МЕНЧИК

1) жеке керектөөнү (менчик) канааттандыруучу, өндүрүштүк ж-а өндүрүштүк эмес каражаттарга ээлик кылган коом мүчөлөрүнүн өзүмдүк менчигинин бир формасы. Граждандардын менчиги өлкө байлыгынын ажырагыс бөлүгү. Менчиктин негизги булагы — жеке ж-а коомдук өндүрүш тармагында иштеген адамдардын эмгек акысы, тапкан кирешеси, социалдык камсыздоо фондуларынан алынган кирешелер (пенсия, пособие, стипендия) көмөкчү чарба, ж. б. Акысыз ж-а жарым жартылай акысыз тейлөөлөр да… Калганын окуу »

МЕТАФИЗИКА

МЕТАФИЗИКА (гр. meta ta physika — физикадан кийинки) — болмуштун сезимге чейинки принциптери (тажрыйба аркылуу таанып — билүүгө болбогон) жөнүндөгү философиялык окуу. М. термини Аристотелдин философиялык мурастарынын бөлүктөрүнүн белгилениши катары биздин заманга чейинки 1-к-да пайда болгон ж-а сөзмө сөз «физикадан кийин эмне келип чыгарын билдирет» деген түшүнүктү туюнтат. Аристотелдин ишеними б-ча бардык илимдер үчүн милдеттүү өзүнүн философиялык окуусу… Калганын окуу »

МЕТОД

МЕТОД (гр. methodos — сөзмө сөз «кандайдыр бир нерсеге жол» теория, окуу) — эң жалпы мааниде — максатка жетүү ыкмасы, белгилүү түрдөгү тартипке салынган иш-аракет. М. таанып билүү каражаты катары изилденүүчү предметти ой жүгүртүүдө кайра жаратуу ыкмасы. Илимий жактан негизделген М-ду аң сезимдүү колдонуу жаңы билимдерди алуунун олуттуу шарты болуп эсептелет. Таанып билүүнү өнүктүрүү процессинде индукция, дедукция, анализ… Калганын окуу »

МЕТОДОЛОГИЯ

МЕТОДОЛОГИЯ — 1) кандайдыр бир илимде пайдаланылуучу таанып билүүчү каражаттардын, методдордун, ыкмалардын жыйындысы; 2) таанып билүүчү ж-а тажрыйбада өзгөртүп түзүүчү иш- аракеттерди уюштуруунун каражаттарын, өбөлгөлөрүн ж-а принциптерин изилдөөчү билимдин тармагы. Алсак, илимдердин М-сы илимий билимдерди ж-а илимий иш-аракеттерди изилдейт. М-ны өнүктүрүү — жалпысынан илимий таанып билүүнү өнүктүрүүнүн жактарынын бири. Ар кандай илимий ачылыштар предметтик гана эмес, методологиялык мазмунга… Калганын окуу »

МИФОЛОГИЯ

МИФОЛОГИЯ (гр. mythos — баяндоо, жомок ж-а logos — окуу, сөз) — 1) байыркылар үчүн мүнөздүү оозеки элдик чыгармачылыкта орун алган алгачкы аң сезимде чындыкты иш жүзүндө чагылдыруу. Миф (аңыз) — тарыхтын алгачкы этаптарында пайда болуучу баяндоо, анын фантастикалык образдары (кудайлар, өмүрү уламышка айланган каармандар, окуялар ж. б.) жаратылыштын ж-а коомдун ар түрдүү кубулуштарын жалпылоонун ж-а түшүндүрүүнүн аракети… Калганын окуу »

МИФТЕР

МИФТЕР (гр. mythos — баяндоо, байыркы жомок) — алгачкы аң-сезимдеги дүйнөнү, жаратылышты байыркы элдик чыгармачылыкка мүнөздүү фантастикалык чагылдыруу. Адамзат тарыхынын алгачкы этабында дүйнө туурасында, аны кудайлар м-н рухтун башкаруусу туурасында фантастикалуу баяндоо, айтымдар; алгачкы мифологияда дүйнө сүрөтү, анын элементтери ж-дө айтылат, жаратылыштын ж-а коомдун ар түрдүү кубулуштарын жалпылоо ж-а түшүн-дүрүү аракеттери фантастикалык образдарга (кудайлар, легендалдуу баатырлар, окуялар ж.… Калганын окуу »

МОДАЛДУУЛУК

МОДАЛДУУЛУК (логикада) (лат. modus — чен, жол) — ой-жүгүртүүнү андагы айтылган бекемдөөнүн «күчү» б-ча ой жүгүртүүнүн мүнөзү; ой жүгүртүү зарыл, мүмкүн, кокустук, мүмкүн эмес ж. б. болушу мүмкүн. Салттуу логикада зарылчылыкты туюндурган (аподиктикалык), мүмкүнчүлүктү (проблемалуулукту) ж-а чындыкты (ассерторические) туюндурган ой жүгүртүүнү айырмалашат. Азыркы учурдагы логика ой жүгүртүүнүн, ой айтуунун белгилүү «методологиялык» баасы сыяктуу карап, модалдуулуктун касиеттерин талдоого мүмкүнчүлүк… Калганын окуу »

МОДАЛДЫК ЛОГИКА

МОДАЛДЫК ЛОГИКА — составына модалдуулук (модалдык операторлор) «зарылчылык», «мүмкүнчүлүк», «чындык», «кокустук» ж-а аларды тануу кирген ой жүгүртүү структурасын үйрөнүүнү изилдеген логикалык система. Аристотелдин, стоиктердин, схоластиктердин эмгектеринде эле М. л-нын айрым негизги аныктамалары ж-а мыйзамдары белгиленген. Модалдулукту математикалык (символикалык) логиканын каражаттары м-н изилдөө К. Люистин ж-а Лукасевичтен башталган. Алар модалдуулук абсолюттук мүнөзгө ээ болгон модалдык логика системасын сунушташкан, б.… Калганын окуу »

МОДЕЛДӨӨ

МОДЕЛДӨӨ (фр. modele — үлгү, өрнөк) — таанып-билүүнүн маанилүү бир жолун мүнөздөөчү гносеологиялык категория — метод. Кандайдыр бир объектинин мүнөздөөчү белгилерин башка бир изилдеп үйрөнүүгө мүмкүн болгон объектен таап, иликтеп үйрөнүү. Гносеологиялык планда алганда белгисизден белгилүүгө карай өтүү. М. муктаждыгы объектинин өзүн изилдеп үйрөнүү кыйын болгон, кымбатка турган, же караманча эле мүмкүн болбогон учурларда, же изилдеп үйрөнүү узак… Калганын окуу »

МОДЕЛЬ

МОДЕЛЬ (фр. modele , лат. modulus — чен, үлгү, норма, өрнөк). Логикада, илимдердин методологиясында оригиналдын М-и — табигый же социалдуу реалдуулуктун белгилүү бир фрагменти, адамзат маданиятынын жемиши, концептуалдуу-теориялык түзүлүш ж. б. арадагы тааным каражаты. Модель м-н объектинин ортосунда белгилүү бир окшоштук, аналогия орун алуусу зарыл. Мындай аналог оригиналы ж-дө билимдерди сактоого ж-а кеңейтүүгө, оригиналды башкадан конструкциялоого, өзгөртүп түзүүгө… Калганын окуу »