ДЕФИНИЦИЯ

ДЕФИНИЦИЯ (лат. definitio — чектөө) — түшүнүктү аныктоо, түшүнүктүн белгилерине, б. а. түшүнүктүн мазмунуна токтолуу м-н анын маани-маңызын ачуу (кара, Түшүнүк, Предикат). Эмпирикалык предметтердин түшүнүктөрү өтө көп сандагы белгилерге ээ болгондуктан, алардын Д-сы маанилүү белгилерди баса белгилөө м-н гана чектелет (кара, Абстракция). Тактыгы б-ча математикалык Д-ларды ж-а көрсөтмө түшүнүктөрдү айырмалоого болот. Айрым моменттери ж-а функциялары б-ча Д-лардын төмөнкүдөй… Калганын окуу »

ДЕТЕРМИНИЗМ

ДЕТЕРМИНИЗМ (лат. de-termino — аныктайм) — детерминациянын объективдүү процесси ж-а детерминациянын объективдүү процесси тууралуу окуу катары түшүндүрүлөт. Д. — табигый, коомдук ж-а психикалык нерселер м-н кубулуштардын кандайдыр бир себеп тарабынан себептүү аныкталгандыгы тууралуу окуу. Мындай себеп катары теологиялык Д. Кудайды, антропологиялык Д адамды, географиялык Д. табигый шарттар м-н климатты, биологиялык Д. тукум куучулукту атайт. Көз караштык ориентациялары б-ча,… Калганын окуу »

ДЕМОКРИТТИН ОНТОЛОГИЯСЫ

ДЕМОКРИТТИН ОНТОЛОГИЯСЫ — Демокрит болмуш ж-а болмуш эмессыяктуу эки башат жашайт деп белгилеген. Ал сезимдик тажрыйбага таянуу м-н нерселер да (болмуш), мейкиндик да (боштук, болмуш эмес) жашайт деген. Боштук бир нерсени экинчисинен ажыртып турат. Бул болсо элеаттар баса көрсөткөндөй болмуш бирдиктүү эмес, көп түрдүү дегенди түшүндүргөн. Космос нерселер м-н боштуктардын биригиши болуп саналат. Болмуш боштук тап-такыр жок болуп… Калганын окуу »

ДЕКАРТ Декарт Рене

ДЕКАРТ Декарт Рене (1596-1650) (лат. аты Картезий) — француз философу, философиялык рационализмдин көрүнүктүү өкүлү. Эски ак сөөк тукумунан чыккан. Билимди иезуит мектебинен алып, Отуз жылдык согуштун башталышында армияда кызмат өтөгөн, 1621-жылдан тартып бир нече жылга созулган саякаттарды жасаган. 1629-жылдан Нидерландияда жашаган, 20 жылга жакын илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Негизги чыгармалары “Метод тууралуу ой толгоо”, “Метафизикалык ой жүгүртүүлөр”. Д-тын пикири… Калганын окуу »

ДАОСИЗМ

ДАОСИЗМ (Дао мектеби) — Кытай философиясынын б. з. ч. жашаган Конфуцийдин улуу замандашы Лао- цзы тарабынан негизделген башкы багыттардын бири. Д-дин негизги жоболору Лао-цзыга таандык делинген «Дао дэ цзин» («Жолдун ж-а күчтүн китеби») деп аталган адабий булакта чагылдырылган ж-а Чжуан-цзы, Ле-цзы, Ян Чжу ж. б. чыгаан кытай ойчулдары тарабынан өнүктүрүлгөн. Б. з. 2-3-кылымдарында даосизм философиялык ж-а диний багыттарга… Калганын окуу »

ГЕНЕАЛОГИЯ

ГЕНЕАЛОГИЯ — алгач адамдын пайда болушун аныктаган анын ата-тегинин, тукумунун тизмеси. Ал эми философияда генеалогия — бул социалдык- маданий көрүнүштөрдүн өзгөрүлбөстүгүн танган классикалык эмес ыкма Г. Ф. Ницше тарабынан киргизилип, кийин М. Фуко андан ары өнүктүргөн. Г. өзүнө адамдын реалдуу денелик көрүнүшүнүн белгилүү шарттарын камтыган конкреттүү себептердин көпчүлүгүн камтыйт. Ницше моралдын тарыхын сызыктуу өнүгүүнүн алкагында көрсөткөн анын бардык… Калганын окуу »

ГЕНДЕРДИК ИЗИЛДӨӨЛӨР

ГЕНДЕРДИК ИЗИЛДӨӨЛӨР жыныс категориясын комплекс катары системалык изилдөө максатта учурдагы социомаданий окуулардын ичинен динамикалык өнүгүп жаткан жаш дисциплина. Г. и. предмети жыныстардын — эркек м-н аялдардын өз ара мамилелери, алардын кандайча өнүгүүсүн, иштөөсүн ж-а адамдын жашоосуна таасир берүүсүн талдоо эсептелет. Г. и-дүн максаты, бул жыныс категориясын өзүнө жыныстык бирдейлик ж-а жыныстык айырма, жыныс аралык мамилелер, жыныстык тартип ж.… Калганын окуу »

ГЕГЕЛЧИЛИК

ГЕГЕЛЧИЛИК (Гегельянство) — Гегелдин окуусун ж-а идеяларын өнүктүрүп, тереңдеткен философиялык агым. Г ерманиядагы Г егелдин мектеби теисттик оң канат улуу гегелчилер (Г ешель, Дауб, Г инрихс, Г аблер ж. б.) ж-а радикалдык сол канат, жаш гегелчилер (Руге, Бруно Бауэр, Фейербах, Штраус ж. б.) болуп ажыраган. Консервативдик улуу гегелчилердин өкүлдөрү 19-к-дын 30-40-жылдарында Гегелдин окуусун диндик-христиандык интерпретациялап, акыл м-н диндик… Калганын окуу »

ГАРТМАН Эдуард

ГАРТМАН Эдуард (1842-1906) — немец философу, иррационализм ж-а волюнтаризм агымынын өкүлү. Г. Г егель м-н Шопенгауэрдин философияларын бириктирип, аны бир динамикалык метафизикага айландырып, Шеллингдин философиясынын алынган «акылдан тышкары» (бессознательное) түшүнүгүн киргизип, ошондой эле Лейбництин индивидуалдуулуктар жөнүндө окуусун ж-а учурдагы табият илиминдеги реализмди колдонуп өзүнүн системасын түзгөн. Г. спекулятивдик-индуктивдик методдун жардамы аркасында аң-сезимдин ичинен аң-сезимден тышкары жаткан (аң-сезимдин трансценденттик… Калганын окуу »

ГАРТМАН Николай Фон

ГАРТМАН Николай Фон (1882-1950) — немец философу. «Таануунун метафизикасынын негизги өзгөчөлүктөрү» (1921) аттуу китебинде Г. таануунун метафизикасын субъект-объект мамилелерин кең, онтологиялык перспективада карайт. Бул маселени Г. феноменологиянын интенционалдуулук түшүнүгүнүн жардамы аркылуу субъект м-н объектинин ортосундагы катнашты имманенттик — трансценденттик катары кароонун аркасында чечүүгө умтулган. Бул позицияга жараша таануу заты таануу процесстеринен тышкары болуп, өз алдынча реалдуу болмуш болуп… Калганын окуу »