ТЕМПЕРАМЕНТ

ТЕМПЕРАМЕНТ (лат. tempera-mentum — бөлүктөрдүн тиешелүү катышы) — адамдын психикасын мүнөздөгөн жеке өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы. Т. сезимдин күчүнө жараша терең же үстүртөн, анын өтүү ылдамдыгына, туруктуулугуна же тез алмашуусуна карата билинип-көрүнөт; ошондой эле мүнөздө Т. индивиддин кыймыл-аракетинин өзгөчөлүгүнө жараша да болуп өтөт. Т-тин негизинде жогорку нерв иш- аракетинин типтери жатат. Күчтүү, оор басырыктуу, сергек типтеги Т-тер сангвиниктик Т-ке туура… Калганын окуу »

ТЕОЛОГИЯНЫН БАШТАЛЫШЫ

ТЕОЛОГИЯНЫН БАШТАЛЫШЫ же «Теологиянын негиздери», проклдын (5-к.) чыгармасы, теориялык философия б-ча колдонмо; неопозитивизмдин негизги түшүнүктөрүн ж-а методдорунун өзүнчө бир жыйындысы сыяктанган жападан жалгыз эмгек. 211 параграфтан турат, алардын баштапкы 112си неоплатончул философиясынын оппозиция түрүндөгү категорияларына арналган: жеке-көп, келип чыгуучу — чыгаруучу, жөнөө-кайтуу, өзүнө-өзү ээ — өзүнө-өзү ээ эмес, өзүнөн өзү кыймылдаган — башканын таасиринен кыймылдаган, түбөлүктүүлүк ж-а убактылуулук,… Калганын окуу »

ТЕОРИЯ

ТЕОРИЯ (гр. theoreo — изилдейм, карайм) — кең мааниде кандайдыр бир көрүнүштү түшүндүрүүгө багытталган көз караштар, түшүнүктөр ж-а идеялар жыйындысы; тар мааниде болмуштун белгилүү тармагынын мыйзам ченемдүү ж-а олуттуу байланыштары ж-дө жогорку өнүккөн формасы. Т. көп учурда эмприкалык изилдөөлөргө көз каранды болбой математикалык ж-а логикалык формализмдер аркылуу өнүгөт. Анын мындай өз алдынчалыгы — теориялык ой жүгүртүүнүн артыкчылыгы. Бирок… Калганын окуу »

ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ПСИХОЛОГИЯ

ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ПСИХОЛОГИЯ — азыркы ар кыл чет элдик психология багыттарынын аталышы; ал өз изилдөөсүнүн предмети кылып адамдын түпкү күчүн, кызыгуусун ж-а тенденциясын алып, аң-сезимдин үстүнөн кайпып өткөн процесстерге каршы коет. Т. П-нын чеги так баамдалбайт: ар түрдүү агымдар м-н мектептерди (Фрейддин, Юнганын, Адлердин, эгопсихология, неофрейдизм ж. б. окууларды) өзүнө камтыйт. Адамдын жүрүм-турумунун мотивин чечмелөөдө Т. п. активдүү динамикалык… Калганын окуу »

ТИЛ

ТИЛ — адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Т-дин жардамы м-н дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Т. табигый ж-а жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу Т. табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат. Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. Т.-социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн… Калганын окуу »

ТИП

ТИП (гр. tupes — изи, формасы, үлгүсү) — 1) форма — маанилүү сапаттык белгилери м-н айырмаланган бир нерсенин түрү: үлгү, тиги же мунун модели; 2) изилденген реалдуулукту типтерге ажыратуунун бирдиги; 3) кандайдыр бир мүнөздүү касиетке ээ адам, адамдардын тобунун чыгаан өкүлү айрым алганда: Катмардын, улуттун, заманынын; (биологияда) — 1) жаныбар системасындагы жакын класстарды бириктирген жогорку таксономиялык категория. Т.… Калганын окуу »

ТУБАСА ИДЕЯЛАР

ТУБАСА ИДЕЯЛАР — сезим дүйнөсүнө эч катышы жок адамдын акыл-эсине башынан, төрөлгөнгө чейин эле тиешелүү, тажрыйбадан көз каранды эмес түшүнүктөр, билүүлөр элестер. Тубаса идеялардын катарына математика м-н логиканын аксиомаларын ж-а философиянын баштапкы принциптерин, моралдык баалуулуктарды кошушат. Тубаса идеялар жөнүндө окууну Платон негиздеген. Кээ бир философтордун пикири б-ча, тубаса идеялар Кудай тарабынан берилет (Декарт), же тубаса идеялардын өнүгүүсүнө сезим… Калганын окуу »

ТҮШ КӨРҮҮ

ТҮШ КӨРҮҮ — көзгө элестөөлөр ж-а баштан өткөргөн субъективдүү көрүнүштөр м-н коштолуучу түш көрүү учурундагы дайыма боло бере турган кадыресе психикалык процесс. Психиканы ж-а организмди турукташтыруу Т. к-нүн негизги кызматы болуп саналат. Адамдын жан дүйнөсүндөгү өзгөчө көрүнүш катары Т. к. адамзат тарыхында узак убакыттар бою өзүнө көңүл бурдуруп ж-а фольклордо, мифологияда, динде, философияда, илимде, ж. б. ар түрдүү… Калганын окуу »

УБАКТЫЛУУ ЛОГИКА

УБАКТЫЛУУ ЛОГИКА (Временная логика) — чыныгы мааниси убакыттын тигил же бул белгилүү кырдаалында (аралыгында) объектин жашоосунун байланышын көрсөткөн, айтылган пикирлердин операцияларын изилдөөлөрдө формалдуу-логикалык эсептөөлөрдө колдонулуучу математикалык логиканын багыттарынын бири: чыныгы мааниси убакыттын параметринен көз каранды болгон пикирлерди «убактылуу» пикирлер деп аташат. Убактылуу логиканын пайда болушун 20-к-дын 40-жылдарына таандык деп эсептешет. Себеби Дж. Н. Финдлей «Убакыт: кээ бир табышмактарды… Калганын окуу »

УБАКЫТ

УБАКЫТ (Время) — бири-бирин алмаштырып турган (дүйнөдөгү кыйроо, талкалануу, жаралуу, орноо, өнүгүү ж. б.) объектилерди координациялоо формасы. Асман телолорунун жолунун бөлүгү м-н өлчөнгөн объективдүү убакытты, убакытты баамдоого негизделген, субъективдүү убакыттан айырмалоо керек. Убакыт кайталанбайт: бардык процесстер, жаратылыштын кубулуштары бир абалда бир жолу гана болот. Августин м-н Лейбниц айтып кеткендей, У. өткөндөрдү, учурду, келечекти баамдоого мүмкүнчүлүк берген адамдын жашоосунун… Калганын окуу »