МОГОЛСТАН

Түрк эмирлеринин, б.а мусулман партияларынын батыштагы толук жеңиши моңгол эмирлерин мамлекеттин чыгыш бөлүгүндө өзүлөрүнүн ханын тактыга көтөрүүгө түрткөн. Бул эмирлердин ичинен эң кубаттуусу Пуладчи болуп, анын аймагы түздөн-түз түрк эмирлеринин ээлиги менен чектешкен жана азыр Манглай-Субе деген атты алган (сөзмө-сөз ‘Алдыңкы аймак’); анын курамына Чыгыш Түркстандын Кашкардан Кучага чейинки бөлүгү жана Жети- Суунун Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү бөлүгү кирген. 1348-ж.… Калганын окуу »

ТҮРКТӨР

VI кылымда Орто Азияда жаңы көчмөн империя пайда болгон. Жаңы баскынчылар, Алтайдан чыккан түрктөр, кыска мезгилдин ичинде Улуу океандан Кара деңизге чейинки бардык элдерди өзүнө баш ийдирген. Империянын негиздөөчүсү Или-хан Тумынь 553-ж. өлгөн; Тобо хан (581-ж.) өлгөндөн кийин империя эки мамлекетке — чыгыш жана батышка ажыраган; акыркысынын борбору Орто Азиянын батыш бөлүгүндөгү кийинки көпчүлүк көчмөн мамлекеттер сыяктуу эле,… Калганын окуу »

ТОТАЛИТАРДЫК РЕЖИМДИН КҮЧӨШҮ. МАССАЛЫК ЖАЗАЛООЛОР

СССРде тоталитардык системанын өнүгүшүнө объективдүү жана субъективдүү мүнөздөгү көптөгөн факторлор себеп болгон. Россияда көп кылымдар бою падышачылык бийликтин үстөмдүк кылышы, демократиялык башкаруу салтынын жоктугу бул системанын калыптанышын шарттаган. 1934-ж. чейин Совет бийлигинин жана «элдин душмандары» партиядан чыгаруу, кызматтан алуу менен гана жазаланган. Партиянын XVII съездинен кийин И. Сталин өзүнүн оппоненттерин жок кылууга өткөн. Ал үчүн 1934-ж. 1-декабрда С.… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖООКЕРЛЕРДИН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЭРДИКТЕРИ

Фашисттик Германия 1939-ж. дүйнөлүк экинчи согушту баштап, Европанын бир катар мамлекеттерин: Чехословакияны, Полыпаны, Францияны, Бельгияны, Голландияны, Данияны, Норвегияны, Югославияны, Грецияны басып алган. Натыйжада Германиянын экономикалык абалы, согуштук күчү чыңдалган. Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салган. Ал «Барбаросс» деп аталган планы боюнча Советтер Союзун бир нече жумада эле талкалап, 1941-ж. кышына чейин СССРдин европалык бөлүгүн толук… Калганын окуу »

ТЫЛДАГЫ КҮЖҮРМӨН ЭМГЕК

Согуштун башталышында эле Кыргызстандын өнөр жай тармагы согуштук заказдарды аткарууга өткөн. 1941 -ж. июнда эле Фрунзедеги механикалык завод фронттун атайын заказын чыгара баштаган. Андагы жумушчулар өндүрүштүн согуштук түрүн өздөштүрүү менен күндүк нормаларын 200400 пайызга аткарууга, айрымдары эки, үч сменада иштөөгө өтүшкөн. Кадамжайда стратегиялык мааниси бар сурьма кенин өндүрүү күч алып, андагы жумушчулардын 65 пайызы стахановчулардан болуп калышкан. Кыргызстандын… Калганын окуу »

БҮЛҮНГӨН ЭЛ ЧАРБАСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ (1946-1964-жж.)

Өлкөнүн согуш жүргөн батыштагы региондорунан айырмаланып Кыргызстандын эл чарбасы алсыраган менен кыйроого учураган эмес. Тескерисинче, согуш жүргөн региондордон эвакуацияланган ишканалардын эсебинен республиканын өнөр жайы бир кыйла өскөн. Согуш шартына ылайык негизинен фронтко продукция өндүргөн өнөр жайды эми тынчтык курулушуна которуу милдети турган. 1946-ж. баштап Кыргыз ССРинин өнөр жайы толук бойдон тынчтык турмушка ылайыкташып эл чарбасы, эмгекчилер үчүн керектүү… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАН ВОЛЮНТАРИСТТИК РЕФОРМАЛАР МЕЗГИЛИНДЕ (1953-1964 жж.)

Кыргызстандын тарыхында, бүткүл өлкө сыяктуу эле 50-жж. өзгөчө орунду ээлейт. Анткени 1953-ж. мартта И. Б. Сталиндин дүйнөдөн өтүшү менен «сталиндик социалисттик өнүгүү доору» аяктаган. Ал өлгөндөн кийин ал негиздеп, башында турган тоталитардык система бир аз жумшартыла баштаган. Социалисттик демократияны өнүктүрүү үчүн аракет байкалган. 1953-ж. сентябрда Н. С. Хрущев КПСС БКнын биринчи секретарлыгына шайланып, өлкөдө Сталиндин керт башына сыйынуунун кесепеттерин… Калганын окуу »

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1964—1985-жж.)

50-жж. Н. С. Хрущев баштаган реформалар 60-жж. башында өзүнүн күчүн жоготуп солгундай баштаган. Өлкөнүн экономикасы төмөндөгөн. Советтик, партиялык төбөлдөрдүн СССРде «коммунизмди кеңири куруу» жөнүндөгү урааны негизсиз экендиги айкын болгон. Н. С. Хрущев 1964-ж. КПСС БКнын биринчи секретарлыгынан жана СССР Министрлер Советинин председателдигинен бошотулган. КПСС БКнын биринчи секретарлыгына Л. И. Брежнев шайланып, СССР Министрлер Советинин председателдигине А. Н. Косыгин дайындалган.… Калганын окуу »

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕ ӨНӨР ЖАЙДЫН ӨНҮГҮШҮ (1964-1985-жж.)

1965-ж. өлкөдө эл чарбасын реформалоо башталган. Бул реформа анын активдүүдемилгечиси СССР Миңистрлер Советинин төрагасы А. Н. Косыгиндин атынан косыгиндик реформа делип аталып калган, Реформа боюнча Н. С. Хрущев тарабынан уюштурулган Эл чарба Советтери жоюлуп, тармактык миңистрликтер калыбына келтирилген. Реформага ылайык ишканалардын иштерине айрыкча кийлигишүүтоктогон. Ишканаларга жогору жактан берилүүчү көрсөтмөлөр, план ташпырмалар азайган. Продукция өндүрүүдө ишканалардын материалдык кызыкчылыктарын көтөрүүгөаракеттер жасалган. Ал үчүн өнөр жай ишканаларын дотациялабастан,… Калганын окуу »

1964-1985-жж. КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

Кыргызстандагы 60-жж. экинчи, 80-жж. биринчи жарымындагы айыл чарбасы жөнүндөгү сөздү КПСС БКнын март (1965-ж.) Пленумунан баштаганыбыз туура. Анткени бул пленумда «СССРдин. айыл чарбасын андан ары өнүктурүүнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө» токтом кабыл алынган. Айыл чарбасын көтөрүүнүн комплекстүү программасын турмушка ашыруу үчүн бул жылдары айыл чарба өндүрүшүнө улуттук кирешеден акча каражаттар көбүрөөк бөлүнгөн. Бүтүндөй өлкө сыяктуу эле, Кыргызстандын айыл чарба… Калганын окуу »