1918-1920 жж. ГРАЖДАНДЫК СОГУШ

Келишпес мүнөзгө ээ болгон айыгышкан согуш 1918-ж. экинчи жарымынан башталып, 1920-ж. аягына чейин созулган. Бул согуш Түркстан аймагында, анын ичинде Кыргызстанда, эң эле катаал формада жүргүзүлүп, айрым бир өзгөчөлүктөр менен өткөн. 1918-ж. жайында империалисттик мамлекеттердин аракеттеринин натыйжасында граждандык согуш күч алат. Ак гвардиячылар менен бириккен Англиянын, Франциянын, АКШнын жана Япониянын куралдуу кучтөру Совет бийлигин кулатуу үчүн согуш аракеттерин ачык… Далее »

СОВЕТТИК АГРАРДЫК САЯСАТТЫН БАШАТЫ

Пролетариат диктатурасы орногондон кийин В. И. Ленин башында турган коммунисттер биринчи кезекте агрардык маселени чечүүгө аракет жасашкан. Россиянын калкынын негизин түзгөн дыйкандардын басымдуу көпчүлүгүнүн талабына ылайык жерди мамлекеттештирүү т. а. аны мамлекеттин карамагына алуу саясаты жүргүзүлгөн. Совет бийлигинин Жер жөнүндөгү декрети кабыл альгаып, ага ылайык бардык жерлер маылекеттин менчиги делип жарыяланган. Бул декрет боюнча Совет бийлигинин агрардык саясатынын… Далее »

ЖАҢЫ ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТТЫН ШАРТЫНДАГЫ ӨНӨР ЖАЙ

Совет бийлиги орногон мезгилде Кыргызстан өлкөнүн башка райондорунан агрардык-мал чарба региону катары айырмаланып турган. Индустриялаштыруу саясаты башталганда Кыргызстанда негизинен пахта тазалоочу, женил жана тамак-аш тармактары боюнча гана аз сандагы ишканалар иштеген. 1925-ж. апрелде Чехословакиянын коммунист жумушчуларыиын демилгеси менен Бишкек шаарында «Интергельпо» («Өз ара жардам») интернационалдык кооперативдик шериктештиги түзүлгөн. Кыргызстандын өкмөтү ага Пишпек станциясынын жанынан 43 га жер бөлүп берген. Алар… Далее »

КОЛХОЗДОШТУРУУ ЖАНА КӨЧМӨНДӨРДҮ ОТУРУКТАШТЫРУУ

Жаңы экономикалык саясат 20-жж. көп жылдарга эсептелген саясий стратегия катары кабыл алынган эле. Өлкөнү индустриялаштыруу, айыл чарбасын кооперативдештирүү, элдин материалдык жана маданий деңгээлин көтөрүү пландары да жаңы экономикалык саясаттын принциптеринин негизинде жүргүзүлмөк. Айыл чарбасын кооперативдештирүүдө мамлекет тарабынан күч колдонулбастан экономикалык ыкмалар аркылуу эволюциялык жол менен өнүктүрүлмөк. Дыйкандар кооперациянын артыкчылыктарын түшүнгөндө гана ага өз ыктыярлары менен бириге башташмак. Жаңы… Далее »

УЛУТ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨГҮ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР

Большевиктер партиясы бийликке келгенге чейин эле социалдык жана улуттук эзүүнү жоюуну өздөрүнүн негизги максаты экендигин жарыялап келишкен. 1917-ж. 2-ноябрда Совет өкмөтү «Россия элдеринин укуктарынын декларациясын» жарыялал өзүнүн улут саясатынын негиздерин билдирген. Октябрь революциясына чейин падышачылыктын колониялык саясаты, аймактык бытырандылык, феодалдык-патриархалдык мамилелердин үстөмдүгү Орто Азия элдеринин улуттук байланыштарын түзүүгө жана чыңдоого тоскоол болгон. Совет өкмөтү Орто Азияда өздөрүнүн таасирин бекемдөө… Далее »

ТООЛУУ КЫРГЫЗ ОБЛАСТЫН ТҮЗҮҮ АРАКЕТИ

Түркстан АССРинин курамында турган кыргыздар бул республиканын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана жана Самарканд областтарынын курамында болуп, дагы эле бытыранды бойдон кала берген. Бул областтарда кыргыздар башка улуттарга караганда азчылыкты түзүп, көпчүлүк убакта алардын кызыкчылыктары этибарга алынбай калган. Кыргыздардын ассимилацияга кириптер болуу коркунучу туулган. Ушуга байланыштуу 1921-ж. Алматыда болгон кеңешмеде биринчи жолу Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз областын түзүү маселеси… Далее »

ОРТО АЗИЯНЫ УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТӨРГӨ БӨЛҮҮ. КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛАСТЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

Орто Азияда контрреволюциячыл күчтөр, өзгөчө басмачылардын кыймылы басылгандан кийнн гана бул региондо жашаган элдерди улуттук-мамлекеттерге бөлүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Буга чейин Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасында өзбек, түркмөн, кыргыз бөлүмдөрү иштешип, улуттук мамлекеттүүлүктөрдү түзүү үчүн анда жашаган элдердин этнографиялык курамын, экономикалык жана географиялык чектерин такташкан. Түркстандын улут иштери боюнча областтык, уезддик бөлүмдөрүндө бул аймакта жашаган элдердин өкүлдөрү иштешкен. 1922-ж.… Далее »

КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ РЕСПУБЛИКАСЫ. КЫРГЫЗ ССРин ЖАРЫЯЛОО

Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын уюштуруу съездинде эле (1925-ж. марты) ага катышкан делегаттар союздук өкмөткө Кара-Кыргыз Автономиялуу областын Кыргыз автономиялуу областы деп кайра атоо сунушу менен кайрылган. Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин 1925-ж. 25-майдагы чечими менен област Кыргыз Автономиялуу областы болуп аталган. Ушул эле уюштуруу съездинде делегаттар автономиялуу областты Кыргыз Автономиялуу Республикасына айландыруу өтүнучү менен да кайрылышкан болчу. Бүткүл Россиялык… Далее »

АЛАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫ РОССИЯГА КАРАТУУ. КУРМАНЖАН ДАТКА

Кокон хандыгы жоюлган кезде Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай ж.б. өрөөндөрү орус мамлекетине каратыла элек болчу. Фергана областынын жаңы аскер губернатору М. Д. Скобелев кандуу колун кургатпай, көтөрүлүштүн саркындыларын жок кылууну, баскынчылык саясатын улантууну көздөгөн. М. Д. Скобелев моюн сунбаган кыргыздарды талкалоо үчүн атайын «Алай илимий-согуштук экспедициясын» уюштурган. Экспедициянын курамына аскердик күчтөрдөн тышкары бир топ окумуштуулар кошулган. Алар… Далее »

КЫРГЫЗДАР ТУУРАЛУУ ЭҢ БАЙЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир дагы эл болбоо керек. Моңгол мезгилине чейинки Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтардын дээрлик бардыгы официалдуу кытай историографиясынын чыгармаларынан алынган. Аларда эл аталыштары, анан да адамдардын, жерлердин энчилүү аттары, албетте, кытай иероглифтери менен транскрипцияланып берилген.… Далее »