ӨЗҮН ӨЗҮ БАЙКОО

ӨЗҮН ӨЗҮ БАЙКОО (Самонаблюдение) — психикалык ал-абал; иш аракеттин (аң сезим, ой жүгүртүү) аны өз башынан өткөргөн адам тарабынан байкоого алынышы, иликтениши. Бул ыкма 19- ж-а 20-к-дын башында адамдардын психикасына байкоо, изилдөө жүргүзүүдөгү негизги ыкмалардын бири болсо да, кийинчерээк объективдүү ыкмасынын пайда болушу м-н Ө. ө. б. ыкмасы психологиялык изилдөө ишинде экинчи катардагы кызмат аткаруу м-н, анын, натыйжалары… Калганын окуу »

ӨЗҮН-ӨЗҮ УЮШТУРУУ

ӨЗҮН-ӨЗҮ УЮШТУРУУ (Самоорганизация) натыйжасында үзгүлтүксүз татаал кыймылдагы өнүгүүнүн уюмдашуусу пайда болгон, калыбына келген ж-а өркүндөтүлгөн процесс. Ө. ө. у. процесси өз ара бекем эмес, ыктымалдуу (мүмкүн болгон) тартипте байланышкан жогорку деңгээлдеги татаал түзүлүшкө ж-а көп сандаган элементтерге ээ системада гана болушу мүмкүн. Ө. ө. у. касиети жаратылышта арбын кездешет. Алсак, тирүү клеткалар, биологиялык көбөйүү (таралуу), организм, биогеоценоз, адамдар… Калганын окуу »

ӨЛҮМ

ӨЛҮМ — организмдеги тиричиликтин токтолушу. Ал жашоонун негизин түзгөн белоктордун ажыроосуна байланышат. Кайсы гана организм болбосун, ал өзүнүн жашоосун Ө. м-н аяктайт. Өзүн жараткан себептерге байланыштуу өлүм табигый (физиолог) ж-а мезгилсиз (патологиялык) бөлүп бөлүнөт. Табигый Ө. организмдин картайышынан, ал эми мезгилсиз Ө. ар түрдүү оорулардан, түрдүү кырсыктардан, же өзүн-өзү Ө-гө кыюудан болот. Адам м-н жаныбарлардын Ө-ү дем алуу… Калганын окуу »

ПАРАДОКС

ПАРАДОКС (гр. paradoxos — күтүлбөгөн, таң каларлык) — 1) жалпы кабыл алынган пикирге, ойго дал келбеген, алардан айырмаланган, ал гана тургай карама-каршы келген пикир; 2) күнүмдүк, көндүм элестөөлөргө туура келбеген күтүлбөгөн кубулуш; 3) ой жүгүр-түүнүн логикалык тууралыгынын сакталышын көрсөткөн формалдык логикада ж-а көптүктөрдүн мазмундуу теориясында келип чыккан формалдуу-логикалык карама-каршылык. Байыркы философияда «П.» термини жаңы, оригиналдуу пикирди мүнөздөө үчүн… Калганын окуу »

ПИКИР ЖАНА БИЛИМ

ПИКИР ЖАНА БИЛИМ байыркы гректердин таануу теориясынын категориялары болуп, айрыкча элей мектеби м-н платонизмде көп колдонулган. П. антика философиясында такталбаган, субъективдүү, аныкталган акыйкат билимден айырмалуу билимди түшүндүргөн. Элеаттар рационалдуу таанууга негизделген чындыкты чектейт, ж-а П. нерселердин көрүнүшү м-н гана тааныштыруучу сезим-туюмдук кабыл алууга негизделген деп эсептешкен. Атомисттер атомдор ж-а боштуктар гана болот, П. сезип-туйган кубулуштардын адамга келген «образдардын»… Калганын окуу »

ПРАКРИТИ

ПРАКРИТИ (санскриптчеден жаратылыш) — жаратылыштын материалдуу негизи. Ал дайыма өзгөрүлүп, кыймылдап ж-а өнүгүп турат. Көпчүлүк учурда П. «бүгүн көргөн эртең жок» оомалуу-төкмөлүү жалган дүйнө катары элестетилет. Анткени материалдуу дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок. Ошол себептен П. дүйнөлүк аң-сезим, дүйнөлүк рух болуп саналган, о. эле эч качан өзгөрбөй турган Пурушага карама-каршы түшүнүк болуп саналат. Пракрити м-н пуруша бири-бирине карама-каршы… Калганын окуу »

ПРЕДИКАТ

ПРЕДИКАТ (лат. praedicatum — баяндооч) — традициялуу логикада ой толгоонун (суждение) эки термининин бири. П. сөздүн предметин (субъектти) чагылдырат. 19-к-дын аягына чейин логика илиминде ой жүгүртүүнүн субъектиси эреже катары грамматикалык ээ (подлежащее) м-н тең маанилештирилсе, П. сын атооч формасындагы грамматикалык баяндооч катары колдонулган. Ошентип, баяндоочтун формасы (П- ивдүү байланыш) атрибуттук байланыш м-н чектелген, б. а. предметке (субъектке) мүнөздүү… Калганын окуу »

РУХ

РУХ (дух) (гр. pneuma; лат. spiritus; сөзмө сөз: таза аба, керимсел, дем алуу) — 1) материалдык, жаратылыштык башталмадан айырмаланган заттык эмес башталманы туюндурган философиялык түшүнүк; 2) адамдын эң жогорку жөндөмдүүлүгү; ал адамды ой жүгүртүүгө, өзүн өзү аңдай билүүгө, айлана-чөйрөнү өзүнүн муктаждыктарына ылайык өздөштүрө алуусуна өбөлгө түзүчү булак; андай жөндөмдүүлүк жеке ж-а коомдук турмуштун табигый негизин адеп — ахлактык,… Калганын окуу »

РЕАЛДУУ АБСТРАКЦИЯ

РЕАЛДУУ АБСТРАКЦИЯ — адамдын тиричилигинен келип чыккан белгилүү түрдөгү тажрыйбаны жалпылаштырган схеманын натыйжасы. Мис., ар түрлүү ченемдин системалары, акча, тилдин түзүлүштөрү, укук нормасы. Реалдуу абстракциялар тиричиликтин улам татаалдаштырылган түрлөрүнөн, тарыхый процессте адам тарабынан иштелип чыккан. Алар ар кандай социалдык топтордун ортосунда, этникалык, экономикалык, маданий байланыштардын кеңейишинен пайда болот. Р. а-да адам м-н болгон байланыш, анын жөндөмү, күчү, сапаттары… Калганын окуу »

СЕНЕКА Луций Анней

СЕНЕКА Луций Анней (б. з. 4-65) — Рим философу ж-а жазуучусу, стоицизмдин өкүлдөрүнүн бири. С. адамдагы негизги нерсе — рухий, моралдык касиети, сапаты, чыдамдуулук, камырабастык, боорукерлик, өлүмдөн коркпоо, тышкы жыргалчылыкка ыктабоо деп эсептейт. Кудайдын табияты м-н адамдын жанынын биригиши (ал кул м-н мырзанын ортосунда да болушу мүмкүн) — ойдогудай жыргалчылыкка жетүүнүн негизги шарты. Рухий тең укуктуулукту таануу м-н… Калганын окуу »