АЛКЫШ

АЛКЫШ — сөздүн магиялык күчүнө ишенүү менен адамга жакшылык каалоо, анын күнүмдүк жумуштарында же жоокерчилик иштерине ийгилик тилөө. А. өзүнө ар түрдүү магиялык милдеттерди камтыйт. Сөздүн магиялык күчүнө ишенүү коомдун өнүгүшүнүн эң төмөнкү баскычындагы уруу түзүлүшүнүн учурунда жаралган. Конкреттүү кырдаалга жараша жакшылык алып келе турган сөздүн сыйкырдуу күчүнө ишенүү анимисттик түшүнүктөрү (отко, сууга, айга, күнгө, асманга, жерге, теңирге,… Калганын окуу »

АЛЕҢГИР ЖАА

АЛЕҢГИР ЖАА — эпосто баатырлардын алып жүргөн жоо жарагы: «Атынын мойну бир кулач, Айбандан түрлүү көрүнөт, Алеңгир жаа асынган, Адамдан сүрдүү көрүнөт» (Сагымбай Орозбаков, 2. 300). Алеңгир — байыркы түрк-моңгол сөзү. Саадак деген маанини билдирет. Ал эми жаа деген экинчи компоненти да саадак маанисинде колдонула берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А. ж. кытай жоокерлери колдонгон курал катары да айтылат.… Калганын окуу »

АЛГЫР КУШТАР

АЛГЫР КУШТАР, кыраан куштар — аң (карышкыр, түлкү, сүлөөсүн, коён жана башкалар), илбээсин (кыргоол, кекилик, чил, тоодак, өрдөк, каз, көгүчкөн жана башкалар), боз куштарды (чымчык, таранчы, торгой, чакчыгай жана башкалар.) алуучу жана аларды уулоо үчүн атайын тапталуучу жырткыч куштар. Аларга: буудайык, бүркүт, ителги, куш, ылаачын, турумтай, жагалмай, борбаш, кыргый өңдүүлөр кирет. Булардын ичинен бүркүт, куш, жагалмай, турумтай, кыргый… Калганын окуу »

АЛГАРА

АЛГАРА — Коңурбайдын тулпары. Эпостун бардык варианттарында кытайдын башкы баатыры, кол башчынын тулпары катары кеңири сыпатталат. Жусуп Мамайдын вариантында А., Манастын Аккуласы, Жолойдун Ачбууданы Чыңгыш аттуу какандын менчик бээсинен туулат. Коңурбай эпикалык душмандардын айла-амалдуусу жана эң коркунучтуусу. Эпостогу негизги оң, терс кейипкерлердей эле ал да согуштук тулпары менен баатыр, ансыз анын эрдик сапаттары толук ачылмак эмес. Коңурбайдын согуш… Калганын окуу »

АЛБАРС

АЛБАРС — сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо- жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан. Эпосто А. кылыч жасалганда ушул касиеттер толугу менен сакталгандыгы айтылат. А.… Калганын окуу »

АЛАЙ

АЛАЙ — топоним. «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарында кыргыз уруулары байыртан мекендеп келе жаткан белгилүү жерлердин бири катары: «Орозду деген агаң бар, жайлайт деп угам Алайды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), «Кең-Алайды жердеген, андагы нойгут эл деген» (Саякбай Каралаев, 1. 218),— деп эскерилет. Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, алгач ушул А. аймагында жашайт. Эпостун бир катар белгилүү окуялары А-да өтөт:… Калганын окуу »

АКЫР-ТАШ

АКЫР-ТАШ — Манас жана Семетейдин ысымдарына байланышкан ошондой кылымдагы эстелик. Казак ССРинин Жамбыл областында. Жамбыл шаарынын 35—40 км чыгышында Фрунзе — Жамбыл темир жолундагы Ак-Чолок станциясынан 5 км алыстыкта. Уламышта А.-Т-ты Манас уулу Семетей экөө салган делет. Семетей тоодон таш ыргытып, атасы аларды тосуп алып, жылмалап тизе берген. Имарат курулуп бүткөндөн кийин Манас менен Семетей чогуу турушкан. Атасынын… Калганын окуу »

АКЫРЕТТИК ЖАР

АКЫРЕТТИК ЖАР, кыяматтык жар — диний ишенимдерде эркек адамдын өлгөндөн кийин «чыныгы» дүйнөдө (тиги дүйнөдө) алуучу аялы, жары. Баатырлык үйлөнүү темасынын салттык сюжети белгилүү даражада Манас менен Кыз Сайкалдын жекеме-жеке кармашуусунда сакталган. Экөөнүн жекеме-жеке кармашуусу эпостун негизги варианттарынын бардыгында айтылат. Бирок, ар бир вариантта ар башка турмуштук кырдаалда, ар башка мүнөздө мотивдештирилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас Текес канды… Калганын окуу »

АКЫН

АКЫН — кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. Б. В. Радлов, В. Бартольд, А. Маргулан, И. А. Батманов өңдүү илимпоздордун болжолунда А. «ак» (течь, струя) деген сөздөн жасалган.… Калганын окуу »

АКЫЛ-ЭС

АКЫЛ-ЭС — адамдын түшүнүү, ой-жүгүртүү, таанып билүү жөндөмдүүлүгү. Таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнүн мүнөздөмөсү катары А.-э. «Манас» эпосунда философиялык, психологиялык, тарыхый жана башкалар жагдайларда чагылдырылып жана адамдардын ойлоо аракеттерине, эй жүгүртүү өрүшүнө байланыштуу көрүнөт. Муну «Манас» эпосунун энциклопедиялык өзгөчөлүгү, башкача айтканда эпосто элдин көп кылымдык тарыхы ичиндеги дүйнө түшүнүктөрүнүн кеңири камтылып турушу, аалам, коом, жаратылыш тууралуу түрдүү деңгээлдеги билимдердин, маалыматтардын топтолушу… Калганын окуу »