«КЫРГЫЗ ССРИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙЛОРУНУН АНТОЛОГИЯСЫ»

«АНТОЛОГИЯ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ МЫСЛИ КИРГИЗСКОЙ ССР» («Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясы»)—«СССР элдеринин педагогикалык ойлорунун антологиясы» сериясынан (М., 1988) орус тилинде чыккан китеп (көлөмү 968 б.). Антология Элдик педагогика, Эл акындарынын чыгармачылыгындагы педагогикалык ойлор, Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки Кыргызстандагы педагогикалык ойлор деген үч бөлүктөн турат. Баш сөз ордуна Ч. Айтматовдун «Окурмандарга» жана педагогика илимдеринин доктору М. Р. Балтабаев менен… Калганын окуу »

АНТИТЕЗА

АНТИТЕЗА (гр. antithesis — карама-каршылык) — түшүнүктөрдү, көрүнүштөрдү бири-бирине ачык карама-каршы коюу. Тексттин, ойдун эмоциялуулугун күчөтүп, көркөмдүгүн жогорулатуу үчүн кызмат кылат. А. «Манас» эпосунда да көп кездешет: «Батыш менен чыгышка Айдап жүрдү чубатып» (Жусуп Мамайдын варианты, 1.540). Эпосто А. каармандарды сүрөттөгөн эпитеттерде жолугат. Мисалы, Бакайды мүнөздөгөндө: «Караңгыда көз тапкан, Капылетте сөз тапкан» (Курама варианты, 2.44). А-ны түзүүдө көбүнчө… Калганын окуу »

АНТ

АНТ — эч качан бузулбас, салттык ыйык убада-бүтүм, шерт, касам. А. жоокерчиликте, достукка бекем болууда, ар кандай жашыруун ишти аткарууда берилген. Байыркы кыргыздарда баатырлар элдин эркиндиги, намысы үчүн жоого каршы аттанарда жан аябаска, максатты орундатууга, шартты бузбоого ок тиштешип же кылычтын мизин өбүшүп А. беришкен. Магиялык касиети бар катары аксак. сары атты ортого коюп достошуу салты болгон. Эпосто… Калганын окуу »

АНИМИЗМ

АНИМИЗМ (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө эгедер, алардын үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним. Анимисттик көз караш боюнча бүт табигат ак санатай же кара санатай рухтар менен курчалган, ал эми табияттын кара күчтөрү фантастикалык рухий күч катары эсептелет. Кишилер тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга,… Калганын окуу »

АНЖЫЯН

АНЖЫЯН — топоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. Эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, А. Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот. Кыргыздардын… Калганын окуу »

АНАРГҮЛ Тажыбай кызы

АНАРГҮЛ Тажыбай кызы (1900, Ноокат району, Кашкалдак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Манасчылардын түштүк тобуна кирет. 15—16 жашынан ашыктык (сүйүү) ырларын жакшы аткарып, кошок чыгарып айтып жүргөн. «Манас» айтууну өзүнүн күйөөсү Бөрүбай Султан уулунан үйрөнгөн. Бирок, А. уяңдыгынан эл алдына «Манас» айтып чыга алган эмес. Ал тургай анын «Манас» айтарын өз туугандары деле укпаптыр. 1947-ж. К.… Калганын окуу »

АМПЛИФИКАЦИЯ

АМПЛИФИКАЦИЯ (лат. атрНйсайо — көбөйүү, кеңейүү) стилистикалык фигура, текстте речтик конструкциялардын же айрым сөздөрдүн кайра-кайра кайталанышы. Чыгарманын поэтикалуулугун, таасирдүүлүгүн арттыруучу каражаттардын бири. А. «Манас» эпосунда өтө көп кездешет: Кара болот ок өтпөс, Кырк кыраан, кие турган кез келди, Качкындарды таандай Чоролор, тие турган кез келди. Какайлатып токмоктоп Карыкандын алдында, Баатырлар, кире турган кез келди. Жүгөн катпай жайдактап, Качкынды мине… Калганын окуу »

АЛЫМСАРЫК

3) Алым бий, Сарык—эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында бирде Алым бий, бирде Сарык деп айтылат. Көкөтөйдүн ашына келгендердин бири. Эр сайышка түшчү Манаска минерге ат издеген Кошой Көкчөнүн элиндеги А. минип жүргөн Жармаңдай деген күлүктү сынына толтуруп жаратат. Жармаңдайды минип эр сайышка чыккан Манас жеңишке ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 3.244). 2)  Манастын небереси Сейтектин уулу. Кенендин тушунда кыргыз… Калганын окуу »

АЛЫМЖАН СЫРДЫБАЙ УУЛУ

АЛЫМЖАН СЫРДЫБАЙ УУЛУ (1932, Токтогул району, Көдүл айылы) — семетейчи. «Семетей» айтууну атасынан үйрөнгөн. Атасы «Семетей» дастанынан Семетейдин төрөлгөнүнөн тартып анын Чынкожо менен Толтойду жеңгенге чейин айткан. А. Айчүрөктүн Семетейди издеп чыгышынан ал алып кеткен Акшумкардын артынан барып, Семетей Айчүрөккө жолукканга чейин (1182 сап) айткан. Анын айтуусундагы Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү көп жагынан башка варианттар менен үндөш, жакын. Анткени,… Калганын окуу »

АЛЫЙМАН МУСА КЫЗЫ

АЛЫЙМАН Муса кызы (1912, Ооганстандын Памиринде) — манасчы. Тажик ССРинин Тоолуу-Бадакшан автономия облусунун Мургаб районунундагы Раң-Көл кыштагында жашаган. «Манас» айтууну атасы Муса Жума уулунан үйрөнгөнүн эскерет. Муса өмүр бою оогандык Памирде жашаган экен. Ооганстандын Памир өрөөнүн мекендеген кыргыздар да «Манас» эпосун билгендиги бул фактыдан көрүнүп турат. А. «Манасты» кара сөз менен ыр аралаш айткан. А-дан Манастын төрөлүшү, балалык… Калганын окуу »