УУК, УУК БОО, УУК УЧТУК

УУК — «Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей… Калганын окуу »

УЗ, УЗЧУЛУК

«Карасам тиктеп алыстан, Калпагы окшош тоосуна. Кандай уз тикти болду экен, Карегим түштү коозуна» (Байдылда). Бул — көбүнчө аялдардын көркөм буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы, бычмачы, токуучу, өрмөкчү жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын толук сактап кармагандар кирет. Ал кооздолуучу буюм-кечеге аздыр көптүр жаңылыктарды жана толуктоолорду киргизүү менен чебер-аткаруучуларга (шакирттерине) насаатчылык кылат. «Оңунан… Калганын окуу »

ТҮШКҮН

«Кой башындай коргошун, Кошо түйгөн түшкүнгө» (Манас). Бул камчы өрүм. Анын узуну 34— 36 см болуп, муну өрүүдө өрүмчүлөр чеберчиликтен — чеберчиликке көтөрүлөт. Түшкүндү бекитүү өтө жооптуулукту талап кылат. Түшкүндүн чачысынын алдынан, ортосунан жана учунан өрүмү жанбас үчүн чеберлер өзүнчө түйүм берет. Анын узуну 2,5—3 см болот. Мындай камчылар абдан карылуу, камчыланууга да бышык келет. Аны камчынын «сокмогу»… Калганын окуу »

ТҮНДҮК ЖАБУУ

ТҮНДҮК ЖАБУУ — Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2×2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик жактагы боо бош ташталат. Түндүк жабууга бакан тирегенде тешибеске тастар жип кадалган бурчунун ич жагына калың тумарча кийиз… Калганын окуу »

ТҮНДҮК

«Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен… Калганын окуу »

ТҮЙМӨ

ТҮЙМӨ — боелгон түркүн жүн жиптен жасалган чачы, кооздук. Түймө (чачык өнөрү) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Чачык — боелгон жүн жиптен жасалган буюмдар. Мунун «чаян түйүш», «кылыч байлоо», «өрмө чачы», «түймө чачы», «төкмө чачы», «иймек чачы», «илмек чачы» сыяктуу ыкмалар бар. Боз үйдүн «тегиричине», «аяк капка», «күзгү капка» жана «секичекке», «чыгданга» жана ушул өңдүү буюмдарга… Калганын окуу »

ТҮЗГҮНДӨӨ

ТҮЗГҮНДӨӨ — камчы өрүмүнүн учун бекитүү. Майда өрүмдүн учун жанып кетпегендей түйүү. Өрүмчүлөр өрүм бүтө жаздап калганда өзүнчө ичке көк тилип алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, көк илме чалма (ычкыр-ичкур) чалынат. Ал чалмадан эки көк, илмесинен да эки көк түз өрүлөт. Ошондо өрүм оролуна айланып, пружина сымалданып түшөт. Анан өзөктү экиге… Калганын окуу »

ТУШАМЫШ (ЧИДЕР)

ТУШАМЫШ (чидер) — Ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаа отко коюлганда алыс кетпес үчүн атайын анын алдыңкы эки бутун (кишен, тушоо) же алдыңкы эки жана арткы бир бутун белгилүү узундукка байлап коюучу ат жабдыгынын бир түрү. Тушамын алгач жердиктен (кайыш, жип, кыл аркан) жасалып, унаанын алдыңкы бутунун бакайынан бир аз өйдөрөөк жерине (тушарына), алдыңкы буттар менен шилтенбей тургандай кылынып… Калганын окуу »

ТУУРДУК

ТУУРДУК — Боз үйдүн өрө кийизинин бир бөлүгү. Туурдуктун этек жагы жазы келип, ууктун билегине чейин жабуучу баш жагы кууш болот. Анткени, боз үй керегеден өткөндөн кийин улам жогорулаган сайын кууш болот. Ал — үйдүн кереге жабдуусу. Мунун узундугу 1,80—2 м дей, туурасы 4,5—5 метрдей бычылат, ал көбүнчө төрт бөлүктөн турат. Буга көбүнчө эчки менен топоздун кылтагынан кара-… Калганын окуу »

ТӨР КӨРПӨ (жер көрпө, жер төшөк).

«Көк болот ийне сапталган, Көк тубар көрпө капталган. Ак болот ийне сапталган, Ак макмал көрпө капталган» — (Жеңижок). Бул — шырдак, ала кийиз, шалча, килем сыяктуу жерге төшөлүүчү буюмдардын үстүнө салынуучу (1,5×1,0 м) төшөк. Ал ашатылып, өндөлгөн саксак көрпөдөн (бостектен) жасалып, төргө салынгандыктан «төр көрпө» деп аталат. Элибизде тармал кара көрпөнү төшөк кылып урунуу нарктуу. Кийинчирээк ичине жүн,… Калганын окуу »