ЖЕР ЖҮЗҮНДӨГҮ АДАМЗАТ

ЖЕР ЖҮЗҮНДӨГҮ АДАМЗАТ (Вселенское человечество) — негизги эки мааниси бар философема: 1. Коомдук, социалдык жаратылышы бирдей жалпы белгиси ж-а кызыкчылыгы бар бардык адамдардын жыйындысы. Адамзаттын жалпы кызыкчылыгы болуп жер жүзүндөгү жашоону улантуу, чогуу тиричилик кылуу, дүйнөлүк цивилизацияны, маданиятты өнүктү-рүү үчүн жалпы ишмердүүлүк, өнүгүүгө умтулуу, тарыхтын субьектиси катары бардык тармактардын прогрессине активдүү кол кабыш кылуу эсептелет; 2. Планетардык системанын… Калганын окуу »

ЖЕКЕЛИК ЖАНА ЖАЛПЫЛЫК

ЖЕКЕЛИК ЖАНА ЖАЛПЫЛЫК (единичное и общее) — өзүлөрүнүн эриш-аркактыгы м-н мыйзам ченемдүүлүк м-н кайталанып туруучу ж-а кокустан да кездешүүчү адам ишмердигинде стандарттуу ж-а уникалдуу, турмушта адаттагыдай ж-а күтүлбөгөндөй жолуга берүүчү дүйнө кубулуштарындагы окшоштуктар м-н айырмачылыктардын тең салмактуулугун туюндурган философиялык категориялар. Жекелик — болмуштун ушул гана көрүнүшүндө болгон, башка эч жерде кездешпеген ж-а эч жерде кайталанбаган көрүнүш. Жалпылык —… Калганын окуу »

ЖАШТАР

ЖАШТАР — тигил же бул социалык-психологиялык касиеттеринин өзгөчөлүгү социалдык абалы м-н шартталган, жаш курактык белгилери негизинде айырмаланган социалдык-демографиялык топ. Жаштык, белгилүү бир фаза, биологиялык жашоонун этабы, бирок анын конкреттүү курактык алкагы социалдык статусу ж-а социалдык-психологиялык өзгөчөлүгү социалдык-тарыхый табиятка ээ ж-а социалдашуусу коомдук түзүлүштөн, маданияттан ж-а жашап турган коомдун мыйзамченемдүүлүгүнөн көз каранды. Тапсыз коомдо Ж. социалдык белгилери көбүнчө табигый-биологиялык… Калганын окуу »

ЖАШОО

ЖАШОО (лат. ex(s) istentia, ex(s) isto — жашайм) — болмуштун ж-а анын маани-маңызын, бардык түрдүү нерселердин-буюмдардын, учурлардын, түшүнүктөрдүн өз ара байланыштарын, өзгөрүүлөрүн ж-а аракеттенишүүлөрүн бириктирип турган онтология түшүнүгү болуп эсептелет. Философиянын тарыхында түшүнүгү көбүнчө нерселердин, буюмдардын тажрыйба аркылуу гана аңдалып-билинген сырткы гана болмушу катарында колдонулуп келген. Аныгында болсо, жашоону ж-а маңызды (сущность), болмуш ж-а өзгөрүп-өсүшү ажыралып терең ички… Калганын окуу »

ЖАШ ГЕГЕЛЧИЛЕР

ЖАШ ГЕГЕЛЧИЛЕР, же сол гегелчилер — гегелчил философиялык мектептин радикалдуу канаты. Алардын Г егелдин философиясын интерпретациялашы ж-а христианчылыкка сыны ошол мезгилдеги немец шарты үчүн буржуазиялык-демократтык ойду ж-а жалпы эле саясий кызыкчылыкты ойготуунун өзгөчө бир формасы болгон. Солгегелчилердин теориясы диндин моделине коомдук аң-сезимдин социалдык структура (идеология) катары анализдөөнүн эң алгачкы аракети катары кызыктуу. Алардын көңүл борборунда коом ж- дө… Калганын окуу »

ЖАҢЫ ФИЛОСОФТОР

ЖАҢЫ ФИЛОСОФТОР — 1976-1979-жылдары Франциядагы идеологиялык ж-а көз караштык талаш- тартыштарды авансценага алып чыккан философтор м-н публицисттердин тобу. Өз китептеринде ж-а радиодо берилген сөздөрүндө жаш интеллектуалдар 1968-жылдын май айындагы «жаштар революциясынын» мурдагы активисттери (А. Глюксман, Б. А. Леви, Ж. П. Долле, К. Жамбе, Г. Лярдро ж. б.) «революциячыл мифтерден» көңүлдөрү калгандыгын айтып чыгышкан. Мурда алар Маркстын, Мао-Цздун ж-а… Калганын окуу »

ЖАМААТ

ЖАМААТ (Община) — өздүк мүчөлөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгү м-н бириктирилген ж-а жергиликтүү өзүн өзү башкарган системага ээ социалдык майда уюм. Алгачкы Ж-тык коомдо уруулук Ж. өндүрүштүк, үй- бүлөлүк, тиричиликтик, идеологиялык функцияларды жөнгө салган негизги организм болуп саналган. Коомдук мамилелердин андан ары өнүгүшүнө байланыштуу региондук (азиялык, европалык) ж-а функционалдуу (айылдык, коммуналдык, конфессионалдык, улуттук ж. б.) Ж-тар пайда болгон. Азиялык коңшулук… Калганын окуу »

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТЫ

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТЫ (картинасы) — жаратылыштын жалпы касиеттери ж-а илимий ченемдери туурасында табият таануунун негизги илимий түшүнүктөрүн ж-а принциптерин жалпылоонун ж-а синтездөөнүн натыйжасында келип чыккан туташ бүтүн система. Д. и. с-нын дүйнө тааным ж-а методологиялык базасы материалисттик диалектика болуп саналат. Д-нүн жалпы илимий сыпаты м-н изилдөө предмети б-ча жакын болгон айрым илимдердин (физикалык, астрономиялык, биологиялык ж. б.) дүйнө… Калганын окуу »

ДҮЙНӨГӨ БОЛГОН КӨЗ КАРАШ

ДҮЙНӨГӨ БОЛГОН КӨЗ КАРАШ — дүйнө ж-дө ж-а андагы адамдардын орду ж-дө, адамдын аны курчап турган чындыкка ж-а өзүнө болгон мамилеси ж-дө көз караштардын системасы, ошондой эле ушул көз караштар м-н шартталган адамдардын негизги турмуштук ээлеген орду ж-а көрсөтмөлөрү, алардын ишенимдери, идеалдары, таанып билүү ж-а иш-аракет принциптери, дүйнөлүк багыттары. Д. б. к. к. — адамдын чындыкка болгон теориялык… Калганын окуу »

ДИАЛЕКТИКАЛЫК ТЕОЛОГИЯ

ДИАЛЕКТИКАЛЫК ТЕОЛОГИЯ (кризистин теориясы) — евангелиелик теологиядагы 20-к-дын 20-30- жылдарда пайда болгон агым; өзүнүн келип чыгуусу ж-а теориялык жоболору б-ча экзистенциализмге абдан жакын, «диалектикалык» деген түшүнүк философиялык мазмунга толук каныккан эмес, ал адамдын өзүнө карама-каршы турган суверендүү кудай м-н пикир алышуу учурундагы ойдун ишин түшүндүрөт. Д. т. интеллектуалдуу теологиялык агым катары (1921-1933) диний ойчулдар тарабынан төмөнкүдөй аталыштар м-н… Калганын окуу »