ГАНДИЗМ

ГАНДИЗМ — негиздөөчүсү М. К. Гандинин (1869-1948) атынан аталган, Индиянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жаткан учурда пайда болгон коомдук-саясий ж-а диндик-философиялык доктрина. Г. Индиянын улуттук-боштондук кыймылынын идеологиясы. Г-дин негизги саясий принциптери зомбулук кылбоонун негизинде боштондук үчүн күрөшүүгө элдин бардык катмарларын катыштыруу жолу м-н согушсуз, Индиянын эгемендүүлүгүнө жетиш; Индиянын улуттук конгрессинин жетекчилиги астында, кастасына, табына, улутуна, динине карабай, бардык… Калганын окуу »

ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ

ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ (лат. hallucinate — жөөлүү, кош көрүүнү, элес) -эсте тутулуп калган элес, субъекттин ички рухий процесси реалдуулук катары кабыл алынган далилдегенге татаал сезимдердин жаңылышы. Жалган түшүнүктөрдү өзүнө камтыгандыгы б-ча Г-лар иллюзияларга окшош, бирок иллюзия Г-дан айырмаланып, реалдуу объект тарабынан чакырылат. Учурдагы Г-лардын жалпы теориясында эки гипотеза басымдуулук кылат. 1. Тиричилик тажрыйбасы, узак убакыт сакталуучу физикалык өзгөрүүлөрдүн пайда болушуна… Калганын окуу »

ГАЛИЛЕЙ Галилео

ГАЛИЛЕЙ Галилео (1564-1642) — италиялык математик, физик, астроном ж-а ойчул. Коперниктин идеяларын колдогондугу үчүн инквизация тарабынан айыпталып, алардан баш тартууга аргасыз болгон. Г. Демокритке таянып, жаңы механикалык натурфилософияга негиз салган. Г. Аристотелдин авторитетине сокур баш ийүүнү, догматикалык схолостиканы сындап, биринчи болуп илимий экспериментти системалык түрдө колдонуп, жаратылыштын кубулуштарын математикалык, геометриялык моделдештирген. Илимий изилдөө үчүн Г. авторитеттерди четке кагууну,… Калганын окуу »

ГАДАМЕР Ханс-Георг

ГАДАМЕР Ханс-Георг (1900-ж. т.) — немец философу, философиялык герменевтиканын негиз салуучусу. Текстерди түшүнүүнүн методологиясын иштеп чыгарууга гана токтолгон мурдагы герменевтикалык традицияларынан айырмаланып, философиялык герменевтика түшүнүүнүн философиясы болуп эсептелет. Анын предмети болуп жалаң эле «түшүнүүчү» (тарыхый-гуманитардык) илимдер эле эмес, түшүнүүнүн универсалдык мүнөзүн камтыган адамдардын дүйнө ж-а болмуш жөнүндө билгендеринин бардыгын камтыган дүйнөтүшүнүүсү кирет.   Г-дин оюнча түшүнүү — бул таанып-билүүчү,… Калганын окуу »

ВЮРЦБУРГ МЕКТЕБИ

ВЮРЦБУРГ МЕКТЕБИ Германиядагы Вюрцбург шаарынын психологиялык институтунда 20-к-дын биринчи он жылдыгындагы ойлоону эксперименталдык изилдөө багыты. Негиздөөчүсү — О. Кюльпе, өкүлдөрү Н. Ах, К. Бюлер. Өзүн өзү байкоо техникасын жакшыртып (сыналуучуларды тандоо ж-а машыктыруу, тапшырманы аткарууну ж-а баштан өткөрүлгөндөр жөнүндө отчетту бөлүштүрүү), В. м. өкүлдөрү тапшырманын маанисине тиешелүү образдардын сыналуучулардын эс-акылында жоктугун баамдашкан. Ошондуктан негизги, О. Кюльпе айткан ойлоонун… Калганын окуу »

ВУЛЬГАРДЫК МАТЕРИАЛИЗМ

ВУЛЬГАРДЫК МАТЕРИАЛИЗМ (лат. vulgaris — жөнөкөй, кадыресе) — 19-к-дын     ортосундагы материализмдин негизги принциптерин жөнөкөйлөткөн, одонолоткон философиялык агым. В. м. теориялык негиздөөчүсү француз материалисти Кабанис, ал эми негизги өкүлдөрү К. Фохт, Л. Бюхнер, Я. Молешоттор болгон. В. м. табият илимдеринин теорияларын (материянын сакталуу мыйзамы, энергиянын айлануу ж-а сакталуу мыйзамы, Дарвиндин эволюциялык өнүгүү мыйзамы, организмдердин клеткалык түзүлүшү ж. б.)… Калганын окуу »

БОШ УБАКЫТ

БОШ УБАКЫТ адамдагы (жамаат, коомдогу) эң зарыл, керектүү иштерине кеткен убакытты чыгарып салгандан кийин калган, иш күнүнөн сырткары мезгил (күн, жума, ай, жыл). Б. у-тын чеги адамдардын тиричилик ишмердигиндеги жалпы убакыттын ичине кирген иш күнү (кошумча эмгектенгенин кошкондо) м- н жумуштан сырткаркы мезгилинин (анын ичине зарыл иштер м-н колу бошобогон мезгил да киргизилет) ортосундагы айырма аркылуу аныкталат. Азыркы… Калганын окуу »

БИРИНЧИЛИК ЖАНА ЭКИНЧИЛИК САПАТТАР

БИРИНЧИЛИК ЖАНА ЭКИНЧИЛИК САПАТТАР (Первичные и вторичные качества) — объективдүүлүк белгиси б-ча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Аталган терминдер илимге Локк тарабынан киргизилгендигине карабастан, алар ага чейин эле Демокриттин, Г алилейдин, Декарттын, Г оббстун эмгектеринде нерсенин сапаттары ушундай жол м-н айырмаланган. Локк биринчилик же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны,… Калганын окуу »

БАШКА БОЛМУШ

БАШКА БОЛМУШ (Инобытие) (нем. Anderssein — башкадагы болмуш, башкача болмуш, башка формадагы болмуш) — Гегелдин диалектикасында карама-каршы формага, жаңы сапаттык абалга өтүп жаткан учурду чагылдырган категория; негизинен идеянын жаратылыштагы сезимдик нерселерге айлануусу м-н байланыштуу абсолюттуу идеянын өнүгүшүндөгү белгилүү бир этап катары каралган табиятты түшүндүрүүдө колдонулган. Б. б. категориясы карама-каршылыкка өтүү процессинин статикалык учурунда кирет да, мындай өтүүнү процесстин эмес,… Калганын окуу »

БАКЫТ

БАКЫТ — адамдын иш-аракети натыйжалуу болуп, маанилүү, олуттуу каалоолору, көздөгөн максаттары ишке ашып, басып өткөн жолуна, турмушуна алымсынуу абалын билгизген моралдык — философиялык түшүнүк. Б-тын маанисине туура түшүнүү адамдын өмүрүнүн мазмуну м-н максатын тактоого байланыштуу. Байыркы грек ойчулдары (Сократ, Платон, Аристотель, Эпикур, Стоиктер) Б-тын теориялык мазмунун аныктоого аракеттенишкен. Бирок, алар жеке адамдын коомдун өнүгүүсү м-н үстүртөн гана байланышкан… Калганын окуу »