АЛАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫ РОССИЯГА КАРАТУУ. КУРМАНЖАН ДАТКА

Кокон хандыгы жоюлган кезде Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай ж.б. өрөөндөрү орус мамлекетине каратыла элек болчу. Фергана областынын жаңы аскер губернатору М. Д. Скобелев кандуу колун кургатпай, көтөрүлүштүн саркындыларын жок кылууну, баскынчылык саясатын улантууну көздөгөн. М. Д. Скобелев моюн сунбаган кыргыздарды талкалоо үчүн атайын «Алай илимий-согуштук экспедициясын» уюштурган. Экспедициянын курамына аскердик күчтөрдөн тышкары бир топ окумуштуулар кошулган. Алар… Калганын окуу »

КЫРГЫЗДАР ТУУРАЛУУ ЭҢ БАЙЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир дагы эл болбоо керек. Моңгол мезгилине чейинки Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтардын дээрлик бардыгы официалдуу кытай историографиясынын чыгармаларынан алынган. Аларда эл аталыштары, анан да адамдардын, жерлердин энчилүү аттары, албетте, кытай иероглифтери менен транскрипцияланып берилген.… Калганын окуу »

ОРУС ПАДЫШАЧЫЛЫГЫНЫН КОЛОНИЯЛЫК САЯСАТЫ

Жаңы каратылган жерлерге Россиянын саясий башкаруу системасы киргизилген. Падыша өкмөтүнүн башкаруу системасы Түндүк Кыргызстандын каратылышы менен, т. а. XIX к. 60-жж. эле киргизиле баштаган. Россия дөөлөтүн алгачкы тааныган кыргыз уруулары Батыш Сибирь генералгубернаторлугуна караштуу Семей областынын Ала-Тоо округуна киришкен. 1865-ж. февралда Арал деңизинен ЫсыкКөлгө чейинки зор аймакты камтыган Түркстан областы түзүлгөн. Ага Ысык-Көл, Чүй, Талас, Кетмен-Төбө өрөөндөрү, кийинчерээк… Калганын окуу »

АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ

Бул көтөрүлүш XIX к. аягындагы Орто Азиядагы эн ири көтөрүлүш катары тарыхка кирген. Көтөрүлүштүн негизги себеби падышачылыктын колониялык саясаты, орус администрациясынын эзүүсүнүн, улуттук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү болгон. Көтөрүлүшкө кыргыз, өзбек, тажик улутунун өкүлдөрү, калктын ар түрдүү социалдык катмарлары катышышкан. Кыймылга дин кызматкеринин жетекчилик кылышы, диний ураан, чакырыктарынын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Анткени бул чөлкөмдүн негизги калкы көп… Калганын окуу »

1916-ЖЫЛДАГЫ УЛУТТУК-БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШ. ҮРКҮН.

Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясаттын негизи катары XX к. башында мурдагыдан да күч алган. Буга 1911-ж. 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго: «Жергиликтуу эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бүт орустарды сыйлоону канына сиңдирүу керек, эгерде кимде-ким баш ийгиси келбесе жеринен ажырап, жакырчылыктан өлөт же Россия алар менен кош айтышат», деген көрсөтмөсү… Калганын окуу »

XIX к. ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ — XX к. БАШЫНДА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ӨНҮГҮШҮ

Орус окумуштуусу В. В. Радловдун пикири боюнча XIX к. кыргыз эли чыныгы эпикалык доорун башынан кыйгас өткөрүп турган. Натыйжада «Манас» айтуу өркүндөп, апогейине жеткен. Бул өнөрдүн эң көрүнүктүү өкүлдөрү Балык, Келдибек, Назар, Чокбаш, Телтай, Калмырза, Суранчы, Чоодан, Жандаке ж.б. чон манасчы аталышып, эл ичинде абдан зор кадыр-баркка ээ болушкан. Булар өздөрүнө чейпнки жашап өткөн чыгаан манасчылардын көөнөрбөс мурасын… Калганын окуу »

МАДАНИЙ ТУРМУШТАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР ЖАЗУУ МАДАНИЯТЫНЫН ӨНҮГҮШҮ (XIX к. экинчи жарымы — XX к. башы).

XVIII к. кыргыздарда өтө сейрек болсо да жазуу колдонула баштагандыгын уруу башчылары Атаке бийдин, Боромбай баатырдын Россия төбөлдөрүнө жазган каттарынан билебиз. Ал кезде кыргыздар араб арибиндеги чагатай жазуусун найдаланган. Нукура кыргыз тилинде алгачкы жолу ыр жазган акындардын көрүнүктүүсү Молдо Нияз (1823-1896-жж.) болгон. Ал Оштун азыркы Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. Жергиликтүү жана Кашкар шаарындагы медреселерден билим алган. Түндүк… Калганын окуу »

КЫРГЫЗДЫН АЛГАЧКЫ ТАРЫХЧЫЛАРЫ ЖАНА АГАРТУУЧУЛАРЫ

Кыргызстандын Россияга каратылышынын натыйжасында мурунтан эле ал жакта жашаган мусулман, түрк элдери менен кыргыздардын байланышы күчөгөн. Өзгөчө татарлар менен башкырлар кыргыздарга боор тартып элибиздин маданиятынын өнүгүшүнө, илим изилдөө иштерине түрткү беришип, кыргыздан чыккан чыгармачыл адамдарды колдошуп, эмгектерин басмадан чыгарууга жардамдашышкан. Алардын бири кыргыздын тунгуч жазгыч тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу эле. Кыргыздын дагы бир ири тарыхчысы Белек Солтонкелди уулу… Калганын окуу »

КЫРГЫЗСТАНДЫ ИЛИМИЙ ЖАКТАН ИЗИЛДӨӨНҮН БАШТАЛЫШЫ

XIX к. экинчи жарымы XX к. башы Кыргызстан үчүн илимий жакы ачылыштардын доору болгон. Россия империясы менен Улуу Британиянын Кыргызстан үчүн атаандашуусунун натыйжасында орус өкмөтү бул аймакты изилдөө үчүн каражатты көбүрөөк бөлгөн. Натыйжада Россиялык бир катар илимий мекемелер өздөрүнүн окумуштууларын этнографтарды, тарыхчыларды, географтарды, тоо инженерлерин ж. б. адистерди атайын аскердик экспедициялар менен жөнөтүп турган. Бул экспедициялар биринчи кезекте аскердик… Калганын окуу »

ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДА

Россиядагы 1917-ж. буржуазиялык-демократиялык февраль революциясы Россияда жашаган бардык элдердин тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон. Анткени бул революция падышачылык бийликти жоюп, элдерге саясий эркиндикти берген. Саясий партиялар подпольеден чыгып, басма сөз эркиндик алган. Башка саясий камактагылар менен катар кыргыз элинен чыккан биринчи профессионал революционер-большевик Таабалды Жукеев (А. Пудовкин) да түрмөдөн бошотулган. Революциянын демократиялык республиканы орнотуу, жерди мамлекеттештирүү, сегиз сааттык жумуш… Калганын окуу »