БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ б. з. ч. 4-к мамлекетинин түзүлүшү м-н жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат. Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик ж-а рим — византиялык доорлор (б. з. ч. 332 — б. з. 642) да эсептелген. Б. Е. М-нын өзгөчөлүгү анын географиялык абалына — Нил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири… Калганын окуу »

АРИСТОТЕЛЬ

АРИСТОТЕЛЬ Стагирит (б. з. ч. 384-322) — байыркы грек элинин улуу философу, энциклопедист, перипатетикчилердин мектебин негиздөөчү. А-дин окуусунда жеке илимдер философиялык өңүттө түшүндүрүлгөн, илимий билимдерге классификация берилген. Анын философиялык системасын жалпысынан логика ж-а метафизика түзгөн. А. тарабынан түзүлгөн ж-а «аналитика» деп эсептелген логика негизги логикалык мыйзам ченемдүүлүктөр, түшүнүктөр ой- жүгүртүүлөр, корутундулар, ырастоолор, ошондой эле далилдөөнүн же төгүндөөнүн методдору… Калганын окуу »

АНАКСАГОР, АНАКСИМЕН

АНАКСАГОР (б. з. ч. 500-428) — байыркы грек философу ж-а окумуштуу. Ал 30 жылдай Афиныда жашаган ж-а афиналык философиялык мектептин негиздөөчүлөрүнөн болуп саналат. 430-ж-дын аягында кудайсыз деп күнөөлөнүп эмиграцияланган; өмүрүнүн акыркы жылдарын Лампсакост өткөргөн. А-дун чыгармаларынан бизге 20 фрагменти жетти. А-дун көз караштары милет мектебинин (баарынан мурда Анаксимендин) ж-а Пармениддин болмуш окуусунун таасири астында калыптанган. А. өзүнүн окуусун… Калганын окуу »

АЛГАЧКЫ ЖАМААТТЫК КООМ

АЛГАЧКЫ ЖАМААТТЫК КООМ — структурасы адамдар жамаатынын общиналык ж-а кандаш- туугандык формадагы алакалар м-н мүнөздөлгөн алгачкы (же архаикалык) коомдук-экономикалык формация; алгачкы адамдар жаралган мезгилден тартып мамлекет пайда болгон учурга чейинки (б. з. ч. 6-5 миң жылдык) доорду өз кучагына камтыйт. Коллективдүү эмгек ж-а керектөө м-н мүнөздөлөт. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири б-ча А. ж. к-дун негизги ячейкасы болуп матриархат эсептелген.… Калганын окуу »

АКЫЙКАТ

АКЫЙКАТ — объективдүү дүйнөнүн аң-сезимде туура чагылышы, түшүнүктүн, пикир жүргүзүүнүн, ой корутундусунун, теориянын коомдук тажрыйба ж-а иликтөөдө текшерилип, аныктала турган объективдүү мазмун. А. — диалектикалык логиканын негизги маселелеринин бири. Маркска чейинки материалисттер А-ты эч убакта өзгөрбөй турган билим деп түшүнүп, аны билбестик м-н адашуучулукка карама-каршы коюп келишкен. Метафизикалык материалисттер А-тын абсолюттук критерийин издеп, мындай критерий туюунун абсолюттук талашсыздыгында… Калганын окуу »

АБСТРАКТТУУДАН КОНКРЕТТҮҮЛҮККӨ КӨТӨРҮЛҮҮ

(Восхождение от абстрактного к конкретному) — теориялык ойдун предметин бүтүн, ар тараптуу, толук элестетүү кыймылынан турган илимий изилдөөнүн методу. Диалектикалык традицияда абстракттуу кең мааниде билүүнүн бир тараптуулугу, «жардылыгы» ал эми конкреттүү — анын толуктугу, мазмундуулугу катары каралат. Ушундай мааниде абстракттуулук принциби илимий таануу процессинин азыраак мазмундуулуктан көбүрөөк мазмундуу билүүгө өтүү багытын мүнөздөйт. «Абстракттуу» ж-а «конкреттүү» түшүнүктөрү алгач Гегель… Калганын окуу »

АБИЙИР ЭРКИНДИГИ

АБИЙИР ЭРКИНДИГИ (Свобода совести) — граждандардын тигил же бул динди тутуусу же тутпоосу; диний көз караш, ишенимдерин коргоо, үгүттөө же динге ишенбөө, атеисттик ой-пикирин ачык айта алуу эркиндиги. Бир катар эл аралык укук жоболоруна ылайык — (Бүткүл дүйнөлүк адам укугу декларациясы (ст. 18); Граждандык ж-а саясий укуктар ж-дөгү эл аралык пакт (ст. 18), БУУнун уставына ылайык (ст. 55,… Калганын окуу »