АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ

АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ (1937, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. «Кыргыз эл табышмактары» деген темада кандидаттык диссертация (1973) коргогон. 1988-жылдан тартып Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери. «Бабалардан калган сөз» (1980) аттуу кыргыз фольклорунун тарыхы жөнүндөгү… Калганын окуу »

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ

АБДЫЛДАЕВ ЭСЕНАЛЫ (1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика- математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда кенже… Калганын окуу »

АБДЫЛДА ДӨӨЛӨТ УУЛУ

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу (1899, Өзгөн району, Алга айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Басыз уруусунан. «Манас» эпосун жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966 — 70- ж. «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 630инв.). Бул эпизоддор негизинен Манас жана анын кырк чоросу менен Алмамбеттин таанышышы,… Калганын окуу »

АБДЫКЕРИМ БЕКИ УУЛУ

АБДЫКЕРИМ Беки уулу (1880, Базар-Коргон району, Сейдикум айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Мундуздун аркалык уруусунан. «Манас» эпосун атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып айта коюп жүргөн. Элдик жөө жомокторду да билген. А-дин айтуусунда «Манастын кыз Сайкалды алышы» эпизоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу менен аттанып, кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин… Калганын окуу »

ИНАН АБДУЛКАДЫР

АБДУЛКАДЫР ИНАН (1889, Башкортстан, Екатеринбург-Чыгай —1976, Анкара) — түрк тилдүү окумуштуу, манас изилдөөчү. Улуту башкырт. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулие мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган (1908). 1914-ж. жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешинде мударис (профессор) наамын алган. 1915—23- жылдары мектептерде мугалим болуп иштеген. Орустарга каршы көз… Калганын окуу »

АБА ЫРАЙЫ

АБА ЫРАЙЫ — белгилүү бир убакта же учурда бир аймактагы атмосферанын абалы, атмосферанын космос жана жер бети менен өз ара аракетинен пайда болгон физикалык процесс. Адам баласы — табиятты үйрөнүп билүүгө байыртадан эле умтулуп келген. Адамдын ар бир нерсени баамдоого, баалоого, аңдоого багытталган кудурети адамзаттын бүткүл рухий жана материалдык прогрессинин өзөгү болуп эсептелип, алардын чыныгы (бул) дүйнөнү таанып-… Калганын окуу »

ААЛАМ

ААЛАМ — бизди курчап турган түбөлүктүү жана чексиз кең дүйнө. «Аалам» менен «космос» деген сөз маанилеш. Асмандагы жылдыздардын бардыгы А-га кирет. Жер жана күн ошондой жылдыздардан. Күндүн айланасындагы жерден башка дагы 8 планета (Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун, Плутон) жана миңдеген майда телолор (астероиддер жана кометалар) айланып жүрөт. Алар биригип Күн системасын түзөт. Анын диаметри 10… Калганын окуу »