ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР — Бүгүн таш кесүүчү аспап-куралдарга Таш кескич кирет. Анын башына алмаз бекитилет да, ал «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат. Балка негизги аспаптардан болот да, берки балкалардан кичине салмактуураак. Сабы кыскараак келет. Азыр цех техника аркылуу иштейт. Таш кескич, тешкич, жылмалоочу, жалтыратуучу дүкөндөр бар. Илгери болот темирди түрдүүчө сугарып, (майга, кийизге) аны таш чегүүгө ылайыкташтырып алышчу.… Калганын окуу »

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Таш — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, өндүрүшкө пайдаланылып жаткан каптоочу жана атайын жасалгалоочу таштардын кени табылууда. Алардын негиздүүлөрү мрамор жана гранит болуп саналат. Таш кендерибиз — элдик көркөм кол өнөрчүлүк үчүн жергиликтүү байлыгыбыз. Андан ар кандай буюмдар жаралат. Таш чегүүчүлүк — азыр да, эртең да, кийин да… Калганын окуу »

ТАЛКУУ

ТАЛКУУ — терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир же бир жарым кулачтай ок жыгачынын баш жагы да азуулуу болот. Ийленүүчү терини бир адам талкууга бүктөп, улам… Калганын окуу »

ТАКТА

Үй эмеректеринин бири. Бул боз үйдө жүк жыюуга ылайыкталган, жыгачтан жасалган текче. Ага кыска бут жасалат. (50 см дей.) Узуну жүктөгү жууркандын бир кертиминдей болот. Көчмөн турмушта боз үйдөгү жууркан- төшөктү таза кармоого жана тыкандап жыюуга шартташкан. 2) Сабаа тактанын жасалышы төр тактадай эле болот. Бийиктиги 45—50 см, туурасы 80—90, 100— 150 см ге чейин жетет. Төр тактасы… Калганын окуу »

ТАБАК

«Эт эмес табагыңды таппай калды» (макал). Бул — кырма идиштердин бири. Табак арчадан да, кайыңдан да, жаңгактан да, талдан да чабылат. Жарылып кетпеси үчүн жаңы табакты майга же майлуу сууга (кээде сорпого) салып, аны кайнатабыз жана отко кактап карайтабыз. Андай табак «кара табак» деп аталат. Кээде муну майлоодон ага кичине жошо сүртүлөт. Чара табакты көмкөргөндө айлананы элестетет. Бул… Калганын окуу »

СЫЯ ТӨГҮҮ

СЫЯ ТӨГҮҮ (зоот, мөөр түшүрү, себет төгүү). Бул — элдик зергерликте күмүштү иштетүүнүн негизги ыкмасы. Күмүш бетин көркөм оюм-чийимдерди берүү менен көркөмдөө. Мында ага из түшүрүп алуучу «ийне шибегени» колдонушат. Андан соң анын сыртына зергерлер дапдаана оюм кылчу сабы жумуру жыгачтан эки см дей учу бар «чийим шибегени» же «ойгучту» пайдаланышат. Эми көркөм оюм түшкөн жерге «себетти» (боекту)… Калганын окуу »

СЫНПОСТОО

СЫНПОСТОО — шири, көн буюмдарына көркөмдүк түшүрүү. Ал — териге оюм- чийим берүү салты. Бул — ээрге, тердикке, көөкөргө, көнөккө, көнөчөккө, сабаага, чыны капка жагданга, мөкүгө, кепичке, көк жекеге, маасыга жана башка салттуу буюмдарга, кийимдерге элдик оюм чийимдерди жаратуу. Чеберлер катуу чийден оюм-чийим түшө турган форма (калып) даярдап, чылгый терини анын үстүнө коюп, аны оор нерсе менен бастырып,… Калганын окуу »

СЫЗМА

СЫЗМА — өрмөктө түрдүү өңдө (кызыл, сары, көк, кара, ак) боелгон тал жиптерди күзүктөп, көркөм көчөт түшүрбөй эле бир гана аркак салуу менен согуу. Мындан «уук тизгич», кереге башын «чалуу», «кереге таңуу», «саканак таңуу», «туурдук боо», «жабык баш боо», «үзүк боо», «тегирич боо» өңдүү боз үйдүн боо- чууларын, «шалча», «такта жапкыч» жана ушул өңдүүлөрдү көп жасашат. Айрым аймактарда… Калганын окуу »

СҮЗМӨ (ЖҮЗМӨ)

СҮЗМӨ (Жүзмө) — Ат жабдыктарына чабылуучу шөкөт. Учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпогураак шөкөт. Мунун узундугу 6—7 см ге, туурасы 2—2,5 см ге барабар, иймекей учу кайышка имериле чабылат. Куюшкандын эки жак «сүзмөлөрүн» бириктирген чагарагы бар. Аттын соорусуна түшүп турган кайышка чабылган «кош солондору» болот. Куюшкандык кайыш «кошунду» аркылуу биригет. Ат — жабдыктарынын бул бөлүгү да өтө зергерчиликте шөкөттөлөт.… Калганын окуу »

СУЗГУ (ЧӨМҮЧ)

«Кашык чөмүч артынып, Катындарга сый кылган» (Калык). Бул — жыгач идиш. Тамакты сузууга (ошон үчүн сузгу), сапырууга, куюуга шартташкан идиш. Мунун кырбуусун да кештелеп коет. Түбүнө караганда оозу жука болот. Муну жасоо үчүн чеберлер болжолдо үч жарым карыш талды тепетең бөлөт. Эгер кыйган талыбыз ичке болсо, эки сузгу, төрт кашыкка чакталат. Тал жоон болсо, төрт сузгу чабылат. Талды… Калганын окуу »