюмун (четтик оюмун) бөлүп туруучу түр. Ал көбүнчө ак-карадан, кара-сарыдан берилет. Аны «ала мончок» деп да атайт. Ал «араа тиш оюмдан», «тумарча оюмдан», «ийрек оюмдан», «ит куйрук оюмдан», «бадам оюмунан», «бычак учу оюмдан» ж.б. оюмдардан түшүрүлөт. Аламач — буюмдун четине да, ортосуна да коюлат. Айрыкча, ак жана кара өң… Калганын окуу »

АЛА КИЙИЗ

АЛА КИЙИЗ (карала кийиз) «Кыргыз кийизге туулга» (макал). «Ала кийиз, төшөк жок, Жерге жатты кайран эл» (Ысак). Түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Алардын толук жердиги жүн болгондуктан элибизде кийиз буюмдары арбын. Бул адими буюм катары бааланат да, узак убакыт урунууга шартташкан. Ала кийиз (карала кийиз) деген ат илгери кара жана ак койдун жүнүнөн эле түр түшүрүүнү түшүндүргөн.… Калганын окуу »

АЛА БАКАН

АЛА БАКАН (ача бакан) — «Баканды жакшы көрсөткөн, Башында майлуу сүр болот» (Осмонкул). Бул — салттуу үй буюму. Анын эки түрү бар. Төр ала бакандын түп жагы төрт бурчтуу келет да, андан өйдө төрт-беш жерден муунакталып, илгич кадалган жерлери гана муунакталышы шарттуу көрүнөт. Бул бакандын аяк-башы ичкерээк, ортосу муунакталып, ага күмүш шөкөктөр салынат. Ал жоон көрүнүшү да ыктымал.… Калганын окуу »

АК КАЛПАК

АК КАЛПАК (калпак) — «Ак калпак кийип, ат минген, Кыргызымды сагындым, Ар дайым менден кат күткөн, Бир кызымды сагындым» (Мидин). Бул — Ала- Тообузга символдоштурган элдик баш кийим. Аны жасоодо, абал жүндү кылдап, саксагыраагын майдалап кыркып сабайт. Уютулган жүндү басып кургатып, кайра бышырган соң борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүктөп, кийизди катуу кылат. Башка чакталып, калпактын төрт… Калганын окуу »

АЙЫРМАЧ

АЙЫРМАЧ — «Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып» (А. Үсөнбаев). Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тайкунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, бири-бирине кайчылаш аштала жасалат. Ат үстүнөн бала жыгылбашы үчүн мунун капталдарына туурасынан баланын балтырын кыспагыдай… Калганын окуу »

АБАЛАК

АБАЛАК — «Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз чуңкурча, кайкыраак… Калганын окуу »