АТКАРУУЧУ БИЙЛИК

АТКАРУУЧУ БИЙЛИК – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун жана эркиндигинин корголушун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы ишмердигин уюштуруп жана багыттап турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрлик, мамлекеттик комитет, админстрациялык ведомстволор, мамлекеттик жергиликтүү админстрациялар А. б. жүргүзөт. А. б-тин формалары ар башка өлкөлөрдө ар түрдүүчө. АКШда жана көпчүлүк латын-америкалык өлкөлөрдө жогорку А. б. бир… Калганын окуу »

АРСТАНБЕК Буйлаш уулу

АРСТАНБЕК Буйлаш уулу (1824–1878) – ойчул, төкмө, заманачы акын. Калыгул, Молдо Кылыч ж. б. менен бир катарда турат. 1941-ж. окумуштуу Тазабек Саманчин алгачкы жолу «Арстанбек» аттуу жыйнак чыгарган. Коммунисттик идеология мезгилинде А-тин ырлары, ойлору «эскичил», «реакциячыл» деп, аларды басып чыгарууга жана окуп үйрөнүүгө тыюу салынган. А-тин негизги ырлары эл ичинде айтылып, сакталып келген. 1994-ж. А-тин туулганынын 170 жылдык… Калганын окуу »

АЛМОНД Габриэл

АЛМОНД Габриэл (1911) – америкалык саясат таануучу. Саясатты изилдөөдө функционалдык методду колдонгон. Структуралык функционализмдин негизги түшүнүктөрдү А. «Политика развивающихся регионов», 1968-ж. (Коулман менен бирге) эмгегинде иштеп чыккан. А. саясий системаны коомдогу бирине-бири көз каранды эмес топтордын биригип аракет кылуу системасы деп эсептейт. А-дун ою боюнча бардык системалар эки фазалык функцияны өткөрөт: а) функция – аракетке келтирүү, б) функция… Калганын окуу »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСЫЛДЫК

АСЫЛДЫК — эстетикалык баалуулукка ээ көрүнүштөрдү мүнөздөөчү түшүнүк (категория). Бул түшүнүк «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылып, анда реалдуу чындыкка, 6. а. жаратылыштагы, социалдык чөйрөдөгү, адамдардын өз ара мамилелериндеги түрдүү көрүнүштөргө элдин оң баасы камтылган. В. Г. Чернышевскийдин сөзү менен айтканда: «Асылдык — бул турмуш» (Эстетика, М., 1958, 55-б.) жана оомалуу-төкмөлүү бул жашоонун өзүн адамдар асыл нерсе катары баалашат. А.… Калганын окуу »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСТРОНОМИЯ

АСТРОНОМИЯ — асман телолору, жалпы эле ааламдын түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндө илим. Байыртан баштап эле кыргыздарды көмкөрүлүп турган көк асмандын сулуулугу дайыма суктантып келген. Мында бөтөнчө асмандын түнкү көрүнүшү адамдын, айрыкча, акындардын назарын өзүнө буруп, өзгөчө шыктануунун булагына, эстетикалык предметке айланган. «Манас» эпосундагы эл сүйгөн баатыр Манас асмандагы Айга, Күнгө теңештирилип сүрөттөлөт: Асман менен Жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың… Калганын окуу »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

«Манас» эпосу бир эле кылымдын же бир эле доордун көркөм эстелиги эмес. Эпосто кыргыз элинин басып өткөн узак жана татаал тарыхый жолу көркөм чагылдырылып, көптөгөн доорлордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кеңири баяндалган. Анын татаал тутумунда А. д. мезгилинин олуттуу белгилеринин орун алышы талашсыз далил. А. д. доору уруулук-аталык түзүлүш ыдырай баштаган мезгилге туура келет. Бул доорго мүнөздүү салттар жөнүндөгү даректер… Калганын окуу »

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ — аскердик демократия учурунда уруу союздарынын бийлик жүргүзүүчү уюму. Жоокерчилик доорлордун мүнөздүү салттары тарыхта гана сакталбастан, элдин оозеки чыгармачылыгында, айрыкча баатырдык эпосторунда кеңири сакталган. Элдик эпостордо бийликти жол башчылардын кеңеши — элдик чогулуш, аскердик жол башчы жүргүзгөндүгү чагылдырылган. К. Маркс баатырдык мезгилде афиналык грек урууларында бийликтин координацияланган үч органы: 1) жолбашчылардын кеңеши, 2) элдик чогулуш… Калганын окуу »

АСКЕР

АСКЕР — эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштар эле эмес, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген… Калганын окуу »

АСА, АСА ТАЯК

АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак… Калганын окуу »