АЛМАН

АЛМАН — салык, алым. А. өткөн заманда бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалга, зарылчылыкка байланыштуу элден чогултулган. «Манас» эпосунда душманды жеңүүгө жумшалчу чыгым жана согуштук куралжаракты даярдоого, ири курулуш иштерин жүргүзүүгө кеткен каражат А. катары элден жыйналган. Мисалы, Манастын күмбөзүн курууда: Алман салып кыргыздан Алты миң эркеч бир жыйып, Кыш кайнатып бек салып Алты кылым өткөнчө Кетилбесин деп салып… Калганын окуу »

АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ ЖАНА КҮМБӨЗҮ

АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ (кабырканасы)— Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген жериндеги эски моло дөбө. Эл оозунда мындай деп айтылат: «Манас Чоң казатта чоролорун Шыпшайдардын огуна учурганда, Алмамбет дагы мерт болот. Ошондо Алмамбеттин сөөгүн Саралага артып, ай талаада карга-кузгун, ит-кушка жем болбосун деп жөнөтүп жиберет. Адамдан эстүү Сарала аманат сөөктү Чеч-Дөбөгө алып келген. Ошентип, Алмамбет сөөгү ушул жерге коюлган.» Саякбай Карала уулунун айтуусунда… Калганын окуу »

«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ»

«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ» — «Манастын» сюжетине чертилген элдик күү. Бээжинге бараткан жолдо Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө Тал-Чокуда отуруп, Манас дүрбү салып кытайдын элин көрүп таң калганда Алмамбет кытайдын жайын айтат. Мурун билбейм деп койгон Алмамбетке Манас таарыныч кылганда, анан Алмамбет өзүнүн туулуп өскөнүнөн баштап, Коңурбай, Эсенкан менен каршылашып, кытайдан кеткенине чейин, Көкчөдөн кетип, Манаска кошулганына чейин таржымалап, жомоктоп… Калганын окуу »

«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ»

1) Манасчы Арзы Турду уулунун (КЭР) айтуусундагы «Манастан» үзүндү. Кызыл-Суу кыргыз автоном областтык адабият көркөм өнөр бирикмеси түзүп бастырган, «Кашкар гезити» басмаканасынан чыгуучу «Керме- Тоо» аттуу журналда (1987, № 3) жарыяланган. Көлөмү —293 сап ыр. Алмамбеттин окуясынын жалпы сюжеттик сызыгы сакталуу менен анын трагедиялык образы өтө кыска мүнөздө берилген. Үзүндүдө Алмамбеттин казактарга келгени гана эскерилет да, Көкчөдөн кетишинин… Калганын окуу »

АЛМАМБЕТ

АЛМАМБЕТ — Манастын кырк чоросунун эң көрүнүктүүсү. Теги боюнча кытай (кээде калмак) канзадасы, атасы Соорондук (айрым варианттарда Азизкан) кытайдын башкы кандары Эсенкан, Алооке, Карыкан менен бир тууган. Эпостогу монументалдуу образдардын ичинен А-тин образы өзүнүн көп кырдуулугу менен бөтөнчө орунга ээ. Манаска жакын башка адамдар өздөрүнө таандык сапаттары (Мисалы, Чубак, күч-кубатка эгедерлиги, намыскөйлүгү; Сыргак чыйрактыгы, шамдагайлыгы, моюбастыгы; Каныкей менен… Калганын окуу »

АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ

АЛМАБЕК ТОЙЧУБЕК УУЛУ (1887, Ысык-Көлдүн чыгышындагы Ой-Булак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Атасы Тойчубек (1853—90) да, агасы Дыйканбай (1873— 1923) да эл арасында «Манастан» үзүндү, негизинен «Семетейди» мыкты айткан адамдар катары белгилүү болушкан. А. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясында иштеген жылдары эл арасына чыгып, «Манастан» үзүндүлөр айтып жүргөн. 1945—47, 1962 — 63, 1968-ж. «Манас», «Семетей», «Сейтектен»… Калганын окуу »

АЛЛИТЕРАЦИЯ

АЛЛИТЕРАЦИЯ (лат. а1 — кошо, карай, littera — тамга) — ырда (айрым учурда кара сөздө да) сөз башында же сап башында бирдей үнсүз тыбыштардын айтылышы. А. дүйнө элдеринин көркөм сөз өнөрүндө кеңири тараган. Айрыкча түрк элдеринин поэзиясында жана желдирме, жорго сөз («ыргактуу проза») формасындагы чыгармачылыгында көп колдонулат. Кыргыз элдик оозеки эпикалык, лирикалык чыгармалардан тартып, макал-лакаптарга чейин А. өтө… Калганын окуу »

АЛЛЕГОРИЯ

АЛЛЕГОРИЯ (гр. allegoria — кыйытып айтуу каймана айтуу) — оозеки элдик чыгармачылыкта, жазма адабиятта кеңири колдонулуп келаткан стилистикалык ыкма, көркөм сөз каражаттарынын бири. А. аралашкан сүрөттөөлөрдүн, баяндоолордун көркөмдүгү, кооздугу күчө менен кызыктуулугу да артып отурат. Адатта, А-да каймана түрдөгү кыйытып айтылуучу мазмун, ой-пикир ар кыл мүнөздөгү көркөм элестер, сүрөттөөлөр аркылуу ишке ашат. Кыргыз эл оозеки чыгармаларында, жомоктордо Күкүк… Калганын окуу »

АЛКЫШ

АЛКЫШ — сөздүн магиялык күчүнө ишенүү менен адамга жакшылык каалоо, анын күнүмдүк жумуштарында же жоокерчилик иштерине ийгилик тилөө. А. өзүнө ар түрдүү магиялык милдеттерди камтыйт. Сөздүн магиялык күчүнө ишенүү коомдун өнүгүшүнүн эң төмөнкү баскычындагы уруу түзүлүшүнүн учурунда жаралган. Конкреттүү кырдаалга жараша жакшылык алып келе турган сөздүн сыйкырдуу күчүнө ишенүү анимисттик түшүнүктөрү (отко, сууга, айга, күнгө, асманга, жерге, теңирге,… Калганын окуу »

АЛЕҢГИР ЖАА

АЛЕҢГИР ЖАА — эпосто баатырлардын алып жүргөн жоо жарагы: «Атынын мойну бир кулач, Айбандан түрлүү көрүнөт, Алеңгир жаа асынган, Адамдан сүрдүү көрүнөт» (Сагымбай Орозбаков, 2. 300). Алеңгир — байыркы түрк-моңгол сөзү. Саадак деген маанини билдирет. Ал эми жаа деген экинчи компоненти да саадак маанисинде колдонула берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А. ж. кытай жоокерлери колдонгон курал катары да айтылат.… Калганын окуу »