АКЫЛМАН

АКЫЛМАН — акылга дыйкан, көптү билген, көптү көргөн, даанышман, кеменгер адам. Эзелтен эле кыргыз эли акылмандыкты, эл ичинен чыккан А. адамдарды кастарлап, алардын накыл кептерин көңүлгө тутуп келген. Элдеги, жамааттагы абийир, адеп, жалпы эле ымандык нормалардын сакталышын А. карыялар, аксакалдар көзөмөлдөп, багыттап турган. Ушуну менен катар журт башына кыйынчылык түшкөндө, кысталыш учурларда туура жол таба билген. Жаңжалдарды, чатактарды… Калганын окуу »

АКЫЛБЕК

АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-жылдары туулган — өлгөн жылы белгисиз) — эл арасында ысмы кеңири тараган манасчы. Колдо болгон маалыматтарга караганда А. эң таланттуу инсан экен. А-тин өтө таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт. Маселен, манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен А-ти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле: Назар менен Нармантай, Келдибек,… Калганын окуу »

АКЫЛАЙ

АКЫЛАЙ — каарман, Манастын аялы, Шооруктун кызы. Манас Оогандын каны Шоорукту жеңип, кызы А-ды тартууга алат. ЗКоокерчилик доордун салты боюнча кыз баатырдын «олжосу» болуп турган тарыхый шарттын көркөм элеси эпостун бардык варианттарында учурайт. Түш. Кыргызстандан (Ноокат, Алай рндору) жазылып алынган жана Жусуп Мамайдын вариантында А. эмес Накылай. Бардык айтуучулар А-дын образын түзүүдө жалпы эпостук салтка ылайык анын портретине,… Калганын окуу »

АКШУМКАР

АКШУМКАР — Манастын, кийин атадан калган мурас катары Семетейдин укмуштуу аңчылык кушу. Багыш Сазановдун варианты боюнча «Арканын кара тоосунан, Адам жүрбөс зоосунан, Капкактуу таштын астында, Курбулуу тоонун боорунда, Жети аркан салса жетпеген, Адамзаат баласы. Алып муну кетпеген». А. темир канат кезинде уясынын кырында олтуруп, учуп бараткан кузгунду алам деп умтулуп кулап келе жатканда Алмамбет тосуп алып, кан баласы… Калганын окуу »

АК ҮЙЛҮҮ

АК ҮЙЛҮҮ — бийлик ээлери тарабынан көз каранды элдин көрүнүктүү, кадырлуу, өкүлдөрүн (баласын же өзүн) барымтага алуу. Үстөмдүк кылуучу бийлик ээси буйругун эки кылбай аткарып туруш үчүн А. ү. ыкмасын колдонушкан. Эпостун негизги варианттарындагы согуштук окуяларда эскерилет. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишкен кыргыздарды коркутуу максатында Алооке кан: Өкмөттөн айрылып, Өкүнбөс боло турсун деп, Улуктуктан айрылып Урушпас боло турсун деп,… Калганын окуу »

АКУНКАН

АКУНКАН — каарман, Оогандын каны, Айчүрөктүн атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас катаган, тейитти чаап кеткен, оогандын каны Түлкү менен урушуп, жеңип алганда, иниси А-дын адамгерчилигин жактырып калат. А. да Манастын баатырдыгына, айкөлдүгүнө чексиз ыраазы болуп, бел куда болууну сунуш кылат. Манас Бакай, Алмамбет менен кеңешип анын өтүнүчүн кабыл алат да, эгер балаң кыз болсо, бата аягыбыз, эркек болсо… Калганын окуу »

АКТУЛПАР

АКТУЛПАР — Темиркандын тулпары. Темиркан өзүнүн ордуна Семетейди кан шайлаганына арнап өткөргөн тойдогу ат чабышта А-ды байгеге кошот. Ал Каныкейдин алтымыш асый Тайтору баш болгон 361 күлүк ат менен чабылып күч сынашат. А. чуркаган сайын кызып сынына келет. Каныкейдин эскерүүсү боюнча: Атакем Темиркандын Актулпар Теги күлүк мал эле. Кара байыр, казанат Калбыр өпкө, жез билек Канаты бар жан… Калганын окуу »

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ (1888, азыркы ТяньШань району, Тегерек-Булак айылы — 1951, ошол эле жер) — манасчы, акын жана комузчу. Белгилүү чоң манасчы Тыныбектин уулу. Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңойгон. А-дын сөз өнөрүнө шыктуулугу он үч жашында эле байкалган. Адегенде комуздун коштоосунда элдик ырларды аткаруучу катары таанылып, өзү да ыр чыгарып, элдик ырчылардын катарына кошулган. 1936—47-ж. Кыргыз мамлекеттик… Калганын окуу »

АК ОРДО

АК ОРДО — борборлошкон элдердин башкаруучусунун же жоокердик кошундун жетекчисинин туруктуу жайы. Эпосто Манастын А. о-су башка үйлөрдөн көлөмүнүн чоңдугу жана кооздугу боюнча өзгөчөлөнүп сүрөттөлөт. Ал жада калса бор менен бордолуп, ак кийиз менен жабылган көрүнүшү боюнча да айырмаланат. Жазма булактар маалыматтарына караганда байыркы гунндардын (3—5-к.) жана түрктөрдүн (6—8-к.) доорунда бир жерден сейрек көчүрүлгөн А. о-нун болгондугу айтылат.… Калганын окуу »

АКОЛПОК

АКОЛПОК — кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында кездешүүчү негизги жоокердик кийим. Ар бир эпикалык баатырдын чалгынга чыкканда жекеме-жеке беттешүүдө, кан майдан, кыргын согушка кийип жүрүүчү, коргонуучу кийим. А. эпосто ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген эң чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, азем-сый буюм катары сүрөттөлөт: Жакасы алтын жеңи жез, Жез бадана торгой көз, Кош бадана торгой көз, Келеме жака кең… Калганын окуу »