КЫРГЫЗСТАН МОНГОЛ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА

Байыркы Орхон-Енисей таш жазууларында жана кытай тарыхый маалыматтарында белгилүү болгондой, ошол аймактарда IX—X кк. чейин эле монгол, татар элдери жана аларга тектеш бир нече уруулардын жашаганы белгилүү. Кийинчерээк татарлар көбөйүп, оңгут, меркит, огу ж. б. чоң урууларды бириктирген татар уруу бирикмеси түзүлгөн. Алар түштүгүндөгү коңшусу Син империясы менен бир аз убакытка ынак байланышты түзө алган. XII к. башында… Далее »

ХАЙДУ МАМЛЕКЕТИ

Монгол феодалдарынын сепараттык (борбордук бийликтен бөлүнүп, өз алдынчалыкка умтулуу) кыймылы Орто Азияда өз натыйжасын берди. 1269-ж. Талас суусунун боюнда Угедей жана Чагатай улустарынын биргелешкен курултайында жаны мамлекет түзүлөт. Анын Каракорумдан (Улуу хандыктын борбору) толук көз каранды эместиги жарыяланат. Мамлекеттин башында анын негиздөөчүсү Угедейдин небереси Хайду хан (1269-1301-жж.) турган. Жаны өлкөнүн чек арасы Алтайдан Аму-Дарыяга чейин созулуп, Кыргызстан, Чыгыш… Далее »

МОГОЛСТАН

XIV к. орто чегинде Орто Азиянын чыгышында жаны мамлекет Моголстан, т. а. «моголдор өлкөсү» (түрк элдери моголдор деп монголдорду аташкан) түзүлгөн. Моголдордун эн ири уруулары түркчө да, монголчо да аталыштарын алып жүрүшкөн. Алардын ичинен дуглаттар, каңгылар, аргынуттар, баариндер, барластар, жаяа башкалар өзгөчөлөнүшкөн. Алардын баары тең эчак але түрк тилинде сүйлөшүп, түрк салттарын кабыл алышкая жана өз мекени деп Монголияны… Далее »

АМИР ТЕМИРДИН МОГОЛСТАНГА ЖОРТУУЛДАРЫ

Моголдордун тез-тез кол салуусунан жана элдик кыймылдардан тажаган Мавераннахрдын феодалдары жана көпөстөрү душмандардын мизин кайтарып, ички тартипти колго алган күчтүү мамлекет башчысы боло турган инсанды издеген. Андай адам Темир (1336—1405-жж.) болуп чыкты. Ал дүйнөгө Эмир Темир, Аксак Темир, Темирлан, Тамерлан, Тимурланг, Тимур Барлас, Амир Темир көрөгөн, Тимур Тарагай деген ысымдар менен белгилүү. Темир Шахрисяб шаарына жакын Кожо-Илгар кыштагында… Далее »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КАЛЫПТАНЫШЫ

Кыргыз элинин түзүлүшү байыркы орто кылымдардагы Саян-Алтай, Чыгыш Түркстан, Тенир-Тоодогу этностук процесстер менен тыгыз байланышта өткөн. Бул процесс кеминде эле беш кылымга созулуп, XVI к. аяктаган. Орто Азиядагы бул процесс түрк тилиндеги тектеш — өзбек, казак, түркмөн, каракалпак ж. б. элдердей эле бир эле мезгилде жүргөн. Көпчүлүк учурларда тигил же бул уруулар орто азиялык элдердин этностук компоненти болуп… Далее »

МУХАММЕД КЫРГЫЗДЫН (ТАГАЙ БИЙДИН) КЫРГЫЗДАРДЫ БИРИКТИРИШИ

ХV-ХIХ кк. кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн күрөшүн уланткан. Ошол мезгилде Орто Азияда, Моголстанда жана Казакстанда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. XV к. тартып, Ала-Тоонун аймагы Кыргызстан катары туруктуу саясий-мамлекеттик аталышка ээ боло баштаган. Ушул мезгилден баштап кыргыздардын уруу башчылары моголдорго баш ийбей, иш жүзүндө өз аймагын башкарууну өз колдоруна ала башташкан. Казакстандын батыш тарабында калааларда жашаган… Далее »

ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД

Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. В. В. Бартольд өзүнүн «Өмүр баянында» атасынын тапкан-ташыганы кийин уулдарына сакталбай калганын, 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынан кийин «атасынын балдарынын бири да эмигрант болуп кетпегенин» белгилейт. Бирок балалык жана өспүрүм жылдары… Далее »

САКТАР ДҮЙНӨЛҮК ТАРЫХТА

Б. з. ч. VIII—III кк. Орто Азия республикалары менен Казакстан ээлеп турган эбегейсиз зор мейкиндикте жалпы жонунан сактар, же скифтер деп аталган көп сандаган уруктар жашаган. Индиялык булактарда буларды турдар, байыркы кытайлык маалыматтарда сэ эли деп аташат. «Сак» деген түшүнүк «эркин адам», «күчтүү эркек (жоокер)* дегенди билдирген. Орто Азиянын элдеринин тарыхы боюнча алгачкы маалыматтар Зороастризм дининин ыйык китеби… Далее »

УСУН МАМЛЕКЕТИ

«Усун» этноними тарыхка кытайлык династиянын хроникасынан кирген. Тарыхчы А. Өмүркуловдун пикнри боюнча «Усун» этноними байыркы түрк тилинен которгондо «он урук эл» (ус урук, ун он) дегенди түшүндүрөт. Бул эл Чыгыш Түркстандагы Упса (Узун) дарыясынын атынан аталган деген да божомол бар. Генеалогиялык болжолдорго жана түрк санжыраларына таянсак усундар түрк элдеринин бир салаасы, азыркы кыргыздардын түпкү бабалары болгон. Усундар сырткы… Далее »

ДАВАН МАМЛЕКЕТИ

Тоо этектериндеги зонасы жана чыгыш бөлүгү кийинчерээк Кыргызстандын курамына кирген Фергана өрөөнүндө 6. з. ч. I миң жылдыкта эле отурукташкан дыйканчылык маданияты өнүккөн мамлекет пайда болгон. Бул мамлекет миңдеген жылдарды камтыган тарыхый өсүшкө ээ. Бирок, ал тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматтар б. з. ч. 11-1 кк. тартып гана кездешет. Тарых булактарында байыркы Фергана мамлекети Дабан (Даван) деп аталган. «Фергана»,… Далее »