ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН СОЦИАЛДЫК ТҮЗҮЛҮШҮ

Коомдун социалдык турмушунда анын социалдык түзүлүшү өзгөчө маанилүү орунда турат. «Коомдун социалдык түзүлүшү» деген түшүнүк өтө кеңири экендигин эске алуубуз керек. Социалдык түзүлүш өзүнө социалдык-демографиялык, социалдык-кесиптик, социалдык-таптык, социалдык—улуттук ж. б. түшүнүктөрдү камтыйт. Калктын санынын тез өсүшү өзгөчө совет бийлигинин соңку отуз жылына туура келген. Алсак, 1959-ж. Бүткүл союздук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз ССРинде 2,1 млн адам жашаган.… Калганын окуу »

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН УЛУТТУК ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА УЛУТ САЯСАТЫ

Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашашат. Кыргыздар калктын 65 процентин түзөт. Мында жашаган өзбектер менен казактар да Кыргызстандын жерин байыртадан мекендеген жергиликтүү калк катары эсептелет. Калган улуттардын негизин Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин ал жактан көчүп келген орустар менен украиндер, кытайлык бийликтен жапа чегип, куугунтукталып келген дунгандар менен уйгурлар түзөт. Булардан тышкары Украинадан куугунтукталган немецтер келишип, Чүйгө жана Таласка… Калганын окуу »

«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ ЭКОНОМИКА (1985—1990-жж.)

Өлкөнүн экономикасын кайра куруу башкаруунун экономикалык ыкмаларына өтүү менен башталган. Мунун натыйжасында ишканалардын, айыл чарба өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1986-ж. чарба жүргүзүүнүн бул ыкмасына республикада өнөр жайдын продукциясынын 70 пайызын өндүргөн 125 ишканасы жана бирикмелери өтүшкөн. Аларда Кыргызстандын өнөр жайында эмгектенген жумушчулардын теңинен көбү иштешкен. 1987-ж. баштап… Калганын окуу »

СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИН КУРЧУШУ. ОШ КООГАЛАҢЫ

Социалдык саясат боюнча дүйнөгө үлгү болуп жатабыз деген курулай шаңдануубуз айкындуулук доорунда төгүнгө чыгып, социалдык маселелерди чечүүдө көп мамлекеттерден артта калганыбыз көрүндү. Жалпы эле совет элине, анын ичинде Кыргызстандын журтчулугуна, коомдогу жат көрүнүштөрдүн тийгизген залалы боюнча аныктасак, «өнүккөн социализм», «кайракуруу» мезгилинде өзгөчө күч алган аракечтик менен масчылык биринчи орунга чыккан. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дегендей, масчылык менен… Калганын окуу »

1917—1940-жж. ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ

Маданиятты көтөрүү — социалисттик курулуштун маанилүү тармагы болгон. Эксплуататордук коомдон калган маданий артта калуучулукту, сабатсыздыкты жоюу, калкты билимге жана илимге тартуу керек эле. Булардын ичинен эл агартуу биринчи орундагы милдет катары аныкталган. 1918-ж. апрелде Түркстан крайынын Эл Комиссарлар Советинде эл агартуу комиссариаты түзүлүп, жер-жерлерде элге билим берүү бөлүмдөрү иштей баштаган. Кыргызстанда коомчулуктун өкүлдөрүнөн элге билим берүү Советтери түзүлүп,… Калганын окуу »

КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУНУН ӨНҮГҮШҮ

Улуттук жазуунун жана басма сөздүн негизделиши элдин маданиятын көтөрүүдө өзгөчө окуя болгон. 1924-ж. араб алфавитияин негизинде кыргыз жазуусу иштелип чыгып, 7 ноябрда кыргыз тилинде «Эркин Тоо» гезити басылып чыккан. 1925-ж. 12-мартта орус тилинде «Батрацкая правда» гезити чыккан. 1926-ж. ноябрында жаштардын «Ленинчил жаш» гезити негизделет. «Коммунист» журналы да ушул жылы чыга баштайт. 1928-ж. «Жаңы маданият жолунда», «Дыйкан» аттуу журналдар чыгарылган. Акырындык… Калганын окуу »

УСУНДАР

Жети-Суу жөнүндөгү эң байыркы маалыматтарды биз кытай даректеринен табабыз; андан кыйла эрте грек жана рим жазуучуларынан биз Сыр-Дарыянын ары жагындагы, ар биринин жашаган жери аныкталбаган элдердин аталыштарын гана табабыз. Кытайлыктарга Жети-Суу биздин заманга чейинки II кылымдын аягында гана, качан кытай өкмөтү кубаттуу хунндарга каршы союздаш издеп, батыш өлкөлөргө элчиликтерин жөнөткөндө белгилүү болгон. Хунндар жеңип алган элдердин катарына алгач… Калганын окуу »

КАЛМАКТАР

Моңгол бийлигинин биротоло кулашынан кийин, XVI кылымдын экинчи жарымындагы Жети-Суунун абалы жөнүндө биз дээрлик эч нерсе билбейбиз. Бизге буга чейин эч ким тарабынан изилденбеген, 1582-ж. Сейфи тарабынан жазылган, биздин билишибизче бир гана кол жазмада жеткен түрк чыгармасы айрым кызыктуу маалыматтарды берет. Ал автордун сөзү боюнча, калмактар ошол мезгилде Азияда ийгиликтерге жетишүүсүн уланта берген; калмактардын башчысын ал Алтан-хан деп… Калганын окуу »

КАРАХАНИЙЛЕР

Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт; бирок бул эл ягма болгон деп ойлоого негиз бар, алардын башкаруучусу Караханилердеги эң эле көндүм болгон Богра-хан титулун алып жүргөн. Мындай болгондо Чүй өрөөнүнө жаңы баскынчылардын кириши бул ирет түштүк тараптан болгон. Караханилер Чүй өрөөнүндө ислам динин тез кабыл алышкан. Бул окуя жөнүндө бизге уламыш кабарлар гана жеткен. Ибн… Калганын окуу »

КАРЛУКТАР

Кытай, араб жана перс булактары батыш-түрк империясы кулагандан кийинки түрк урууларынын топтору жөнүндө кыйла так элести түзүүгө бизге мүмкүнчүлүк берет. Империяны негиздеген уруулар түрк деген аталыштан сырткары, батыш-түрктөрдү он муунга бөлгөн кытайлык кабарга карабастан, чыгыштагы сыяктуу эле, батышта да огуздар же токуз-огуздар (тагы ‘тогуз огуздар’) деп аталышкан. Чыгыш Түркстандын эң чет бөлүгүндө мамлекет түптөгөн шато (мааниси ‘талаанын’) түрктөрүн… Калганын окуу »