АКБАЛА

АКБАЛА — эпизоддук кейипкер, Күлчоронун зайыбы, Эштектердин Жамгырчысынын кызы. Семетей Коңурбайды жеңип атасынын өчүн алды деп Жамгырчынын баласы Шайымбек карындашы А-ны алып келгенде Семетей аны Күлчорого алып берген. Семетей кайып болуп, Күлчоро Кыяска туткунга кеткенде Канчоро аны токолдукка алмак болот. Сулуулугуна төп келген акылы, эр жигитке тете кайраты бар А. Канчорого тийгенден көрө өлүмдү артык көрүп, эркекче кийинип,… Калганын окуу »

АКАЯР

АКАЯР — кырк чоронун бири, балбан. А-дын балбандыгы Көкөтөйдүн ашында Жолойду жыккан. Кошойду көтөрүп кеткен (Саякбай Каралаев, 2. 47) жеринен көрүнөт. Эпосто дайыма «Чын ачуусу келгенде, Төөнү жаза муштаган, Төө көтөргөн Акаяр» (Саякбай Каралаев, 2. 65),— деп балбандыгы айтылат. А-дын адамгерчилиги, баатырлыгы Көзкамандардын алдап берген уусун ичип, каршылык көрсөтүүгө алы келбей калган Манасты жалгыз өзү салгылашып жүрүп ажыратып… Калганын окуу »

АКАС МЕРГЕН

АКАС МЕРГЕН — уламыш боюнча атактуу тулпарлар Аккула, Ачбуудан, Мааникерди тууган Кула бээнин ээси. Жоокерчилик заманда калмактар кыргызга кол салып, аларды туш тарапка таратканда 10 түтүн кыргыз бөлүнүп, тоо арасында калып калат. Ушундай кыйынчылык учурда элден А. м. деген чыгып, кийик атып элди багып турат. А. м-дин Кула бээси болот. Күндөрдүн биринде ал мерген бээсин тоо арасындагы көлдүн… Калганын окуу »

АК

АК — көркөм сөз каражаты, эпитет. А. эпитетинин өзүнчө өнүгүшү, эволюциясы бар. Коомдук өнүгүштүн алгачкы этаптарында адамдар жаратылыштын көп түрдүү кубулуш, көрүнүш касиеттерин адам сыяктуу эле жандуу нерсе катарында түшүнүшүп, алар эки түрдүү элес, таасир калтырган. Айрым кубулуш, көрүнүштөрдү адамдарга жакшылык, ийгилик алып келүүчү сыйкырдуу күч, рух, жышаан катары кабыл алышса, айрым башка көрүнүштөрдү, кубулуштарды, тескерисинче, адамдарга зыян,… Калганын окуу »

«АЙЧҮРӨК» ОПЕРАСЫ

«АЙЧҮРӨК» — кыргыздын туңгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган     баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун «Манас» үчилтигинин «Семетей» бөлүмүндөгү «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» аттуу эпизоддун негизинде Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов. Ж. Турусбеков, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. Алгач опера 1939- ж. 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлган (дирижёру В. Целиковский, сүрөтчүсү Я. Штоффер, балетмейстри Н. Холфин,… Калганын окуу »

АЙЧҮРӨК

АЙЧҮРӨК — үчилтиктин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн негизги каармандарынын бири. Манасчылар А-түн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат. Саякбай Каралаевдин вариантында оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы айтылат А. катышкан окуянын чордону «Семетей», «Сейтекке» тиешелүү болсо да Акун менен Манас бел куда болушканы эпостун «Манас» бөлүмүндө эле айтылат. Эпостун кийинки бөлүмдөрүндө А. Семетей баатырдын… Калганын окуу »

АЙТЫШ

АЙТЫШ — кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм… Калганын окуу »

АЙТЫКЕ

АЙТЫКЕ (чын аты Айты, 1816—87, Жумгал өрөөнү) — манасчы, акын. Эл арасында таланты менен кадыр-барктуу болгондуктан Айтыке аталган. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Анын айтылуу манасчы Балык менен айтышы, Калыгул менен үзөңгүлөш теңтуш болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Таластан чыккан Чоңду ырчыны өз баласындай туткан. Чоңдунун айтымына караганда А. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» бүтүндөй айткан. Зор масштабдуулук,… Калганын окуу »

АЙ ТУТУЛУУ

АЙ ТУТУЛУУ — Ай толук бойдон же жарым-жартылай жердин көлөкөсүнө кирип калган кездеги көрүнүш. Айдын тутулушу элдик ишеним боюнча жамандыктын белгиси. Бул «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас дүйнөдөн кайтканда «калайык ыйлап, кан ыйлап, калың журттун баары ыйлап» аза күтөт. Ал гана эмес «кайың ыйлап, тал ыйлап, таш да ыйлайт». Манаска таандык жаныбарлар (Тайбуурул, Акшумкар,… Калганын окуу »

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

Жазуучунун «Жамийла» повестинен «Кыямат» романына чейинки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун стихиясы каармандардын мүнөзү, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын «жүлүнүнөн» өтүп тургандыгы байкалат. А. «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөткөн. А-дун эпосту пропагандалоо багыты ар түрдүү. Ал «Манас» эпосу… Калганын окуу »