АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ — «Манас» эпосунда дүйнөнү, өзүн курчап турган чөйрөнү аң-сезимдүү, максатка ылайыктуу өзгөртүү жана кайра түзүү багыттарындагы адамдык аракеттердин көп түрдүү формалары катары көрүнөт. Анын ичинде коомдун, элдин турмушунун бардык чөйрөлөрүнөн орун алуу менен, асыресе материалдык жана рухий жактан даана байкалат. Өзүнүн көп кылымдык өнүгүү тарыхында башка элдердей эле кыргыз эли да эмгек ишмердиктери, социалдык чыгармачылык аракеттери… Калганын окуу »

АДАМДҮК

АДАМДҮК — мифологиялык кейипкер. «Манаста» А. дөөнүн образы жамандыктын символу катарында берилет. Анын жомоктук образы Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири чагылдырылган. Эпостун «Дөө-пери жомогу» деген эпизодунда Кутубий адамдын алы жетпөөчү А-тү маңдайындагы жалгыз көзүнө атып өлтүрүп, ал туткундаган адамдарды бошотуп, байлыгын аларга бөлүп бергендиги баяндалат. А. тиричилик каражаттарын өндүрбөйт. Түрдүү өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер, жан-жаныбарлар менен азыктанат. Ошондой эле үңкүрлөрдө жашап,… Калганын окуу »

АГЫШ

АГЫШ — эпизоддук кейипкер, Жеткир бийдин уулу, Кыястын атасы. А. Көкөтөйдүн ашында кытай балбаны «түктүү таман Түкүбайды» жыгып элге намыс алып берген каарман катары белгилүү. Башка каармандардан «Чыканактай эр Агыш, Бүткөн бою тарамыш» (Саякбай Каралаев, 2. 26), чакан боюна жык толгон кайрат-күчү, шайырлыгы, оюн-шоокту жакшы көргөндүгү, кыз жандуулугу «Чоң оюнчу кыз накыш Агышың жайы ушундай» (Саякбай Каралаев, 2.… Калганын окуу »

АГЫДАЙ

АГЫДАЙ — кырк чоронун бири, далычы. Кырк чоронун катарында дайыма саналып, «Агыдай далы көрүүчү, ашкере айтып берүүчү» (Сагымбай Орозбаков, 3. 49) делип сүрөттөлөт. Кээ бир эпизоддордо Манас жортуулга чыгарда ага атайы далы ачтырып, иштин кандай аяктарынан алдын ала кабардар болот, мисалы, Шоорук кан менен урушта (Курама варианты, 1. 138). Адамдар шаманизмге ишенген байыркы мезгилдерде далычылардын, төлгөчүлөрдүн, балчылардын коомдук… Калганын окуу »

АБЫКЕ

АБЫКЕ — Жакыптын кичи аялынан төрөлгөн алты уулунун бири. Эпостун биринчи, экинчи бөлүмдөрүнүн бардык варианттарында катышат. А. иниси Көбөш менен бирдикте Манаска каршы иш жүргүзөт. Айрым учурда Көбөшкө караганда ак көңүл, абийирдүү адам катары көрсөтүлгөнү менен басымдуу учурда Көбөштүн жетегинен чыкпаган жетелеме адам. «Чоң Казатка» аттанарда Манас баатыр калың элге жар чакыртып, жортуулду каалабагандарга үйлөрүндө калууга эрк берет.… Калганын окуу »

АБРАМЗОН САУЛ МАТВЕЕВИЧ

АБРАМЗОН САУЛ МАТВЕЕВИЧ (1905, Орлов губерниясы, Димбровск шаары — 1977, Ленинград) — кыргыз этнографиясына негиз салуучулардан, тарых илимдеринин доктору (1968), Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1926). 1926-жылдан Кыргыз АОнын музейинин башчысы. А. 1928-ж. Кыргыз АССР ЭКСтин алдындагы Край таануу боюнча алгачкы илим- изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан. 1931-жылга чейин Кыргызстан маданий курулуш институтунун директору. А-дун эмгектеринде негизинен кыргыз… Калганын окуу »

АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ

АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ (1937, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. «Кыргыз эл табышмактары» деген темада кандидаттык диссертация (1973) коргогон. 1988-жылдан тартып Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери. «Бабалардан калган сөз» (1980) аттуу кыргыз фольклорунун тарыхы жөнүндөгү… Калганын окуу »

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика- математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда кенже… Калганын окуу »

АБДЫЛДА ДӨӨЛӨТ УУЛУ

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу (1899, Өзгөн району, Алга айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Басыз уруусунан. «Манас» эпосун жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966 — 70- ж. «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 630инв.). Бул эпизоддор негизинен Манас жана анын кырк чоросу менен Алмамбеттин таанышышы,… Калганын окуу »

АБДЫКЕРИМ БЕКИ УУЛУ

АБДЫКЕРИМ Беки уулу (1880, Базар-Коргон району, Сейдикум айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Мундуздун аркалык уруусунан. «Манас» эпосун атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып айта коюп жүргөн. Элдик жөө жомокторду да билген. А-дин айтуусунда «Манастын кыз Сайкалды алышы» эпизоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу менен аттанып, кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин… Калганын окуу »