СИЛЛОГИЗМ

СИЛЛОГИЗМ (гр. sollogismos — эсептеп, санап чыгуу), эки ойдон үчүнчүсүн — корутундуну чыгаруучу логикалык дедуктивдүү (жалпыдан жекеге келүүчү) ой корутундусу. С-дин негизги жобосу катары төмөнкү төрт тыянак алынат: жалпы ырастоочу («Бардык S — бул Р»), жалпы тануучу («Бир да S — бул Р эмес»), жеке ырастоочу («Айрым S — бул Р»), жеке тануучу («Айрым S — бул Р… Калганын окуу »

СИЛЛОГИСТИКА

СИЛЛОГИСТИКА — субъектилик — предикативдик түзүлүштүн айтымына таянган дедуктивдик тыянак чыгаруунун теориясы: S — бул Р (S — логикалык ээ, же субъект, Р — логикалык баяндооч, же предикат). С-да бир же бир нече айтымдан — көрсөтүлгөн түзүлүштүн өбөлгөлөрүнөн, жаңы айтым — корутунду келип чыгууга тийиш болгон жалпы шарттар аныкталат. Корутунду бир гана өбөлгөдөн келип чыкса, ал түздөн —… Калганын окуу »

СИМВОЛ

СИМВОЛ (гр. symbolon — белги) — илимде (математика, логика, ж. б.) ж-а искусстводо шарттуу белги дегенди туюнтат. Искусстводо көркөм образ түзүү каражаты катары келип, турмуш чындыгын, көрүнүштөрүн кыйыр метафоралык салыштыруулардын жардамы м-н берүүчү эстетикалык универсал категория. Көркөм адабиятта С. троптун бир түрү. Сүрөттөөчү м-н сүрөттөлүүчү нерселердин ортосундагы окшоштукту ачып берүүгө кызмат кылат. Мис., Манас-баатырдыктын, эли-жерин сүйүүнүн, Бакай- даанышмандыктын… Калганын окуу »

СИМВОЛИКАЛЫК ИНТЕРАКЦИОНИЗМ

СИМВОЛИКАЛЫК ИНТЕРАКЦИОНИЗМ (кара: интеракционизм;) — көңүлдүн борборун социалдык карым-катнаштардын символикалык мүнөзүн талдоого топтогон азыркы социологиядагы ж-а социалдык психологиядагы теориялык-методологиялык багыт. С. и-дин өкүлдөрү өз ара карым-катнаштын башкы символикалык «медиуму» болгон тилди талдоого өзгөчө көңүл бурушат. С. и-ди негиздеген — Дж. Г. Мид. С. и. андан сырткары Ч. Кули, Дж. Болдуин, У. Томас (АКШ), ж. б. идеясына таянат. С.… Калганын окуу »

СИММЕТРИЯ

СИММЕТРИЯ (гр. symmetria — өлчөмдөш) — борбордун же ортоңку чийиндин эки жагына жайгашкан бөлүктөрдүн өлчөмүнүн бири-бирине дал келиши, бирдейлиги. Ошондой эле ар-түрдүү нерселердин ж-а кубулуштардын, процесстердин алардын составы, түзүлүшү м-н байланыштуу болгон өзгөчөлүгү. С. көбүнчө геометриялык элементтерге (сызык, чекит, тегиздик) белгиленет. С-нын төмөнкүдөй түрлөрү бар: октуу же аксиаль симметриясы (медуза, флокстун гүлү), тегиздиктеги ж-а октуу же актиноморф С-сы… Калганын окуу »

СИНАПС

СИНАПС (гр. synapsis — байланыш, биригүү) — кыймылдуу абалдагы клеткалардын ортосундагы сигналды өзгөртүү ж-а бири-бирине өткөрүү кызматын аткаруучу атайын байланыштын түрү. Аткарган кызматы боюнча С. козголтуучу (клетканын иштешин күчөтүүчү) ж-а басаңдатуучу болуп экиге бөлүнөт. С. бул синапс жылчыгы м-н бөлүнгөн синапстын учунан ж-а анын тушундагы мембранадан турат. Алардан байланышы химиялык, электрдик же электр-химиялык жол м-н жүрөт. С-тын учуна… Калганын окуу »

СИНЕРГЕТИКА

СИНЕРГЕТИКА — өзүн-өзү уюштуруунун азыркы учурдагы жаңы теориясы. «Баш аламандык м-н тартипке салынуу» (Пригожин) аркылуу калыптануучу процесстерди, убакыттын артка кайтпастыгын, тең салмаксыздыкты изилдөөчү ж-а өзгөрүлмөлүүлүктү, туруксуздукту эволюциялык процесске мүнөздүү негизги көрүнүш катары караган жаңы көз караш. С. философияда мурда калыптанган: илимий теорияларды түзүүдөгү кокустуктардын анча роль ойнобостугу; ири социалдык процесстердин ишке ашышына жеке иш- аракеттин анча таасир эте… Калганын окуу »

СИНТЕЗ

СИНТЕЗ (гр. synthesis — биригүү, айкашуу, түзүлүү) — тажрыйбалык иш-аракеттерде да, таанып-билүү процессинде да, ишке ашырала турган, нерсенин түрдүү жактарынын ж-а элементтеринин (бөлүктөрүнүн) бир бүтүндүккө биригүүсү. Мында С. аны м-н тыгыз байланышта турган анализге (нерсени аны түзүүчүлөргө ажыратуу) карама-каршы келет. Жалпысынан алганда, С. жеке гана адамдардын ишмердигинин негизине тиешелүү болбостон, өзүнүн элементардык формаларында жаныбарлардын жүрүм- турумун да аныктайт,… Калганын окуу »

СИСТЕМА

СИСТЕМА (гр. sistema — бөлүктөрдөн куралган бүтүн нерсе, биримдик) — бири-бири м-н өз ара байланышып турган элементтердин (бөлүкчөлөрдүн) белгилүү бир бүтүндүктү, биримдикти түзгөн жыйындысы. С. түшүнүгү узак тарыхый өнүгүш мезгилинде кыйла өзгөрүүлөргө учуроо м-н, 20-к. жарымынан баштап негизги филос.-методологиялык ж-а атайын илимий түшүнүктөрдүн биринен болуп калды. Азыркы учурда С. конструкциялоо ж-а изилдөө иштери м-н байланышып, кибернетикада, системалык техникада,… Калганын окуу »

СИСТЕМАЛЫК МАМИЛЕ

СИСТЕМАЛЫК МАМИЛЕ, Ырааттуу байланыш мамилеси (гр. бөлүктөрдөн түзүлгөн, бириктирилген) изилденүүчү нерсени (объект) белгилүү бир ыраатта (системада) караган атайын — илимий таанып-билүүнүн ж-а социалдык турмуштун методологиялык багыты. С. м. адатта, өз ара бири-бири м-н байланышкан элементтердин биримдиги ж-а бүтүндүгү түшүндүрүлөт, белгилүү структурага ээ. С. түшүнүгү антикалык доордо ой жүгүртүү ж-а билимди уюштуруунун жалпы принциптеринде философиялык изденүүлөр катары пайда болгон.… Калганын окуу »