УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ УЧУРУНДАГЫ МАДАНИЯТ

Кыргызстандан интеллигенттеринин ичинен 15736 адам согушка жөнөтүлүп, ар кайсы фронттордо душман менен салгылашышкан. Тылдагы окумуштуулар мекенди коргоого зарыл согуштук-экономикалык милдеттерди чечүүнүн үстүндө эмгектенишкен. Согуш башталганда республикада 13 илим-изилдөө мекемелери иштеген. Аларда 323 илимий кызматкер эмгектенишкен. Анын 13 илимдин докторлору 45 илимдин кандидаттары болгон. Кыска мөөнөттүн ичинде эле алар өздөрүнүн иштерин фронттун керектөөлөрү үчүн жумшай башташкан. Эвакуацияланган окумуштуулардан эсебинен… Калганын окуу »

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАН КИЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ МАДАНИЯТ (1946-1964-жж.)

Согуштан кийинки мезгилде маданияттын өнүгүшүндө сталиндик административдик-буйрукчул система идеологиялык көзөмөлдөөнү күчөткөн. Ал үчүн калктын бир бөлүгүндө капиталисттик, феодалдык-уруучулук көз караш сакталган, интеллигенциянын катмарларында буржуазиялык маданиятка жүгүнүү, коммунисттик саясатты түшүнбөстүк маанай күчөп кеткен деген шылтоо ойлонулуп табылган. Партиялык жетекчи төбөлдөр өздөрүнүн бул пикирин ВКП(б) БКнын «Звезда» жана «Ленинград» журналдары жөнүндө, «Чоңтурмуш» кино тасмасы жөнүндө» деген токтомдорунда негиздешкен. Бул токтомдор… Калганын окуу »

ЖАҢЫ ДООРДОГУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ (1964—1990-жж.)

Калктын билим деңгээлин көтөрүүдө жалпы билим берүүчү мектептердин ролун жакшы түшүнгөн партиялык-мамлекеттик жетекчилик сегизинчи беш жылдыкта (1966-1970-жж.) жалпыга милдеттүү орто билимге өтүүнү, ал эми тогузунчу беш жылдыкта (1971-1975-жж.) бул ишти толук аяктоо милдетин койгон. Кыргызстанда бул милдетти аткаруу үчүн биринчи кезекте жалпы билим берүүчү мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоого көңүл бурулган. 1966-1985-жж. республикада 756 миң орундуу 859 мектеп курулган.… Калганын окуу »

АДАБИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО (1964-1990-жж.)

Республиканын адабият жана искусство тармагында эмгектенген интеллигенциясы Кыргызстандын руханий денгээлин көтөрүү багытында эмгектенген. 60-жж. ортосунда Кыргызстан Жазуучуларынын союзуна З0дан ашык көркөм сөз чеберлери мүчө болушкан. Алардын ичинен акындар Ибраевдин, М. Абылкасымованын, М. Буларкиеванын, Ө. Даникеевдин, Т. Кожомбердиевдин, Б. Сарногоевдин ж. б. эмгектери эл ичинде жогору баалана баштаган. 1965-ж. Т. Сатылгановдун 100 жылдык юбилейине карата Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы… Калганын окуу »

СССРДИН ТАРАШЫ. ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ

1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын III съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Мамлекетти башкаруунун бул формасынын киргизилиши улут аралык мамилелердин өзгөрүшү, плюрализмдин өнүгүшү, көп партиялуулуктун киргизилиши менен шартталган. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин контролдогон. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж.  27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШТАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эн маанилүү окуя болгон. Республиканын эгемендүүлүккө жетиши, СССРдин коомдук-саясий системасынын кординалдуу реформаланышы менен шартталган. Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстанда биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүштү, республиканын ички жана тышкы саясаттарын аныктоо керек эле. Бул үчүн адегенде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (негизги закон) иштеп чыгып кабыл алуу милдети турган. 1990-ж. аягында эле жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу… Калганын окуу »

ЭРКИН КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ САЯСАТЫ

Кыргызстан саясий көз карандысыздыкка жеткени менен экономикалык жактан башка мамлекеттерге көз каранды бойдон калган эле. Анткени республиканын өнөр жайы Союздун эл чарбасынын бирдиктүү комплексинде негизинен чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды өндүрүүгө адистештирилип келген. Даяр продукциялар болсо өлкөнүн башка региондорунда чыгарылып, аны реализациялоодон түшкөн кирешелер ошол жакта калып калуучу. Союздун бузулушу менен экономикалык байланыштар үзүлүп, республика финансылык жана материалдык… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН АГРАРДЫК САЯСАТЫ

Эгемендүү Кыргызстандын жалпы жер аянты 19,6 млн га, анын ичинен айыл чарбасына жарактуу жер 10,6 млн га же 55,8 процентти түзөт. Жердин 44,2 проценти айыл чарбасына жараксыз. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин айдоосуна (огороддорду эсептегенде) 12,3 процент, дың жерлерге 0,1 процент, көп жылдык өсүмдүктөргө 0,4 процент, чөп чабындыга 1,7 процент, табигый жайытка 85,6 процент туура келет. Кыргызстандын эл чарбасынын негизин түзгөн айыл чарбасын… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН СОЦИАЛДЫК ТҮЗҮЛҮШҮ

Коомдун социалдык турмушунда анын социалдык түзүлүшү өзгөчө маанилүү орунда турат. «Коомдун социалдык түзүлүшү» деген түшүнүк өтө кеңири экендигин эске алуубуз керек. Социалдык түзүлүш өзүнө социалдык-демографиялык, социалдык-кесиптик, социалдык-таптык, социалдык—улуттук ж. б. түшүнүктөрдү камтыйт. Калктын санынын тез өсүшү өзгөчө совет бийлигинин соңку отуз жылына туура келген. Алсак, 1959-ж. Бүткүл союздук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз ССРинде 2,1 млн адам жашаган.… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН УЛУТТУК ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА УЛУТ САЯСАТЫ

Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. Кыргыздар калктын 65 процентин түзөт. Мында жашаган өзбектер менен казактар да Кыргызстандын жерин байыртадан мекендеген жергиликтүү калк катары эсептелет. Калган улуттардын негизин Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин ал жактан көчүп келген орустар менен украиндер, кытайлык бийликтен жапа чегип, куугунтукталып келген дунгандар менен уйгурлар түзөт. Булардан тышкары Украинадан куугунтукталган немецтер келишип, Чүйгө жана Таласка… Калганын окуу »