ҮКҮК

ҮКҮК — жыгачтан жасалган ашкана буюму. Жыгач усталардын чеберчиликтерин баамдатаар үкөккө ар кандай тамак-аштар сактала турган. Ал — бир эсептен жыгач сандыкча. Муну кайыңдан, теректен, карагайдан, арчадан, жыгачтан, өрүктөн жана башка ушул сыяктуу ар түркүн жыгачтардан жасашат. Үкөк баштапкы абалын сакташы үчүн жыгач уста тактайды татынакай кургатат. Болжолдо, үкөктүн узуну 80—100—95—102 см, туурасы 40—50— 45—55 см болсо сыйда… Калганын окуу »

ҮШКҮ

ҮШКҮ — жыгач усталардын негизги аспабы. Чеберлер буга жумуру жыгач саптайт. Учу миздүү болот. Муну менен уук баштарын, кереге көздөрүн көзөйт. Кобул салгычтын төрт-алты тиши бар. Алардын аралыгы үч мм ге барабар. Кичине үшкү төрт тиштүү, чоң үшкү алты тиштүү болот. Чебер үшкүнү өзүн карай тартып, жыгачка «тап» (кобул) түшүрөт. Кереге жел көзбү, же тор көзбү, ошого ылайыктап,… Калганын окуу »

ҮРТҮК

«Абайы үртүк, ак быштан, Аргымак аттар көрүнөт» («Манас»). Бул — ат жабуунун адими түрү. Бул — аш-тойлордо байгеге чабылуучу белгилүү жорголорду, кулүктөрдү жана каркыралуу көч баштаган кыз-келиндердин мингендерин кол жеткиздей кооздоо. Үртүктүк жип көбүнчө ичке ийрилет. Ал терме, беш кеште, кажары түрүндө да согулат. Кымбат жердиктен (нооту, абайыдан да) тандалат. «Абайылап жасалган, кыз-келиндин үртүгү» — деп айтылат. Аттын… Калганын окуу »

ҮЙ ЖЫГАЧТАРЫНЫН ЖЕРДИГИ

Элдик мүлк боз үйдүн сөөгү, буюмдун негизги бөлүгү. Буга карата үйдүн көлөмү аныкталат. Үй жыгачынын жердигинин бири тал болот. Мунун бир нече түрлөрү бар. Жыгаччылар алардын ич ара касиеттерин таасын билишет. Айталы, ак тал өтө бышык келет. Көл башында жана тескей тарапта анын жапайы түрү жыш өсөт. Бул өтө ичке анан түз көрүнөт. Чеберлер там аркаларына анын көчөтүн… Калганын окуу »

ҮЛГҮ

«Оймочунун жүлгүсү, Ойротко кеткен үлгүсү, Шакегинин жүлгүсү, Шаарга кеткен үлгүсү» (Жеңижок). Бул — көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу кооз буюмдун кагазга жана башка жердикке (кийиз, кездеме, таар, тери, темир, жыгач, мүйүз) түшкөн түрү. Кооз буюмдун өзүн кайрадан башкага өзгөртпөй көчүрүүсү да үлгү болот. Урунттуктуу эле буюм-кечелер ошол көркөмдүктүн кайталангыс үлгүсү болуп кала бербейт. Калк кандай кабыл алат. Көзүбүзгө таасын… Калганын окуу »

ҮЗҮК БОО

«Боегун жакшы кандырган, Боосун терме чалдырган» (Жеңижок). Бул — боз үйдүн боочуларынын бири. Үйдүн үзүгүнөн (эки үзүккө төрт боо) уукту арта айлантып, керегенин билегине байлана турган боо. «Үзүк боо», «кереге чалгыч», «жабык баш боо» — булардын эни бирдей келет. Эриш жиптери өрмөккө бирдей түшөт. Мунун да «терме», «кажары» жана «беш кеште» кылып түшүрүү ыкмалары болот. Аны кара таар,… Калганын окуу »

ҮЗҮК

«Үзүгүн аппак бордоткон, Этегин чачы тордоткон» («Манас») «Үзүгүнүн жээгине, Үч эли кундуз койдурган». (Жеңижок). Бул — боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана арткы үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун күзгү жүнүнөн уютулат да, жабыла турган үйдүн чоңдугуна жараша бири-бирине окшобогон төрт бурчтуктай бычылат. Болжолдо, үзүк баш жагынан… Калганын окуу »

ҮЗӨҢГҮ

«Алтындан куйган үзөңгү, Аягын төрө салбады» («Манас») Ал — ат жабдыгынын бир бөлүгү. Унаа үстүндө тыкан, түз жана тең салмакта жүрүүдө, аттанып түшүүдө бутка таканч болуп, теминүүгө ылайыкташат да, ээрдин эки капталына тагылат. «Коло үзөңгү», «жез үзөңгү», «күмүш үзөңгү» (күмүш жалаткан) деп аталат. Үзөңгү жыгачтан да, мүйүздөн да жасалган. Мунун бутка таканч таманы (теминчеги), эки жак капталы (жаактары),… Калганын окуу »

УСТАРА

«Мурундарын карасаң, Айбалтанын сабындай. Муруттарын карасаң, Устаранын кабындай» («Манас») Бул — атайын чач алуучу бычактын бир түрү. Муну жасоодо усталар курч темирден (ак курч, кара курч) жердигин тандап, чоктонтуп табы менен сугарып, аны бүлөөгө бүлөп курчутуп алышкан. Кыргыз устарасынын сабы катуу жыгачтан тандалат да, түп уңгусу иймейиңки болот. Мунун мизи менен сырты балык сымал эндүү келет да, темири… Калганын окуу »

УСТА, УЗАНУУ, УСТАЧЫЛЫК

«Кулукедей уста бол, Кыргыз элдин ичинде, Өлбөй турган нуска бол» (Токтогул). Бул — жердиги катуу буюмдарга узануучу чебер. Буга кара уста (темирчи), зергер (күмүш уста) (ат жабдыктарынын чебери: өрүмчү, кайыкчы, кайышчы, анан жыгаччы, кырмаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүз уста (мүйүзчү), тери буюмдарынын чебери (көн, шири, көөкөр, көнөк, көнөчөк, көңдөөл, чыны кап жасоочу) өңдүүлөр кирет. УЗАНУУ — зергерчилик,… Калганын окуу »