НОРМА

НОРМА (лат. norma — жетекчилик, эреже, үлгү) — мыйзамдуу түзүлүш, милдеттүү деп табылган тартип. 1) жүрүм-турумдун же иш-аракеттин алдын ала аныкталган эрежеси же үлгүсү, бир нерсе тууралуу тыянактын ченеми ж-а баа ченеми. Табиятта же коомдо бар ж-а болуп жаткан нерселерди чагылдырган мыйзамдан, о. эле аткарылуучу же аткарылбочу эрежелерден айырмаланып, Н. бардык учурларда ж-а бардык нерселерде кездешүүчү касиет болуп… Калганын окуу »

НОРМАЛДУУ ИЛИМ

НОРМАЛДУУ ИЛИМ (Нормальная наука) — Т. Кундун «Илимий революциялардын структурасы» аттуу китебиндеги илимий коомчулукта парадигма деп аталган кандайдыр бир нормага ылайык ишмердүүлүгүн белгилеген негизги терминдердин бири. Н. и-дин табиятын ар түрдүү концептуалдык, инструменталдык ж-а математикалык маселелер м-н баш катырмаларды берү ж-а чечүү түзөт. Парадигма проблеманы тандоону да, кабыл алынган чечимдердин мүнөзүн да өтө так мүнөздө жөнгө салат. Кундун… Калганын окуу »

НУС

НУС (гр. nus — акыл) — антикалык философиядагы аң-сезим м-н ой жүгүртүүнүн бүткүл жыйындысын чагылдырган негизги түшүнүктөрдүн бири. Философиялык мааниде алгачкы жолу Анаксагордун окуусунда кездешет ж-а ал формасыз материяга форма берүү тартибинин принциби катары чечмеленген. Бул түшүнүк идеалисттик мааниде Платон м-н Аристотелдин философиясында чечмеленген. Алардын окуусунда Н. адамга гана мүнөздүү ж-а адамды жаныбарлар дүйнөсүнөн айырмалаган «ой жүгүрткөн жан»… Калганын окуу »

НОЭЗИС ЖАНА НОЭМА

НОЭЗИС ЖАНА НОЭМА (гр. noesis — ой, noema — маани) — Гуссерль тарабынан болжолдонгон маанини ж- а анын негизинде кабыл алынып жаткан нерселердин маанилик биримдигин түзүү иш-аракетин белгилөө үчүн колдонгон терминдери. Маанини түзүү иш-аракеттери нерсенин мүнөзүн аныктоого багытталган. НУРОВА Саида Сулеймановна — (1939-ж. т., Казак Респ-нын Алматы обл., Чоң Аксуу айылы) — философия илимдеринин кандидаты (1969), социологиялык илимдердин… Калганын окуу »

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ — ой, сүйлөмдү баяндоо формасында билдирүү кайсы бир объектиде бекемделет жана объективдүү же калп же чындык болот. Мис., О. ж. «Бардык планеталар күндүн тегерегинде айланат» «Эгерде сан 10го бөлүнсө, анда ал 5 ке да бөлүнөт». Асанов экзаменди «эң жакшы» баага тапшырат. Ой жүгүртүүнүн биринчи экөөсү чындык. Үчүнчүсү балким жалган болуп чыгат (эгерде Асанов «эң жакшы» баага… Калганын окуу »

ОКШОШТУК БОЮНЧА ДАЛИЛ

ОКШОШТУК БОЮНЧА  ДАЛИЛ (доказательство по аналогии) — эки буюмдагы кандайдыр бир белгилер боюнча окшоштукту алардагы башка окшоштук белгилердин негизинде аныктаган далил. Окшоштук б-ча далилдин схемасы төмөнкүдөй: изилденип жаткан буюмдун, балким, дагы бир Х белгиси болушу мүмкүн, анткени, анын башка белгилери Х белгиси да бар башка буюмдун калган башка белгилерине окшош. Бирок, окшоштук б-ча далилдөө жүргүзүп жатканда андан алынган… Калганын окуу »

ӨЗ АРА АРАКЕТ

ӨЗ АРА АРАКЕТ (Взаимодействие) — адамдардын аң сезиминде объективдүү чындыктын предметтери м-н кубулуштарынын, ошондой эле ошол предметтер м-н кубулуштарды чагылдырган ой пикирдин жалпы, текши байланышын туюнткан философиялык түшүнүк. Ө. а. а. — түз же кыйыр, ички же сырткы байланышынын, мамилесинин бир түрүн билдирет. Дайыма кыймыл аракетте болгон материяны караганыбызда — деп белгилейт Ф. Энгельс, өзүнүн «жаратылыштын диалектикасы» аттуу… Калганын окуу »

ӨЗГӨЧӨЛҮКТҮҮ

ӨЗГӨЧӨЛҮКТҮҮ (ОСОБЕННОЕ) — жалпы ж-а жеке категорияларына ылайык келген философиялык категория. Диалектикалык логикада жалпы ж-а жеке бирдиктүүлүктүн карама-каршы аныктамаларга ажыроосунун бир формасы катары каралат. Аларды таанып билүүнүн зарыл шарты болуп бул карама- каршылыктардын биримдигин изилдөө эсептелет. Ө.категориясында жалпылык м-н жекеликтин биримдигинин моменти чагылдырылат. Көп учурда Ө. жалпылык м-н жекечеликтин ортосундагы өтмө звено катары каралат. Мында жалпылык өз көлөмү… Калганын окуу »

ӨЗДҮК АҢ-СЕЗИМ

ӨЗДҮК АҢ-СЕЗИМ (Самосознание) — адамдын өзүн-өзү баалашы, өзүнүн билим деңгээлин, акыл дараметин, жүрүм турумун, кылык-жоругун, мүмкүнчүлүгүн, кызыкчылыгын ж. б. аңдай билиши. Өздүк аң- сезим адамга гана эмес, коомго, социалдык топторго да тиешелүү болот. Адамдын ар-кандай иш-аракети коомдук тажрыйбага таянат. Эмгектенүү учурунда адам өзүн аңдап билет. Аң-сезимдин калыптанышына тилдин тийгизген таасири зор. Ө. а. с. аң-сезимдин туундусу катары пайда… Калганын окуу »

ӨЗДҮК КЫЙМЫЛ

ӨЗДҮК КЫЙМЫЛ (Самодвижение), Өз кыймылы, ички кыймыл, тубаса кыймыл ички карама-каршылыктардын күрөшүнөн келип чыккан табияттагы ж-а коомдогу кыймылды билдирүүчү философиялык категория. Табияттагы, коомдогу бардык кубулуштардын өзгөрүүлөрүнүн негизги себеби кандайдыр бир сырттан болгон күчтүн таасирине байланыштуу болот деген түшүнүккө карама-каршы келген көз караш. Байыркы материалисттер кыймылды жаратылыштын өзүнө таандык касиет катары карап, алардын дайыма биригип ж-а ажырап тура тургандыгын… Калганын окуу »