ЛОГИКА

ЛОГИКА (гр. logos — сөз, түшүнүк, таңкуулоо, акыл-эс) — формалдуу — билимдин бардык тармактарындагы рационалдуу туюмдун жалпы маанилүү формалар ж-дөгү окуу ж-а ойлоонун зарыл каражатары. Ойлоонун жалпы маанилүү формаларына: талкулоо, акыл-эс корунтулар түшүнүктөрү кирет. Ал эми жалпыга маанилүү ойлоонун каражаттарына — аныктама, эреже (принциптер) түшүнүктөр, талкулоо ж-а акыл-эс корундулардын түзүлүшү, бир талкуулоодон, же акыл-эс корутундуулардан экинчисине өтүү эрежелери… Калганын окуу »

ЛОГИКАЛЫК ТАЛДОО ФИЛОСОФИЯСЫ

ЛОГИКАЛЫК ТАЛДОО ФИЛОСОФИЯСЫ — аналитикалык философиянын агымы, ал философияны тил м-н азыркы учурдагы формалдуу (математикалык) логиканын каражаттары аркылуу аны пайдаланууда келип чыгуучу проблемаларды Л. т-го ыйгарат. Л. т. ф-нын пайда болушу ж-а өнүгүшү илимдерди математикалаштыруунун ургаалдуу процесси ж-а логикалык формалдаштыруу методдорунун өнүгүшү, ошондой эле ушул методдордун жардамы м-н салттык философиялык проблемаларды чечүүгө болгон аракеттер м-н байланышкан логикалык-методологиялык проблематикага… Калганын окуу »

ЛОГИКАНЫН ИЛИМИ

ЛОГИКАНЫН ИЛИМИ, Гегелдин диалектикалык методу кеңири түшүндүргөн, «Чоң логика» («Wissenschaft logik» 1812-16) деп аталган негизги чыгармасы. Ал «Болмуш туурасында илим», «Маңыз туурасында илим», «Түшүнүк туурасында илим» деген үч бөлүктөн турат. Гегель 1831-жылы анын 2- басылышын басууга даярдай баштап, толук кайра иштеп чыга албай калган. Кайра иштеп чыгууга үлгүргөн 1-бөлүгү 1833-жылы басылып чыккан. Гегелдин ою б-ча, логиканын милдети дүйнөнү… Калганын окуу »

МАМЛЕКЕТ

МАМЛЕКЕТ — коомдун экономикалык ж-а социалдык түзүлүшүн сактап, аны башкарууну ишке ашыра турган саясий системанын негизги институту. М-тин негизги белгилери: 1) М-тик бийликтин функциясын ишке ашыра турган органдар м-н мекемелердин өзгөчө системасы; 2) М-тик бийлик белгилеген же санкциялаган укуктун болушу; 3) М-тик бийликтин жаралуу же жайылуу чеги бар аймактын болушу. Тарыхта белгилүү М-тин түрлөрү: кул ээлөөчүлүк М: феодалдык… Калганын окуу »

МАТЕРИАЛИЗМ

МАТЕРИАЛИЗМ (лат. materialis — заттык, заты) — материянын обьективдүүлүгүн, алгачкылыгын, түгөнгүстүгүн ж-а жок болбостугун таануучу негизги философиялык багыттардын бири, ал аң-сезимден сырткары ж-а көз карандысыз болот ж-а чындыктын алгачкы негизи катары чыгат. М. идеализмге карама- каршы. Мазмундуу конфронтация, алардын ортосундагы күрөш тарыхый-философиялык процесстин өзөгүн түзөт. Идеялык агым катары М. көп кырдуу. М-дин төмөнкүдөй түрлөрү бар: маңыроо (стихиялык) М.… Калганын окуу »

МАТЕРИЯ

МАТЕРИЯ (гр. materia) — субстрат, субстанция зат, адамзаттын аң-сезиминен сырткары ж-а көз карандысыз болуучу ж-а ал чагылдыруучу обьективдүү реалдуулук. М. дүйнөнүн көптөгөн чексиз реалдуу болгон обьектилерин ж-а системаларын камтыйт, кыймылдын бардык мүмкүн болгон касиеттеринин ж-а формаларынын субстанциалык негизи болуп эсептелет. М. конкреттүү формалардын, түрдүү обьектилердин ж-а системалардын эсепсиз көптүгүндө башкача болбойт. Материя түгөнбөйт ж-а жоголбойт, убакыт б-ча түбөлүктүү… Калганын окуу »

МАТЕРИЯНЫН КЫЙМЫЛЫНЬШ ФОРМАЛАРЫ

МАТЕРИЯНЫН КЫЙМЫЛЫНЬШ ФОРМАЛАРЫ (формы движения материи) — материалдык объектердин өз ара аракеттенишүүсүнүн ж-а кыймылынын негизги типтери. Ар бир телого бир нече М. к. ф. мүнөздүү. М. к. ф. илимий классификациялоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл: 1) материалдык объекттер — кыймылды алып жүрүүчүлөрдүн спецификасы; 2) белгиленген кыймыл формасына мүнөздүү жалпы закондордун болмушу; 3) материянын тарыхый өнүгүүсүнүн ж-а кыймылынын эң жөнөкөй… Калганын окуу »

МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ

МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ (Сущность и явление) — Дүйнөдөгү процесстердин ж-а объектердин бардык зарыл жактарын чагылдырган философиялык категориялар. Маңыз — бул өз жашоосунун бардык көп түрдүүлүктөрү ж-а карама-каршылыктарынын биримдиги аркылуу кубулушчу нерсенин ички мазмуну; а кубулуш болсо нерсенин тигил же бул жагынан көзгө чалдыгышы, анын жашашынын сырткы кейпи (формасы). Ой жүгүртүүдө М. ж-а К. категориясы нерседе болгон көп түрдүү… Калганын окуу »

МЕДИТАЦИЯ

МЕДИТАЦИЯ (лат. meditatio — ой жүгүртөм, ойлоном) — адамдын психикасын өтө терең бир жерге топтогон абалга алып келүүгө багытталган акыл аракети. Психологиялык аспектте М. өтө эмоциялык көрүнүштү ж-а реакция жасоонун олуттуу төмөндөшүн четтетүүнү болжолдойт. М-лануучунун соматикалык абалы бул учурда алсыздангандык, ал эми анын акыл маанайы көтөрүлгөндүк ж-а айрым аша кечүүчүлүк (тышкы обьекттерден ж-а айрым ички толгонуулардан) м-н мүнөздөлөт.

МЕНТАЛИТЕТ

МЕНТАЛИТЕТ (лат. mentalis — акыл, ойлоо, ойлордун образы, рухий склад) — ойлордун, ишенимдердин, рухий көнүмүштөрдүн толук жыйындысына карата жалпы рухий маанайдын багытталгандыгы, ал дүйнөнүн картинасын түзөт ж-а маданий салттардын же кандайдыр бир коомдоштуктун бирдиктүүлүгүн бекемдейт. М. коллективдүү аң- сезимдин ишин мүнөздөйт. Ушул мааниде ал ойдун өз алдынча тибин элестетет. М. — адамдарда алардын табигый болгондорунан ж-а социалдык жактан… Калганын окуу »