КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ТАРЫХКА БОЛГОН КЫЗЫГУУСУНУН ЖОГОРУЛАШЫ

Эгемендүүлүктүн шартында коомду демократиялаштыруунун тереңдешинин натыйжасында Кыргызстан элинде өткөн тарыхка болгон кызыгуу артты. Коомду демократташтыруу тарыхый жана маданий мурастарга болгон терең кызыгууну ойготту. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына даярдыктын алкагында 1994-жылдын 22-24-сентябрында Бишкекте «Кыргыздар, байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук Азиядагы этногенетикалык жана этно-маданий процесстер» деген темада эл аралык илимий конференция өткөрүлдү. Анда кыргыздардын этногенезисинин жана этникалык тарыхынын пробемалары каралган. Коомчулуктун талабы… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ ТУРМУШУ

Эгемендүүлүктүн мезгилинде Кыргызстандын маданияты негизинен кризистик абалда болду. Ошону менен бирге республиканын маданияты өз алдынчалыкка ээ болуп, эркин өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрдү алды. Жалпы гуманитардык, адамзаттык байлыктарды элибиздин талабына ылайык өздөштүрүү маданият чөйрөсүнүн приоритеттүү багыты болуп калды. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында маданий тармактын нормативдик-укуктун базасын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. 1992-ж. «Маданият жөнүндө» закон, анын негизинде «Маданият» Мамлекеттик программасы иштелип чыккан. Маданий… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК САЯСИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН ӨСҮШҮ

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин эл аралык мамилелерге өз алдынча катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргыз Республикасы тышкы саясатында биринчи кезекте өзүнүн элинин кызыкчылыгын коргоо, жаңы демократиялык, укук туткан мамлекетти куруу үчүн тышкы ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. Кыргызстан тышкы саясаты: тынчтыкты, Кыргыз Республикасынын чек араларынын туруктуулугун сактоо; КМШнын жана дүйнө элдери менен ар тараптуу байланыштарды чындоо; КМШдагы улут аралык… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨДӨГҮ БАЙЛАНЫШТАРЫ

Бул багытта Кыргызстан эл чарбасынын бардык тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө аракеттенүүдө. Кыргыз Республикасы экономикалык жана социалдык байланыштарды түзүүдө да биринчи кезекте КМШга кирген мамлекеттер, өзгөчө Орто Азия жана Казакстан менен байланышты өнүктүрүүгө көңүл бурулган. 90-жж. биринчи жарымында Кыргызстандын экспорттук-импорттук байланышында Россия биринчи, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан, Тажикстан, Белоруссия андан кийинки орундарды ээлеп келген.… Калганын окуу »

ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИЗМДИН ТААСИРИ. МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАНЫ ЧЫҢДОО

XX к. аягы — XIX к. башында дүйнөлүк алкакта эл аралык терроризм күч алды. Аны менен тыгыз байланышкан экстремисттик борборлор, Борбордук Азияны, анын ичинде Кыргызстанды, ислам дининин таасири күчтүү чөлкөмдөрүн экспансиялап алуу аракетин жасашууда. Диний экстремисттердин тобу эл эң ыйык тутуп аздектеген динге жамынышып, колдоруна курал алышып 1999-ж. август айынын башында Эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө киришип, Баткен районунда өздөрүнүн… Калганын окуу »

АЛЫСКЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖАШАГАН КЫРГЫЗДАР

Чыгыш Түркстанды кыргыздар байыркы заманда эле мекендегенин билебиз. Бул чөлкөм кыргыздардын алгачкы Ата Журту болгондугун бир катар изилдөөлөр да далилдөөдө. Бул жактагы Манас шаары, Манас көлү өңдүү кыргызча аталган жер-суу аттары байыркы кезден калган эстеликтер. Жазуу булактарында XVII к. биринчи жарымында кыргыздар Чыгыш Түркстандынжана Фергананын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөп турганы айтылат. 1871-ж. Россия Чыгыш Түркстандагы бийлигин кеңейтип Кулжа, Баяндай, Хоргос Күчө,… Калганын окуу »

ЖАКЫНКЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ КЫРГЫЗДАР

Кыргыздар Фергана өрөөнүндө байыртадан эле байырлап андагы көп улуттун өкүлдөрү, өзгөчө өзбектер, кыпчактар, тажиктер менен бирге жашап келгени белгилүү. Фергана чөлкөмү XVIII к. баштап өз алдынчалыкка ээ болуп, андагы бийлик 1709-ж. Шахрух бийдин колуна өтүп, ал Кокон хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат. Ушундан тартып Россия басып алганга чейин бул чөлкөмдөгү бийликти Кокон хандыгы жүргүзгөнүн билебиз. Адегенде Фергананын түздүгүндө, кийин… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДА КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ТЕЙЛӨӨНҮН АБАЛЫ

Элдин жашоо деңгээлин, билимин жана маданиятын жогорулатуу, адамдын кадыр-баркын урматтап, укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу — ар бир мамлекетте биринчи кезекте милдеттүү түрдө турмушка ашырыла турган жалпы адамзаттык дөөлөттөр экендиги белгилүү. Көз карандысыз мамлекетке айлангандан кийин Кыргызстанда Совет доорунан калган социалдык маселелер чечилмек тургай, тескерисинче, алар ого бетер татаалдашууда. Экономикалык кризистен улам элдин турмуш деңгээли жыл сайын төмөндөп… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

Билим берүүнүн мурунку системасы өзүнүн натыйжалуулугун жоготуп, рынок мамилелеринин шартында экономикасынын, техникасынын, маданиятынын талабына туура келбей калган. Кыргызстандын көз каранды эместиги жарыялангандан кийин билим берүү тармагын реформалоо иши жүргүзүлө баштаган. 1992-ж. декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши «Билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Анда азыркы кезде билим берүүнүн борборунда адам, анын билим алууга болгон умтулуусуна жардам берүү тураары аныкталган. 1996-ж. «Билим жылы»делип… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИЛИМДИН АБАЛЫ

Азыр республикада ар түрдүү профилдеги 62 илимий жана маданий борборлор, институттар, долбоорлоочу мекемелер иштейт. Илимий мекемелерде 7405 адам бар. Алардын 190 илимдин докторлору, 1189 илимдин кандидаттары. Ар түрдүү илимий-изилдөө, долбоорлоочу-конструктордук жана технологиялык борборлордо 4548 адис эмгектенет. Экономикачөйрөсүндөгү кризистер мамлекеттин каржылоосунда турган илимдин тармактарына тескери таасир берген. Бир кезде союзга, ал тургай дүйнөгө белгилүү болгон илимий ачылыштарды жасаган Кыргызстандын илими… Калганын окуу »